Аймак

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ АБДИКАРИМ АЛИМБАЕВ: “АР БИРИБИЗДИН АЛДЫБЫЗДА АЙМАКТЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО, СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН ӨНҮКТҮРҮҮ, ЭЛИНИН БАКУБАТ ЖАШООСУН КАМСЫЗ КЫЛУУ МИЛДЕТИ ТУРАТ”

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ АБДИКАРИМ АЛИМБАЕВ: “АР БИРИБИЗДИН АЛДЫБЫЗДА АЙМАКТЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО, СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН ӨНҮКТҮРҮҮ, ЭЛИНИН БАКУБАТ ЖАШООСУН КАМСЫЗ КЫЛУУ МИЛДЕТИ ТУРАТ”

 1,803 Бардыгы /

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жердештерине кайрылуусу

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Баткен облусунун тургундары!

Биз баарыбыз эң оор жана жооптуу күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз.

 Чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечебиз деген ой-тилектерибиз орундалбай, тескерисинче, куралдуу кагылышуулар орун алып, 36 жараныбыздан айрылдык. Дагы 190 адам жаракат алды. Жүздөгөн жарандарыбыз турак жайсыз калып, бир катар социалдык обьекттер жараксыз абалга кептелди.

Мекен чегин коргойм деп окко учкан баатырларыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Алардын жакындарына сабыр тилейм, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Урматтуу кең пейилдүү, сабырдуу, баткендик бир туугандарым!

Эң негизгиси эки тарап бир пикирге келип, тынчтыкты сактап калдык. Учурда кырдаал турукташууда.  Куралдуу кагылышуулар токтоду. Урматтуу Президентибиз Садыр Жапаров  Баткен жергесиндеги кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, жабыр тарткан аймактарга атайын иш сапары менен келди. Аймактарда калыбына келтирүү жумуштары кыска аралыкта бүтөөрүн,  тийишүү каражаттар жетиштүү бөлүнөөрүн жана жабыр тарткан адамдардын баарына тең камкордуктар көрүлөөрүн айтты. Ошондой эле  каза болгон мекендештерибиздин үй-бүлөлөрүнө, мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн айтты.  Баткен өрөөнүнө жакынкы арада өзгөчө статус берилип, чек ара маселелери ыкчам чечилээри боюнча да Президентибиз Садыр Нургожоевич, Баткенге болгон иш сапарында кеңири токтолду. Буюрса баары ордуна келет. Буюрса Баткен облусуна мамлекет тарабынан зор колдоолор болот.

Мен Баткен облусунун башчысы катары кызматка дайындалышымды, чоң жоопкерчилик деп кабыл алдым. Алдыда Сиздер менен тыгыз байланышта болуп, аймактын көйгөйлөрүн чечүү, ар тараптуу өнүктүрүүгө болгон күч аракетти жумшайбыз!

Ыйык Рамазан айында баарыңыздарды сабырдуулукка жана бир болууга чакырам. Учурдан пайдаланып, Баткен элинин оор кайгысын тең бөлүшүп, жардам колун сунган ар бир кыргызстандыктарга жана эл аралык коомчулукка чын дилден ыраазычылык билдирем.

Урматтуу  мекенди коргоочулар!

Жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер, офицерлер!

Учурдан пайдаланып өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, коопсуздугун сактоодо жана ар тараптуу өнүгүүсүндө, сиздердин эмгегиңиздерди баалагым келет. Өзгөчө эки өлкө менен чектеш жайгашкан Баткен облусунун  азаматтары, чыныгы мекенчилдик, эркттүүлүк, тайманбастык сапаттарга ээ экенин баса белгилейм.

“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген улуу сөз, такталбаган чек арада кызмат өтөгөн сиздерге гана таандык.  Ар бириңиздердин аракетиңиздер, Кыргызстан элинин бүтүндүгүн сактап, мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган деп ишенем.

Урматтуу облусубуздун калайык калкы!

Азыркы тапта биздин алдыбыздагы негизги максат, аймактагы кырдаалды толук турукташтыруу.Коомдук коопсуздукту камсыздоо. Анткени тынчтык, туруктуулук бар жерде, өнүгүү болот. Эл менен тыгыз байланышта болуу, маселелерди жеринде чечүүгө өзгөчө маани берилет. Облустагы бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине, кызматкерлерине өзгөчө тартип талап кылынат.Жергиликтүү бийликтин ишин илгерилетүүдө, ар бир кызматкердин өз ишине болгон жоопкерчилиги маанилүү. Баткен облусу эки мамлекет менен чектешкен стратегиялык аймак. Баткенде кызмат өтөө башка аймактарга салыштырмалуу өтө жооптуу жана сыймыктуу.

Ар бирибиздин алдыбызда аймактын коопсуздугун камсыздоо, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, элинин бакубат жашоосун камсыз кылуу милдети турат.  Ошол эле учурда элибизди, бир муштумга түйүлүп, бардык маселелерди биргеликте, макулдашуу менен чечүүгө чакырам.  Буюрса Баткен облусуна мамлекет тарабынан зор колдоолор болот. Жергебизде тынчтык,элибизде ынтымак болсун!

