Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,464 Бардыгы / БАТКЕН. Кечээ, 9-майда ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Ички иштер министри Баткен облусунда коомдук тартипти сактоо ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолукту.Иш сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн […]
2,465 Бардыгы / БАТКЕН. Кечээ, 9-майда ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Ички иштер министри Баткен облусунда коомдук тартипти сактоо ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолукту.Иш сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн […]
УЛАН НИЯЗБЕКОВ БАТКЕН ОБЛУСУНА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАРДЫ
10.05.2021 / Автор anarkan_kg

2,466 Бардыгы /
БАТКЕН. Кечээ, 9-майда ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Ички иштер министри Баткен облусунда коомдук тартипти сактоо ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолукту.
Иш сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышты жана тез арада курулушту аяктоо керектигин тапшырды. Андан соң аталган айылдын аймагында жайгашкан “Головной ”суу бөлүштүрүүчү жайына барды. Аталган жайда аскерлери менен күзөттө турган ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов министрди
тосуп алып, аталган суу башындагы абал тууралуу толук баяндама берди. Андан соң министр ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен жолугуп, кызмат өтөөнүн шарттары, жашоо турмушу менен жеринен таанышты. Мындагы коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл бөлүү менен бирге стратегиялык обьектиге керектүү аскердик заманбап
материалдык-техникалык жардамдар бериле тургандыгын айтты.
Министр суу башынан чыгып, Көк-Таш айылынын жашоочулары жана бул айылда коомдук тартипти камсыз кылып кайгуулда жүрүшкөн милиция кызматкерлери менен жолугуп, бардык коомдук тартипти сактоо багытындагы маселелер колго алынып жаткандыгын жана ал маселелер чечиле тургандыгын белгиледи.
Улан Ниязбеков Баткен облусуна болгон иш сапарында бардык
кызматкерлердин күчөтүлгөн режимдеги кызмат өтөөсү, атайын бекитилген айылдардагы посттор, жол боюна коюлган блок-посттор, аларга түзүлгөн шарттар жана эл арасындагы жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштери, коомдук тартипти сактоодогу ыктыярдуу элдик кошундар менен биргеликте жүргүзүп жаткан ишмердүүлүк менен кеңири таанышты. Эң негизгиси күчөтүлгөн тартипте ишмердүүлүктү улантуу боюнча кошумча тапшырмаларды берди.
Баткен облусунун Баткен районундагы Аксай, Көк-Таш айылдарында жана “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында, Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Интернационал, Арка, Жаштык, Борбордук айылдарында жергиликтүү эл менен жана ушул жакта кызмат өтөп жатышкан милиция, ички аскерлердин аскер кызматчылары менен жолугушту.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов Баткен районунун аймагында Тажикстандын ИИМдин Согди облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, милициянын генерал-
майору Абдулло Навджувонов жана Исфара ШИИБнын начальниги, милициянын полковниги Фердаус Шамадзаде менен дагы жолукту. Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусундагы чек арага чектеш аймактарда абалды турукташтыруу, коомдук тартипти жөнгө салуу, ар кандай тартип бузууларга жол бербөө, коомдук тартипти биргелешип сактоо, жарандардын коопсуздугун сактоодо кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн
уюштуруу, ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо маселелери боюнча пикир алышып, коомдук тартипти камсыздоону күчөтүү максатында өз ара макулдашууларга жетишишти.
Учурда абал туруктуу. Баткен облусундагы абал толугу менен көзөмөлгө алынып, 52 ыкчам-тергөө топтору бардык талкаланган жайларды карап чыгууну аяктап, келтирилген чыгымдардын да эсебин тактоого киришти. Ал эми милиция менен ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрүнүн коомдук тартипти сактоо багытында биргелешкен кайгуул топтору өз ишмердүүлүгун
улантууда.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
19.05.2026 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨДӨ АКЫРКЫ КОҢГУРОО МАЙРАМЫ 29-МАЙДА ӨТӨТ
-
-
18.05.2026 / Автор anarkan_kg ӨРМӨКТӨГҮ ӨМҮРЛӨР
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТА 10 МИҢ 316 ОКУУЧУ ОРТО МЕКТЕПТИ АЯКТАДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.