Аймак

ОШТО НАРКЫ 20 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫ ЧАПЧЫГАН МАҢЗАТ ТАБЫЛДЫ

ОШТО НАРКЫ 20 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫ ЧАПЧЫГАН МАҢЗАТ ТАБЫЛДЫ

 828 Бардыгы /

ОШ. Ош облусунда шек жараткан жүк ташыгыч автоунаа дыкаат текшерилди. Ошондо анын ичинен 440 кило героин табылды. Текшерүү жараяны УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Баса, мынча көлөмдөгү маңзаттын «кара базардагы» баасы 20 миллион доллардан ашат. Буга тиешси бар Кыргызстандын эки жараны дароо кармалып, убактылуу камакка алынды. Ал эми башка катышуучуларды дагы издөө иштери улантылып жатат.

Ошентип, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын отуз бир жылдыгында  алгачкы ирет ири көлөмдөгү наркоканалды бөгөп, оор маңзатты – героиндин чоң көлөмүн табуу иштери ийгиликтүү жүзөгө ашырылды.

ЧЕК АРА ТАКТАЛЫП, ТОСУЛМАЙЫНЧА, ЧЫР ДАГЫЛЕ ТОКТОБОЙТ!

ОШ. Мындай позициясын Кыргызстан Элдер ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов ачыктады.

  • Тажикстан – авторитардык мамлекет. Бул өлкөнүн президенти

Эмомали Рахмон өз бийлигин дагы сактап, андан ары уулуна мураскорлукка өткөрүп берүү максатында атайылап элин алаксытып, чек ара чатагын уюштурду, – деп эсептейт Кыргызстан Элдер ассамблеясынын Оштогу бүлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов.

Коомдук ишмер Балтагул Нурумбетовдун пикиринче, Кыргыз-Тажик чек арасы толук бойдон чечилмейинче, анан дагы кыдырата тосулмайынча, жаңжалдар мындан беш бетер уланат…

ЧОҢ-АЛАЙДА КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРА ТОЗОТТОРУНУН БАШЧЫЛАРЫ ЖОЛУГУШТУ

ОШ. Кыргыз-Тажик чек ара тилкесинде, Ош облусунун Чоң-Алай району жана Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагы чектешкен жерде ушул жылдын 18-майындагы кагылышуу боюнча эки өлкөнүн чек ара тозотторунун башчылары жолугушуп, такталбаган аймакка эки тараптын тең аскерлери кирбей турушаарын макулдашышты.

Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү интернетте «Чоң-Алай районунун Жекенди Айыл Өкмөтүнө караган аймактагы такталбаган жайытка Тажик аскерлери техникасы менен кирип келишти» деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын ырастады.  Ал эми Чоң-Алай районунун акими Өскөн Мамажакыповдун айтымында, Унжу-Булак жана Караганды-Сай жайыттарына өтүп кеткен мал-жандыкты чек арачылар ээлерине кыйынчылыксыз эле кайтарып жатышат.

  • Чоң-Алай менен Тажикстан чектешкен аймакта 1010 гектар

такталбаган жайыт бар. 1924-, 1927- жана 1989-жылдардагы карталар боюнча алардын картасында экен. Бирок, бул аймакты биздин жарандар эле дайыма иштетип жүрүшкөн. Демаркация жана делимитация иштери жүргүзүлө электигинен мурда алардын чек арачылары алыстан көзөмөлдөп турушса, ушул тапта аймактын өзүнө кирип көзөмөлгө алып алышкан. Ошондуктан, калк арасында туура эмес маалымат тарап кетти. Эки тараптын чек ара тозотторунун башчылары жолугушуп, такталбаган аймакка эки тараптын тең аскерлери кирбей туруусу сүйлөшүлдү, – деп кошумчалады Чоң-Алай райоеунун акими Өскөн Мамажакыпов.

Баса, бул маселе 19-майда Жогорку Кеңештин отрумунда дагы көтөрүлүп, депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы маалымат токтоосуз беришин талап кылышты.

Кыргызстан жалпысынан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери эбак такталып бүткөн. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны гана такталган. Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан бери дагы 10 пайызга жакыны такталды. 28-29-30-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык каза тапты. Тажик тараптан 19 адам курман болгондугу расмий айтылды. Эки өлкө муну үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин дагы козгошту.

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ ЧЕК АРАДАГЫ  ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮН АБАЛЫН СУРАШТЫРДЫ

БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылына сапарлады. Ошентип, кыштактагы чек арага жакын жайгашкан үйлөргө баш багып, жергиликтүү тургандардын ал-акыбалын сураштырды.

Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев аймакта абал туруктуу экендигин айтып, айыл элинин коопсуздугу, облустун күч түзүмдөрүнүн туруктуу көзөмөлүндө экендигин билдирип, ар кандай туура эмес, такталбаган маалыматтарга ишенип, дүрбөлөңгө түшпөөгө үндөдү. Ошондой эле Ак-Сай жана Ворух айылдарынын ортосуна коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн Баткен жана Согдий облусунун ички иштер кызматкерлеринин биргелешкен  бекети коюлгандыгын жана чек аранын кооптуу тилкелерине чек арачылардын жөө патрулу уюштурулгандыгын кошумчалады.

Айтмакчы, ушул жылдын 17-майында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух айылдарында  эки тараптан жарандардын кармалышы, Кыргыз жарандарынын Тажик жарандары тарабынан сабалышы боюнча окуядан соң, Ак-Сай айылындагы аялдар, жаш балдары менен Баткен шаарына келишкен эле. Ошондо эле аймакта абал кооптуу болуп бараткандыгын канкакшап, тынчсызданууларын ачык билдиришкен.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17