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ КУРАЛДУУ КАГЫЛЫШУУ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРГА ЖУМУШЧУ САПАРЫН УЛАНТУУДА

БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдикарим АЛИМБАЕВ Баткен районунун Ак-Татыр Айыл Өкмөтүнүн эли менен жолугушту. Кездешүү адегенде Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган каргашалуу окуядан каза тапкан жарандарга багыштап куран окуу менен башталды.

Кездешүүгө бардык облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жарандардын бардык суроолоруна жеринде жооп кайтарышты. Жергиликтүү тургундар чек арадагы куралдуу кагылышуудан улам жараксыз абалга кептелген турак үйлөрүн калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү суранышты. Белгилей кетсек, аталган аймактын Көк-Терек айылында 18 турак үй толугу менен өрттөнгөн.Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдикарим АЛИМБАЕВ Кыргызстандын Президентинин Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын Өкүлү дайындалгандыгын, бул өңүттө атайын мамлекеттик Программа жүзөгө ашырылаарын,  ар бир турак жай, социалдык обьекттер кайра курулуп, ондоп түзөө жумуштары жасалып, калыбына келтирилээрин ачыктады.

Ошондой эле Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан жапа чеккен жарандардын документтештирүү иштерин тездетүү, жеринде барып, жергиликтүү тургундарга жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырма берди.

ЭВАКУАЦИЯЛАНГАН ЖАРАНДАР ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТАРЫЛДЫ

БАТКЕН. Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн облустук штабдын чечимине ылайык Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардан улам коопсуз жайга чыгарылган  тургундар үчүн атайын транспорттор уюштурулуп,  үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Баткен шаарында тогуз жерде  жайгаштырылган Баткен районунун жарандары менен Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугушуп, учурда абал турукташкандыгын, чек ара аймактарында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткандыгын айтып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп аткандыгын, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулуп даярдалганын билдирди. Ушул тапта аймакта калыбына келтирүү жумуштары башталган, биринчи кезекте жарандарды турак жай менен камсыздоо аракеттери жүрүп жатат.

Белгилей кетээрибиз, 28-29-апрелде болгон чек арадагы чырдан Баткен  облусунда акыркы такталган маалыматтар боюнча 40 649 адам көчүрүлгөн болсо, анын 16147 аялдар, 23931 балдар. Ал эми Баткен району боюнча 14361 жаран, Лейлек району боюнча 26288 адам эвакуацияланган эле.

ЧЕК АРАДАГЫ ОКУЯДА КАЗА ТАПКАН ЖАРАНДАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРҮ ҮЧҮН 36 ТУРАК ҮЙДҮН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

БАТКЕН. Кыргыз Респаубликасынын Президенти Садыр Жапаровдун, 28-29-апрель күндөрү, чек арадагы куралдуу кагылышууда каза тапкан 36 жарандын үй-бүлөлөрүн  ар тараптуу колдоо боюнча демилгесинин алкагында Баткен шаарында 36 турак үйдун курулушу башталды.

Аталган турак үйдүн капсула салуу аземине Кыргыз Респаубликасынын ПрезидентининБаткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдикарим Алимбаев, «Ихлас» курулуш компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле чек арадагы окуяда каза болгон жарандардын жакындары катышты. 

Курулуш үчүн шаардык мэрия тарабынан Чет-Булак кварталынан эки гектар жер ажыратылды. Төрт бөлмөлүү ар бир үйдө жашоо үчүн бардык шарттар жана короосу үчүн 6 сотыхтан жер каралган. Аймакка бала бакча жана сейил бак да курулат.  Турак үйдүн курулушу ата мекендик  «Каганат» инвест холдингинин «Ихлас» курулуш компаниясы   тарабынан башталды. Курулуш иштерин эки ай аралыгында бүткөрүү пландалды.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЙНООЛОРДУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА УЛУТТУК БОРБОР БАРЫМТАГА АЛЫНГАН КЫРГЫЗСТАНДЫК ТУТКУНДАРГА КАРАТА КЫЙНООЛОРДУ КОЛДОНУУ ФАКТЫСЫН АНЫКТАДЫ

БИШКЕК. Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков Ттажикстан тарабынан барымтага алынган кыргызстандыктар менен жолугушуунун жыйынтыгында туткундагыларга карата кыйноолор колдонулгандыгын тастыктады.

         Ушул тапта Исфанадагы райондук ооруканада жаткан бейтаптар Стамбул протоколунун жол-жобосунан өтүп жатышат.

– 7-майда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор тарабынан 29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуялар учурунда барымтага алынган Кыргыз жарандарын Стамбул протоколдорун толтуруу жол-жобосунан өткөрүп баштады. Стамбул протоколунун жол-жобосу тууралуу жарандар менен түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ага чейин эле барымтага алынгандар ырайымсыз мамилеге жана кыйноолорго туш болгондугун айтууга болот, – деп түшүндүрдү Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков.

Ошентип, толтурулган протоколдор Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор тарабынан Кыргызстандын Башкы прокуратурасына кошумча кат менен коштолуп берилет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17