Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
1,972 Бардыгы / Мен “согуш балдары” атангандардын бири экенмин. 88 жаш курагымда өмүрүмө сереп салып кейиштүү да, кубанычтуу да учурларымды эстеп отурган чагым. Менин байкем Төрөмамат (көбүнчө Төкө дечүбүз)1942-жылы 18-февралда Уулу Ата Мекендик согушка аттанып кеткен. Агамын бир катында «иним Кенжебай 1-класска барып жүрөбү» деп жазган экен, көрсө ошол каты акыркысы болуп, 20 жашында курман болуптур. […]
1,973 Бардыгы / Мен “согуш балдары” атангандардын бири экенмин. 88 жаш курагымда өмүрүмө сереп салып кейиштүү да, кубанычтуу да учурларымды эстеп отурган чагым. Менин байкем Төрөмамат (көбүнчө Төкө дечүбүз)1942-жылы 18-февралда Уулу Ата Мекендик согушка аттанып кеткен. Агамын бир катында «иним Кенжебай 1-класска барып жүрөбү» деп жазган экен, көрсө ошол каты акыркысы болуп, 20 жашында курман болуптур. […]
“СОГУШ БАЛДАРЫ”
10.05.2021 / Автор anarkan_kg

1,974 Бардыгы /
Мен “согуш балдары” атангандардын бири экенмин. 88 жаш курагымда өмүрүмө сереп салып кейиштүү да, кубанычтуу да учурларымды эстеп отурган чагым.
Менин байкем Төрөмамат (көбүнчө Төкө дечүбүз)1942-жылы 18-февралда Уулу Ата Мекендик согушка аттанып кеткен. Агамын бир катында «иним Кенжебай 1-класска барып жүрөбү» деп жазган экен, көрсө ошол каты акыркысы болуп, 20 жашында курман болуптур. Ата-энемден 10 жашымда айрылып, жетимдиктин турмушун көрдүм. Кара жумушка кичинемден баштап талаадан куурай-тезек терчүмүн. Ошол учурда эл арасында жакырчылык башталып жапайы буурчак, кант кызылчасы, башкача айтканда жегенге боло турган бардык нерселерди жеген күндөр болгон. Сабактан кийин колхозго да жардам берчүбүз. Николай Шаронин деген бала экөөбүз кызылчага культивация салып иштеп жүрдүк. 7-классты бүткөн соң Жалал-Абад шаарындагы кыргыз орто мектебине кирдим. Жакшы жери жатак мектеп болгондуктан окуучулар тамак-аш; кийим-кече, жатакана менен мамлекет тарабынан камсыз болчу. Бизди мыкты мугалимдер окутушчу. Ошол убактагы окуучулар ынтызарлык менен окушат эле. Сабактан кийин колхозго пахта терүүгө жардамдашчубуз. Орто мектепти бүткөн соң ар бирибиз ар башка жогорку окуу жайларына кирип түрдүү кесиптерге ээ болдук. Айта кетсем: Т.Молдобаев акын, С. Далбаев артист, Б. Матисаков, К. Ташиев, У. Каримов мугалим, Б.Каипов теле режиссёр болду, Ш. Кубатов, М.Арыкбаев, Т. Кабылов, М. Абдыкадыров, О. Тургунбаев, К. Кожоназаров жана мен дарыгерлик кесибин аркаладык. Аталган адистер элге таза кызмат өтөдүк. Кеңеш өкмөтүнүн жоюлуп кетүүсү өтө кейиштүү болду.
«Согуш балдары» Ч.Айтматов, Б.Жакиев, М. Байжиев жана миң деген кыргыз жарандары элге ак кызмат өтөштү. Мага дагы «Согуш балдарына» арнап чыгарылган төш белгисин берип кетишти. Союзга кирген бардык республикалардын «Согуш балдары» аталгандардын тагдыры бирдей болгон. Согуштун кесепетинен биз көргөн азап-тозокторду биздин балдар, небере-чеберелер көрбөсө экен деген ой-тилек, үмүт менен жашап келем.
Замандаштарымдын баарына жакшылыктарды тилейм, бар болушсун
Азыркы жаштарга айтарым терең билимдүү, акылдуу, жакшы адамдардан болгула!
Караңгылыктан качкыла! Өлкөбүздүн өнүгүшүнө бардык мүмкүнчүлүгүңөрдү жумшагыла.
Кенжебай ИСМАЕВ, Сузак району Октябрь айылы
29.04.2021 жыл
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.06.2026 / Автор anarkan_kg ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
-
22.06.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫДАН АСФАЛЬТ ТӨШӨЛГӨН КУРОРТ КӨЧӨСҮ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
31.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.