Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,567 Бардыгы / ОШ. Президент Садыр Жапаров Түштүк жергесине жасаган сапарынын алкагында Ош шаарында Коргоо министрлигинде жана Чек ара кызматында иштегендерге 216 батирдин ачкычын тапшырды. Бул 216 батирлүү үй 2016-жылы Коргоо министрлигинин каражатына курула баштаган. 56 батир чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине ыроолонгон. Батир аскерде 20 жылдан ашуун кыйшаюусуз кызмат кылгандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, […]
1,568 Бардыгы / ОШ. Президент Садыр Жапаров Түштүк жергесине жасаган сапарынын алкагында Ош шаарында Коргоо министрлигинде жана Чек ара кызматында иштегендерге 216 батирдин ачкычын тапшырды. Бул 216 батирлүү үй 2016-жылы Коргоо министрлигинин каражатына курула баштаган. 56 батир чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине ыроолонгон. Батир аскерде 20 жылдан ашуун кыйшаюусуз кызмат кылгандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, […]
ОШТО ПРЕЗИДЕНТ АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ҮЙЛӨРДҮН АЧКЫЧЫН ТАПШЫРДЫ
01.06.2021 / Автор aymak

1,569 Бардыгы /
ОШ. Президент Садыр Жапаров Түштүк жергесине жасаган сапарынын алкагында Ош шаарында Коргоо министрлигинде жана Чек ара кызматында иштегендерге 216 батирдин ачкычын тапшырды.
Бул 216 батирлүү үй 2016-жылы Коргоо министрлигинин каражатына курула баштаган. 56 батир чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине ыроолонгон.
- Батир аскерде 20 жылдан ашуун кыйшаюусуз кызмат кылгандарга, көп
балалуу үй-бүлөлөргө, жолдошу кызмат учурунда каза тапкандарга жана кызмат учурунда майып болгондорго гана тартууланды, – деди коргоо министри Таалайбек Өмүралиев ачкычтарды ээлдерине тапшыруу аземинде.
Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк иш сапар менен барган эле. Ал Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдардын калкы менен жеринде маңдай-тескей жолугушту. Анын сапары ушундай кийин Ош облусунда уланды.
БИШКЕКТЕ ДАРЫЛАНЫП ЖАТЫШКАН ЛЕЙЛЕКТИКТЕРГЕ МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН ТИЙИШТҮҮ ЖАРДАМДАР КӨРСӨТҮЛҮҮДӨ
БИШКЕК. Үстүбүздөгү 28-30-апрель күндөрү Баткен облусу менен Тажикстандын чек арасында жүз берген куралдуу жаңжалда Лейлек районунун он тургуну Тажик жарандары тарабынан барымтага алынып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында гана 1-май күнү бошотулган.
Булардын бешөө Бишкек шаарына дарыланууга жөнөтүлгөн. Алардын ир бирине Лейлек районунун акиминин резервдик фондунан 8000 миң сомдон акчалай жардам дагы бөлүнгөн. Аталган мекендештерибиз борбор калаабызда дарыланып жатышкандыктан, каражат үч жарандын жакындарына ыроолонгон. Ал эми экөөнө бүгүн Банк аркылуу которулду. Мындан тышкары жараланган жарандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан гуманитардык жардамдар жана коомдук уюмдар тарабынан акчалай көмөк дагыле көрсөтүлүп келатат.
Белгилей кетээрибиз: буга чейин социалдык-гуманитардык долбоорлор боюнча иш алып барган ADRA агенттигинин кызматкери Бишкек шаарында дарыланып жатышкан Лейлек районунун беш тургунуна мамлекет тарабынан колдоолор көрсөтүлбөй жаткандыгын социалдык тармактар аркылуу жайылткан эле.
ОШТО ЭЛЕКТР ЗЫМДАРЫНЫН КЫСКА ТУТАШУУСУНАН УЛАМ ҮЙ ТОЛУК БОЙДОН ӨРТТӨНДҮ
ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Сагынбаев көчөсүндө турак үй толук бойдон күлгө айланды. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлгинен кабарлашты.
Маалыматка таянсак, өрттү өчүрүүгө саат 08.50дө бир өрт өчүрүү тобу тартылып, саат 09.51де жалын араң локалдаштырган. 11.53тө өрт толук бойдон өчүрүлдү. Күйгөн аянты 175 чарчы метрди түздү. Олуттуу себеп – электр зымдарындагы кыска туташуу.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт коопсуздук эрежелерин бекем сактап, бузук электр шаймандарын таптакыр колдонбоого чакырды.
АЛА-БУКА РАЙОНУН СЕЛ КАПТАДЫ
ЖАЛАЛ-АБАД. Акыркы күндөрдө көз ачырбай челектеп төккөн жамгырдын кесепетинен Ала-Бука районундагы Көк-Таш Айыл Өкмөтүндө катуу сел жүрдү. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлгинен кабарлашты.
Маалыматка таянсак, Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш Айыл ӨкмөтүндөгүЧоң-Сай айылынын Бөрү-Көрбөш көчөсүндө арыкка суу батпай, курулуп бүтө элек эки үйдүн жер төлөсүн, буга улай төрт үйдүн чарбагын жана бир чакырым унаа жолду суу каптады.
Кырсык баскан жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлгинин ыкчам тобу, Көк-Таш Айыл Өкмөтүнөн бир жүктөгүч, жалгыз трактор жана жергиликтүү тургундардан он беш киши тартылды. Ошентип, булардын жардамы аркасында автоунаа жолу кайрадан калыбына келтирилип, толук тазаланды. Мынан тышкары бардык үйлөр каптап кирген сел калдыктарынан арылтылды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА МУНИЦИПАЛДЫК КҮРӨШ ЗАЛЫ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
19.06.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДА СЕЛДЕН УЛАМ ЖАБЫЛГАН ЖОЛ КАЙРА АЧЫЛДЫ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК ОФИЦЕР ПАРА ТАЛАП КЫЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.