Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
12,721 Бардыгы / Мусулмандар үчүн ыйык айларынын бири Орозо айы да аяктап бара жатат. Бул айда кадыр түндү качан тосуш керек, фитир садака деген эмне, айт күнү кайсы күнгө белгиленгендиги жөнүндө Жалал-Абад облусунун казысы Нематтулла ажы Жээнбеков менен маек курдук. -Айтсаңыз Кадыр түн деген эмне, аны качан тосуш керек? –Баарыздардын орозоңуздар кабыл болсун. Буюрса мусулмандардын парызы болгон […]
12,722 Бардыгы / Мусулмандар үчүн ыйык айларынын бири Орозо айы да аяктап бара жатат. Бул айда кадыр түндү качан тосуш керек, фитир садака деген эмне, айт күнү кайсы күнгө белгиленгендиги жөнүндө Жалал-Абад облусунун казысы Нематтулла ажы Жээнбеков менен маек курдук. -Айтсаңыз Кадыр түн деген эмне, аны качан тосуш керек? –Баарыздардын орозоңуздар кабыл болсун. Буюрса мусулмандардын парызы болгон […]
Нематтулла ажы ЖЭЭНБЕКОВ: “ФИТИР-САДАГАНЫ ӨЗ ДАРЕГИНЕ БЕРИШИБИЗ КЕРЕК”
10.05.2021 / Автор anarkan_kg

12,723 Бардыгы /
Мусулмандар үчүн ыйык айларынын бири Орозо айы да аяктап бара жатат. Бул айда кадыр түндү качан тосуш керек, фитир садака деген эмне, айт күнү кайсы күнгө белгиленгендиги жөнүндө Жалал-Абад облусунун казысы Нематтулла ажы Жээнбеков менен маек курдук.
-Айтсаңыз Кадыр түн деген эмне, аны качан тосуш керек?
–Баарыздардын орозоңуздар кабыл болсун. Буюрса мусулмандардын парызы болгон жылына бир келүүчү Орозо айыбыз да аяктап бара жатат. Орозо айын эң улуу ай деп айтабыз. Себеби бул айда мусулмандар үчүн көптөгөн соопторду табабыз. Кунөөлөрүбүздүн кечиришин Жарткандан суранабыз. Дагы бир мүмкүнчүлүк ушул айда Кадыр түн деген бар. Кадыр түн боюнча кеп кура турган болсок пайгамбарыбыз айткандай 1 хадисте акыркы 10 күндө деген, ал эми дагы бир хадисте Орозо айынын акыркы он күндүктүн так күндөрү делген, ал эми башка хадисте орозонун 27 күнү деп айтылган.
–Быйылкы жылы айт күнү кайсы күнгө белгиленди? Ажылык сапар кандай болууда?
-Быйыл Орозо айт майрамы 13-май күнү болот. Азыркы учурда айт намазы Жалал-Абадда окулушу күтүлүп жатат, себеби бизде буга чейин мечиттерде жума намаздар окулуп жаткан, ошондуктан айт намазы окулуш керек дейм. Иншаллах буйруса окулуп калышын Аллахтан тилейбиз. Быйылкы жылдагы ажылык сапары боюнча айта кетсем буга чейин Умрага жол ачылып ПЦР анализи менен бара турган болгон, бирок андан кийин оору күчөп кеткендиктен азыр эч кандай катталуу жок. Ал эми чоң ажылык сапарга эгерде быйыл жаңы барам дегендер болсо, анда алар тилекке каршы бара албайт. Азыркы дүйнө элинин башынан келген абалды түшүнүп турабыз. Себеби былтыркы катталуучулар акчасын төгүшкөн, бирок али барыша элек, ал азыркыга чейин так билине элек. Бара турган болуп калса, анда былтыркы катталуучулар барышат.
–Орозо фитирди чек ара чырынан жапа чеккен Баткен элине бериш керек деген ойлор айтылып жатат. Сиз буга эмне дейт элеңиз?
-Бул негизинен ар бир тирүү жандын садакасы. Ал садака негизинен жашоодо кыйналган, тамак аш, кийим кечектен жетишпеген адамдарга берилет. Быйыл садака фитирдин суммасы 40 сом болду. Быйыл Баткенде кырдаал кайгылуу болгондуктан эл арасында быйылкы садака фитирди аларга жардам катары берели деген ойлор болуп жатат. Бирок ар бир адамдын садака бере турган адамы бар, эгер Баткендеги жабыркагандарга жардам беребиз десек, анда чын ихласыбыз менен өз алдынча жардам беришибиз керек. Шарияттан алып караганда бул садаканын түздөн-түз дареги бар. Садаканы кимге берилери ачык жазылган, ал түздөн-түз өз дарегине жетип барышы керек. Ал эми Баткенге келе турган болсок, азыркы учурда деле алардын кээ бири жакшы жашайт, кээ бири жаман, кээ бири өтө начар акыбалда калгандары да бар. Биз садака фитирди аларга берсек, бул садака бергендикке жатпай калат. Ошондуктан Баткен менен сакада фитирди аралаштырбай эле койсок жакшы болмок. Колубуздан келеби жок дегенде 100 сом болсо да Баткенге жардам деп берип койсок болот, бирок садаканы өзүнчө беришибиз керек.
–Орозо айт менен Курбан айттын айырмасын айта кетсеңиз.
-Орозо айт бул 30 күн орозо туткандыгыбыздын жыйындысынын майрамы болуп эсептелинет. Ал эми Курбан айт орозо айттан 72 күн өткөндөн кийин келе турган майрам. Башкача айтканда биздин ажыларыбыз ажылыкка бара турган убак болот. Курбан айтта курбандык чалабыз, ал эми Орозо айтта курбандык чалынбайт.
–Орозонун башталышында деле, бүтүшүндө деле “Арапа майрамыңыз менен”- деп айтып келебиз. Ушул нерсе туурабы?
-Арапа деген сөз орозонун башталышына дагы, аягына да такыр тиешеси жок. Бул орозодо шектик бар. Шектик деген бул шектенүү, “Ай бүгүн чыгып калабы же эртен чыгып калабы?”- деген сөз. Ошон үчүн элдер айтышат бүгүн шектик дешип. Курбан айттын башталышы арапа деп эсептелинет. Себеби ажылыкка барганда айт күнүнө бир күн калганда арафага турушат. Ошондон айт майрамына бир күн калганда “Арапа” деп айтылып калган.
Маегиңиз үчүн чоң рахмат?
Сталбек КАРАСАРТОВ, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
19.05.2026 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨДӨ АКЫРКЫ КОҢГУРОО МАЙРАМЫ 29-МАЙДА ӨТӨТ
-
-
18.05.2026 / Автор anarkan_kg ӨРМӨКТӨГҮ ӨМҮРЛӨР
-
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg АТАЙЫН РОТАНЫН БЕШ АЙЫНЫН ЖЫЙНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫЛЫК УЛАН АЗИЯ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.