Аймак

ШАЙЛООЛОРДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ. БШК ПАРТИЯЛАРГА КҮРӨӨНҮ ЭМИ КАЙТАРБАЙТ

ШАЙЛООЛОРДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ. БШК ПАРТИЯЛАРГА КҮРӨӨНҮ ЭМИ КАЙТАРБАЙТ

 933 Бардыгы /

БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы шаарлардагы шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган партияларга акчалай күрөөсүн кайтарбайт. Бул жөнүндө тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов ачыктады.

Анын айтымында, мыйзам боюнча эгер шайлоонун жыйынтыгы сот жана БШКнын чечими менен жокко чыгарылса, күрөө ээлерине – партияларга кайтарылбайт. Ошондой эле БШК өкүлү Абдыжапар Бекматов иш-аракети шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон талапкер кийинки шайлоого катыша албастыгын дагы кошумчалады. Бирок, партия катышат.

  • Биз ушул тапта кийинки шайлоого катыша албай турган

талапкерлердин так фамилияларын атай албайбыз. Айрым учурларды БШК дагы такташтырып жатат, айрымдарын – укук коргоо органдары терең териштирет, – деди БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Мындан ташкары Абдыжапар Бекматов БШКнын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу тууралуу чечиминен кийин гана бир айдын аралыгында Президент кайталап шайлоону дайындашы керек деп айтты.  Ошол учурдан баштап БШК 40 күндүн аралыгында кайра шайлоо өткөрөт.

Эскерте кетчү жагдай: БШК Токмок шаарында жергиликтүү Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мындан тышкары АШК Бишкек жана Ош шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгын дагы тааныган жок.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17