Өлкө аймактары менен кубаттуу
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
868 Бардыгы / “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык укук коргоо уюму “Инстаграмдагы” Qaznews24 баракчасына сатиралык материал жарыялаган Темирлан Енсебекти коргоп чыкты. Темирлан Енсебек азырынча Кылмыш кодексинин “жалган маалымат таратуу” беренеси боюнча күбө катары өтүүдө. Тергөө амалдары жүрүүдө. Уюм “Твиттердеги” аккаунтунда Казакстан бийлигин “сөз эркиндигин сыйлоого” чакырды. “Юмор кылмыш эмес!”— деп айтылат твитте. 15-майда Темирлан Енсебектин үйүнө […]
869 Бардыгы / “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык укук коргоо уюму “Инстаграмдагы” Qaznews24 баракчасына сатиралык материал жарыялаган Темирлан Енсебекти коргоп чыкты. Темирлан Енсебек азырынча Кылмыш кодексинин “жалган маалымат таратуу” беренеси боюнча күбө катары өтүүдө. Тергөө амалдары жүрүүдө. Уюм “Твиттердеги” аккаунтунда Казакстан бийлигин “сөз эркиндигин сыйлоого” чакырды. “Юмор кылмыш эмес!”— деп айтылат твитте. 15-майда Темирлан Енсебектин үйүнө […]
“ЧЕК АРАСЫЗ КАБАРЧЫЛАР” КАЗАКСТАНДЫК БЛОГЕРДИ КОЛДОДУ
18.05.2021 / Автор aymak870 Бардыгы /
“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык укук коргоо уюму “Инстаграмдагы” Qaznews24 баракчасына сатиралык материал жарыялаган Темирлан Енсебекти коргоп чыкты.
Темирлан Енсебек азырынча Кылмыш кодексинин “жалган маалымат таратуу” беренеси боюнча күбө катары өтүүдө. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Уюм “Твиттердеги” аккаунтунда Казакстан бийлигин “сөз эркиндигин сыйлоого” чакырды. “Юмор кылмыш эмес!”— деп айтылат твитте.
15-майда Темирлан Енсебектин үйүнө полиция келип, тинтип, анын телефонун, ноутбугун, компьютерин конфискациялаган.
Тергөөчүлөр Темирлан Енсебектин “Инстаграмдагы” Qaznews24 баракчасындагы сатиралык постун “жалган маалымат” деп эсептешет.
Бир постунда блогер Казакстандын дин иштери боюнча башкармалыгына “Нурсултан Назарбаевге Кудай макамын ыйгарып, аны Конституцияга киргизүүнү” сунуш кылган.
Полиция Енсебектин үйүн тинтип чыккандан кийин аны кармап, ички иштер бөлүмүнө жеткирген. Тергөө беш саатка созулуп, андан соң блогер бошотулган.
Енсебекти казакстандык “Адил сөз” уюму да колдоду. Уюмдун билдирүүсүндө “жалган маалымат таратуу” беренеси сатира менен юморго эч кандай тиешеси жок экени, сатиралык материалдар коомдук коркунуч жаратпай турганы айтылган.
Эгер блогер “жалган маалымат таратуу” беренеси боюнча айыптуу деп табылса, беш миң айлык эсептик көрсөткүчтө айып пулга жыгылып же түзөтүү жумуштарына тартылып, болбосо беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
www.
Автор aymak
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
-
-
11.12.2023 / Автор anarkan_kg КАДАМЖАЙДА МАЙЫП КИШИНИ САБАГАН ЖАРАН ЖУМУШУНАН БОШОТУЛДУ
-
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.