Аймак

БАТКЕНГЕ ЧЕК АРАЧАЛАР МЕНЕН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРДҮН КҮНҮНҮН УРМАТЫНА МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ УЮШТУРУЛДУ

БАТКЕНГЕ ЧЕК АРАЧАЛАР МЕНЕН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРДҮН КҮНҮНҮН УРМАТЫНА МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ УЮШТУРУЛДУ

 933 Бардыгы /

БАТКЕН. 28-май Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматкерлеринин жана 29-май Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата Баткен шаарында майрамдык концерт уюштурулду.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдикарим Алимбаев катышып, чек арачылар менен аскер кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады.

  • Эки өлкө менен чектеш жайгашкан Баткен облусунда кызмат өтөп

жатышкан чек арачылар менен аскер кызматкерлери,  чыныгы мекенчилдик, эркттүүлүк, тайманбастык сапаттарга ээ экенин баса белгилегим келет. Ар бириңиздердин аракетиңиздер менен Кыргызстан элинин бүтүндүгү сакталып, мамлекеттүүлүк чыңдалып баратат. Күн-түн дебестен күчөтүлгөн тартипте чек араны кайтарып, мамлекет алдындагы ыйык милдетиңиздерди жогорку деңгээлде аткарып, ар-намыстуулуктун үлгүсүн көрсөтүп жатасыздар.Сиздерге алкыш айтып, таазим этебиз! –  деди. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдикарим Алимбаев.

Аталган иш чарада коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын демилгеси менен белгилүү Кыргыз эстрада жылдыздарынын өнөрлөрүн тартуулашты.

БАТКЕНДЕ ЭКИ БАЛА БАКЧА   ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

БАТКЕН. Баткен районунун Рават айылында жана Лейлек районунун Катраң айылында 50 орундуу бала бакча салтанаттуу ачылып, пайдаланууга тапшырылды.

Салтанатка Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев баштаган жергиликтүү жетекчилер жана АРИС уюмунун аткаруучу директору Бекжан Супаналиев баш болгон аталган уюмдун өкүлдөрү, ошондой эле аталган айылдардын тургундары катышышты. 

Аталган балдар бакчаларынын курулушу Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо  Агенттиги (АРИС) тарабынан Рават айылындагы бала бакча үчүн  14 миллион сом каржыланып, Ак-Татыр Айыл Өкмөтүнүн бюджетинен жана жергиликтүү коомчулуктан 1 048 923,59 сом салым кошулду.. Ал эми Катраң айылындагы бала бакча үчүн АРИС уюму тарабынан 11 миллион сом каржыланып, Айыл Өкмөтү жана жергиликтүү коомчулуктан 1 797 164,84  сом салым кошулду.

“ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ?” КООМДУК КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ БАТКЕНДЕ ЖАБЫРКАГАН ЖАРАНДАРГА  18 МИЛЛИОН  725МИҢ СОМДУК ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

БАТКЕН. “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду ушул жылдын 28-30-апрелиндеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жапа чегишкен ш жарандарга жардам көрсөттү.

         Куралдуу жаңжалда каза табышкан он тогуз жарандын үй-бүлөсүнө 165 миң сомдон, дагы 18 каза тапкан жарандын үй-бүлөсүнө 125 миң  сомдон акчалай жардам таратылды. Ал эми оор жараат алышкан 37 жаранга 100 миң сомдон, 51 орто жарадарларга 66 миң сомдон, 82 жеңил жаралангандарга 17 миң сомдон, жалпысынан 170 жараат алган жаранга жардамдар жеткирилди.  Мынгдан тышкары башпаанесиз калышкан 138 үй-бүлөгө 35 миң сомдон, дагы 3 үй-бүлөгө 25миң сомдон жардам көрсөтүлдү.

Ошентип, “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнүн айтымында, бул каражаттын негизги бөлүгүн, тагыраагы  17 595 178 сомду, Америка Кошмо Штаттарында жашап жана эмгектенип жатышкан  мекендештер которушту.

