Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
901 Бардыгы / 11-май күнү кечинде Шинжаңда кармалып турган жакындарын бошотуу талабы менен 93 күндөн бери Кытайдын Алматыдагы элчилигинин алдында пикеттерди өткөрүп келаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу акция катышуучуларынын бири Байболат Кунболатулы билдирди. Анын айтымында, бир нече киши полиция бөлүмүнө жеткирилди. — Биз адаттагыдай эле Кытай элчилигинин алдында пикет өткөрүп, ал жерден түз эфирге чыкканбыз. Андан […]
902 Бардыгы / 11-май күнү кечинде Шинжаңда кармалып турган жакындарын бошотуу талабы менен 93 күндөн бери Кытайдын Алматыдагы элчилигинин алдында пикеттерди өткөрүп келаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу акция катышуучуларынын бири Байболат Кунболатулы билдирди. Анын айтымында, бир нече киши полиция бөлүмүнө жеткирилди. — Биз адаттагыдай эле Кытай элчилигинин алдында пикет өткөрүп, ал жерден түз эфирге чыкканбыз. Андан […]
93 КҮНДӨН БЕРИ КЫТАЙДЫН АЛМАТЫДАГЫ КОНСУЛДУГУНУН АЛДЫНДА АКЦИЯ ӨТКӨРҮП ЖАТКАН ЖАРАНДАР КАРМАЛДЫ
12.05.2021 / Автор orozalieva

903 Бардыгы /
11-май күнү кечинде Шинжаңда кармалып турган жакындарын бошотуу талабы менен 93 күндөн бери Кытайдын Алматыдагы элчилигинин алдында пикеттерди өткөрүп келаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу акция катышуучуларынын бири Байболат Кунболатулы билдирди.
Анын айтымында, бир нече киши полиция бөлүмүнө жеткирилди.
— Биз адаттагыдай эле Кытай элчилигинин алдында пикет өткөрүп, ал жерден түз эфирге чыкканбыз. Андан соң Кытай банкына бардык. Биз кеткенден кийин үч кишини — Акикат Калиоллаулыны, Нурзат Ермекбайкызын жана Гульпи Казыбеккызын кармап кетишти. Банктын жанынан Женис Зарканулы кармалды. Андан кийин Sinooil деп аталган кытайлык компаниянын май куюучу жайына барып, түз эфирге чыктым. Биз тарап жатканда полиция кызматкерлери курчап, телефонумду алып коюшту. Мени менен бирге Альмахан Мырзанкызы, Турсынгуль Нуракай, Халида Акытканкызы жана Бикамал Какенкызы кармалды, — деди Кунболатулы.
Анын айтымында, полиция кызматкерлери Кытай элчилигинин алдындагы пикеттер тууралуу суроо беришкен.
— Мага 5-апрелде жана 7-майда тартылган видеолорду көрсөтүп, алгач элчилик алдындагы акция катышуучулары менен сүйлөшкөнүмдү, кийин өзүм пикетке чыкканымды айтышты. Биз бул боюнча талашып кеттик. Мени себептерин түшүндүрбөстөн эле бир нече саат кармап турушту. Мен протоколго кол койгон жокмун. Кечки 9дан кийин эртең кел деп бошотушту.
Ал полиция кызматкерлеринин бул кылганын аларды коркутуу аракети деп эсептей турганын кошумчалады.
Шинжаңда камакта отурганын бир тууганын бошотууну талап кылган Байболат Кунболатулы буга чейин «тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу» айыбы менен 10 суткага административдик камакта отуруп чыккан.
«Азаттыктын» казак кызматынын маалыматына караганда, 11-майда кармалган дагы бир акция катышуучусу — Турсынгуль Нуракай да бошотулду. Башка кармалгандар тууралуу маалымат жок, алардын телефондору өчүк болууда.
Пикет катышуучулары кармалганын укук коргоочулар Бакытжан Торегожина менен Ерлан Калиев да билдиришти. Алардын айтымында, акция катышуучулары Медеу жана Алмалы райондук полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.
Казакстанда жарандар тобу 93 күндөн бери Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чогулуп, Шинжаңда жакындары мыйзамсыз камакка алынып же күч менен кармалып турганын айтып, алардын бошотулушун талап кылып келишет.
Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү атайын ”лагерлерде” негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы «лагерлерде» бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Айрым маалыматтар боюнча камактагылар өз дининен, маданиятынан жана тилинен баш тартууга мажбурланышат.
Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизмге, терроризмге каршы күрөштүн алкагындагы “тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар” катары сыпаттайт жана куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.
Казак бийлиги өлкө экономикалык жактан көз каранды болгон Кытайдын саясатын ачык сынга алуудан карманып, Шинжаңда кармалып турган адамдардын жакындарынын кайрылуулары «дипломатиялык каналдар боюнча» каралып жатканын билдирип келет.
WWW.
Автор orozalieva
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
17.02.2026 / Автор anarkan_kg БШК №13 ОКРУГДАГЫ ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ ШАЙЛОО КҮРӨӨСҮН КАЙТАРЫП БЕРЕТ
-
17.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЕСТИВАЛЬ ӨТТҮ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 587,7 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg Тема: СУУНУН ҮЧ АБАЛЫ (суу, муз, буу)
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.