Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,060 Бардыгы / ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кореянын Эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨПтүн) ортосундагы өз ара кызматташтыктын алкагында өлкөбүздүн өрткө каршы жана куткаруу кызматынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Курулуштун жерпайын түптөө салтанатына Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин директору, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси, Жогорку Кеңештин вице-спикери, өзгөчө кырдаалдар […]
1,061 Бардыгы / ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кореянын Эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨПтүн) ортосундагы өз ара кызматташтыктын алкагында өлкөбүздүн өрткө каршы жана куткаруу кызматынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Курулуштун жерпайын түптөө салтанатына Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин директору, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси, Жогорку Кеңештин вице-спикери, өзгөчө кырдаалдар […]
ОШ ШААРЫНДА ӨРТКӨ КАРШЫ ЖАНА КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ КУРУЛА БАШТАДЫ
20.05.2021 / Автор aymak

1,062 Бардыгы /
ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кореянын Эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨПтүн) ортосундагы өз ара кызматташтыктын алкагында өлкөбүздүн өрткө каршы жана куткаруу кызматынын жаңы имаратынын курулушу башталды.
Курулуштун жерпайын түптөө салтанатына Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин директору, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси, Жогорку Кеңештин вице-спикери, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары жана Ош шаар мэринин биринчи орун басары катышышты.
- Дүйнө жүзүндө жараталыш кырсыктарынын акыркы жылдарда
кескин түрдө көбөйүшү менен Кыргызстандын табигый апааттын коркунучун азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө адамдардын коопсуздугу жана жашоосу үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат. Кыргыз Өкмөтү дагы табигый кырсык тобокелдиктерин башкарууда улуттук дараметти жогорулатуу боюнча аракеттерди ого бетер күчөтүүдө. Корея Өкмөтү бул долбоор аркылуу Кыргыз Өкмөтүнүн аракеттерине кошулгандыгына абдан кубанычтамын! – деди Кореянын Эл аралык кызматташуу Агенттигинин директору Ли Джунг Су.
- Биздин көптөгөн иш-аракеттерибиз табигый кырсык коркунучун
башкаруу боюнча улуттук дараметти чыңдоого гана багытталган. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргелешип жүзөгө ашырылган долбоорлор, табигый кырсыктарга байкоо жүргүзүү жана божомолдоо тутумдарын, кризистик кырдаалдарда ыкчам башкаруу жана кырсыктардын кесепеттерин жоюу кызматтарын өнүктүрүүгө салым кошуп келатат, – деп баса белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу Өкүлүнүн кеңешчиси Эркин Касыбеков.
Ошентип, БУУӨП мындан ары өрттүн кесепетинен жапа чеккендердин санын жана физикалык чыгымдарды азайтуу, ошондой эле калктын аялуу катмарын, айрыкча аялдар менен балдарды коргоо үчүн өрткө каршы дараметин күчөтүү максатында өрт-куткаруу жабдууларды жана шаймандарды модернизациялайт.
- Биздин өнөктөштөр KOICA жана БУУӨПтүн колдоосу менен
биздин министрликтин техникалык жана адамдык дараметин жогорулатуу жаатында олуттуу натыйжаларга жетиштик. Өрт-куткаруу бөлүктөрүн курууну, өрткө каршы шаймандар менен толук камсыздоону караган учурдагы долбоорду жүзөгө ашыруу биз үчүн абдан маанилүү! Анткени, жыл сайын өрттүн саны көбөйүүдө жана жылытуу мезгилинде өрт чалуулардын саны күнүнө жыйырмага жетиши мүмкүн. Өрт-куткаруу бөлүмдөрүн өркүндөтүлүшү өрттүн кесепеттерин жоюуга чоң жардамчы болуп, эң негизгиси өрттүн кесепетинен каза тапкандардын кескин түрдө азайышына алып келет деп терең ишенебиз! – деди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов .
Алишер ТОКСОНБАЕВ
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg «СУЛАЙМАН-ТОО» КИНОФЕСТИВАЛЫНА 200дөн АШУУН ЭМГЕК КАТЫШТЫРЫЛУУДА
-
10.06.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ИЮНЬ КООГАЛАҢЫНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.