МОБИЛДҮҮ ТОПТОР ТӨРТ 4 АТКЕЗЧИЛИК ФАКТЫСЫН АШКЕРЕЛЕДИ

БАТКЕН. Баткен облусунун чек аралаш аймактарында аткезчиликке бөгөт коюу максатында иш алып барып жатышкан мобилдүү топтор – жергиликтүү ыктыярчы жаштар менен биргеликте  аткезчилик тобокелчилиги бар аймактарда үзгүлтүксүз иш алып барып жатышат.

Мобилдүү топ ишке киришкен он күн аралыгында чек ара  аймактарынан төртаткезчилик фактысы анашкереленди. Кармалышкан жарандар мыйзамсыз жол менен кошуна мамлекеттерге жүк өткөрүүнү көздөшкөн экен. Кармалган жүктөр негизинен жашылча-жемиш, азык-түлүк жана күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү ар түрдүү материалдар экендиги аныкталып, баары тең бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетчү жагдай: үстүбүздөгү жылдын 21-майында Баткен облусунун чек ара аймактарында кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз өтүп жаткан аткезчилик фактыларына каршы күрөшүү максатында мобилдүү топторду түзүү  боюнча   Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү  Абдикарим Алимбаевдин буйругу жарыяланган.

УКМК, Бажы, Ички иштер кызматы, Салык кызматтарынан куралган мобилдүү топтор ушул тапта дагыле Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймактарын туруктуу көзөмөлдөп жатышат.

ЖЕР ТИЛКЕСИН БӨЛҮШТҮРҮҮ ЖЕМКОРЛУКТАН КУР ЭЖМЕС!

ОШ. Кыргыз Өкмөтүнүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Суу районундагы Ачы, Араван районундагы Кең-Сай масссивдерин кыдырыта текшерди.

  • Ачы менен Кең-Сайдан кимдерге жер тилкелери энчиленген? Мага

чукул арада тизмелерин тапшыргыла! – деп ыраса чырылдады Кыргыз Өкмөтүнүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жарасул Абдураимов. – А мендеги маалыматка таянсак, муктаждардын 60-70 пайызына гана бөлүштүрүлгөн. А түгүл башка алыскы аймактардын келишип, шылуундук кылып жер тилкелерин алышкандар бар. Дагы дыкаат текшерсек, алардын үй-жайыбардыгы опоңой эле аныкталат.

Соңунда Ош облусунун жетекчиси Жарасул Абдураимов айтылуу Ачы жилмассивине суу жана электр энергиясын жеткирүү анык азапка айланаарын жашырган жок.

ИЛИМДҮҮНҮ ИЙГИЛИК ӨЗҮ ИЗДЕЙТ

         ОШ. “Илимдүүнү ийгилик өзү издейт!” аттуу республикалык китеп окуу сынагы уюштурулат. Баш байгесине эки бөлмөлүү батир сайылды. Бул туурасында Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат катчысы Максат Азимбай уулу кабарлады.

  • Аталган китеп окуу сынагында “Ыйман бутактары”, “Өпчөс өмүр”,

“Бакыт ордосу”жыйнактарынын негизинде тест жүргүзүлөт, – деп кошумчалады Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат катчысы Максат Азимбай уулу. – Анан жооп баракчалары топтолуп, Бишкекке жөнөтүлөт. Ал жерде баары тең дыкаат текшерилет. Эң көп упай топтогондорго чүүчү кулак карматылат. Андан ким утса, ошол жарага эки бөлмөлүү батир тартууланат.

Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат катчысы Максат Азимбай уулу кошумчалагандай, “Курулуш” компаниясы биринчи орунга 50 миң сом, экинчи орунга 40 миң сом, үчүнчү орунга 30 миң сом, төртүнчү орунга 20 миң сом, бешничи орунга 10 миң сом ырооломокчу.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17