Аймак

САРЫ-ЧЕЛЕК КӨЛҮНӨ БАРУУЧУ ЖОЛДО КАТТАМ ЖАНДАНДЫ

САРЫ-ЧЕЛЕК КӨЛҮНӨ БАРУУЧУ ЖОЛДО КАТТАМ ЖАНДАНДЫ

 1,146 Бардыгы /

Жалал-Абад өкүлчүлүгү маалымдагандай облустун Аксы районунда селден жабыркаган Кызыл-Туу айыл аймагынын Кожо-Ата дарыясына убактылуу көпүрө орнотулду

Учурда Жылгын жана Аркыт айылдарын байланыштырып, Сары-Челек көлүнө баруучу жолдо каттам жанданды. Аны менен бирге айылдагы жабыркаган ички жол жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштери да жүрүүдө.

Буга чейин облус башчысы Абсаттар Сыргабаев аймактагы селдин кесепеттерин көрүп чыккан.      Жабыркагандарга тийиштүү жардамдарды көрсөтүп, убактылуу кошумча көпүрөө куруп абалды бир жуманын ичинде жандантуу тапшырмасын берген. 

Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Жылгын жана Аркыт айылдарында 350 кожолук болуп, 1600дөй калк жашайт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17