Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,276 Бардыгы / Бишкек шаарында Билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча тегерек стол болуп өттү. Анда билим берүү менен илим тармагындагы бардык мыйзамдарды бириктирип, иштебеген, бир-бирине карама-каршы келген, кайталанган мыйзамдарды жоюп, анын ордуна киргизилип жаткан бирдиктүү мыйзам долбоору талкууланды. Ошондой эле заманбап билим берүү, анын келечеги боюнча эксперттер пикирлерин билдиришти. Бүгүн Бишкек шаарында […]
1,277 Бардыгы / Бишкек шаарында Билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча тегерек стол болуп өттү. Анда билим берүү менен илим тармагындагы бардык мыйзамдарды бириктирип, иштебеген, бир-бирине карама-каршы келген, кайталанган мыйзамдарды жоюп, анын ордуна киргизилип жаткан бирдиктүү мыйзам долбоору талкууланды. Ошондой эле заманбап билим берүү, анын келечеги боюнча эксперттер пикирлерин билдиришти. Бүгүн Бишкек шаарында […]
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ МЫЙЗАМДАР БИРИКТИРИЛЕТ
22.05.2021 / Автор aymak

1,278 Бардыгы /
Бишкек шаарында Билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча тегерек стол болуп өттү. Анда билим берүү менен илим тармагындагы бардык мыйзамдарды бириктирип, иштебеген, бир-бирине карама-каршы келген, кайталанган мыйзамдарды жоюп, анын ордуна киргизилип жаткан бирдиктүү мыйзам долбоору талкууланды. Ошондой эле заманбап билим берүү, анын келечеги боюнча эксперттер пикирлерин билдиришти.
Бүгүн Бишкек шаарында Билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктарын Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, жогорку окуу жайлардын ректорлору, билим берүү жаатындагы эксперттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү талкуулады.
Билим берүү жана илим министрлигинде тармактык мыйзамдарды жалпылоо иштери өткөн жылдын ноябрь айында башталган. Анын үстүнөн 35 адамдан турган эксперттер жана юристтер иштеген. Андан сырткары багыттык деңгээлдерге жараша атайын жумушчу топтор да иш алып барган.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүровдолбоордун негизги максаты билим берүү менен илим тармагындагы бардык мыйзамды бириктирип, иштебеген, бири-бирине карама-каршы, кайталанган мыйзамдарды жоюп, натыйжалуу тармактык бир мыйзам иштеп чыгуу экенин белгиледи.
Анын айтымында, мурда алты мыйзамда 400гө жакын берене болсо, жаңы иштелип жаткан долбоордо 150гө жетпеген берене бар.
«Биринчиден, эскирип калган нормаларын чыгаруу; экинчиден, аны актуалдаштыруу; үчүнчүдөн, мыйзамдарды бири-бири менен шайкеш келтирүү; төртүнчүдөн, мыйзамдарда келечекте билим берүүнүн стратегиялык жактан караганда, сапат кепилдигин бере тургандай нормаларды киргизүү; бешинчиден, азыркы убакка дал келе тургандай инновацияны алып келүү. Билимдин, илимдин сапаты биригип туруп, инновацияны алып келиши керек, а инновация экономиканы жогорулатышы керек. Ар бир адамдын жашоо сапатын көтөрүшү керек. Адам билимдүү, илимдүү, материалдык жана руханий базасы кенен болгондо гана жашоосу жакшы болот».
Жогорку билим берүү системасын реформалоо боюнча улуттук экспертГүлзада Дүйшөбаева долбоорду даярдоодогу негизги багыт заманбап билим берүүдөгү башкы талаптарга, ыкчам өзгөрүүлөргө жооп берген, ийкемдүү мыйзам болушу керек деп эсептейт.
«Себеби, мыйзам ишти ыкчам уюштурууга жол бербесе, анда ошол мыйзамга өзгөртүү киргизип, убакыттан уттуруп жатабыз. Бул мыйзамда бөлүк катары алты кичи мыйзам камтылган. Бул мыйзам Билим берүү системасына комплекстүү кароону камсыз кылып жатат. Себеби, мыйзам билимди үзгүлтүккө учуратпай, ырааттуулукту уюштурат. Илимди, билим берүү системасын, бала бакчадагы берип жаткан тарбияны, мектепте берип жаткан билим-тарбияны, дегеле жаранды өстүрүүдө кандай баскычты өтүп жатат, ошол баскычтарды бир мыйзамга камтуу керек болууда. Ошону менен бирге дүйнө жүзүндө эмне тенденциялар болуп жатат, ошону эске алып, алар улуттук деңгээлде, экономикалык багытта кандай болуп жатат, ошого ыкчам өзгөрүү шартын түзүп берүү үчүн мыйзам да ыкчам, ийкемдүү болушу керек».
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев аталган мыйзам долбоорун колдой турганын билдирип, эгерде кабыл алынса, аткарылышы да, иштөөсү да оңой боло турганын белгиледи.
Анын пикиринде, мыйзамдар келечекте жаштарга талап боло турган билимди берүүгө шарт түзүшү керек.
«Азыркы убактагы билимди бере турган болсок, ал 10-15 жылдан кийин керек болбой калат. Анткени ааламдашуунун алкагында заман тез өзгөрүп жатат. Дүйнө тарып баратат, биз андан артта калбашыбыз керек. Эң негизгиси, биз мектептен баштап балдарыбызга тандоо мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Өз пикирин айтканга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Анткени кичине чагынан баштап, өз пикирин айтып, тандоо мүмкүнчүлүгү болуп, адам өз алдынча чечим чыгара алса, мына ошол бала келечекте ийгиликтүү бала боло алат. Мына ошого көбүрөөк талап койсоңуздар. Анткени биз тилекке каршы, Советтер Союзундагы ыкмадан кала элекпиз. Өнүккөн мамлекеттердин тарыхын карасак, бардык мамлекетте билим берүү тармагын оңдогондо гана өнүгө алган. Башка жол жок, бул — аксиома».
Мындан сырткары эл өкүлү качан гана билим берүү тармагын оңдоп, көп каражат бөлүп, жаштарга келечекте керек болгон билимди бере алганда гана коом, мамлекет өнүгө турганын кошумчалады.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
22.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖОЛ УРАП, А ТҮГҮЛ КАТТАМ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАДЫ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 323 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.