Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
595 Бардыгы / 1-июнда Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылган жарандардын кезектеги акциясы өтүп, ага 20га жакын киши катышты. Алардын арасында балдарын ээрчитип алгандар жана Кытайдын чек арасына жакын жайгашкан аймактардан келгендер да болду. Балдардын айрымдары Шинжаңдан келе албай жаткан ата-энелеринин сүрөттөрүн кармап алышкан. Алматы облусунун Енбекшиказак районунан келген Жайнагүл Егинбай жакындары Серик […]
596 Бардыгы / 1-июнда Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылган жарандардын кезектеги акциясы өтүп, ага 20га жакын киши катышты. Алардын арасында балдарын ээрчитип алгандар жана Кытайдын чек арасына жакын жайгашкан аймактардан келгендер да болду. Балдардын айрымдары Шинжаңдан келе албай жаткан ата-энелеринин сүрөттөрүн кармап алышкан. Алматы облусунун Енбекшиказак районунан келген Жайнагүл Егинбай жакындары Серик […]
КЫТАЙДЫН АЛМАТЫДАГЫ КОНСУЛДУГУНУН АЛДЫНДА 114 КҮНДӨН БЕРИ АКЦИЯ ӨТҮҮДӨ
02.06.2021 / Автор aymak597 Бардыгы /
1-июнда Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылган жарандардын кезектеги акциясы өтүп, ага 20га жакын киши катышты.
Алардын арасында балдарын ээрчитип алгандар жана Кытайдын чек арасына жакын жайгашкан аймактардан келгендер да болду. Балдардын айрымдары Шинжаңдан келе албай жаткан ата-энелеринин сүрөттөрүн кармап алышкан.
Алматы облусунун Енбекшиказак районунан келген Жайнагүл Егинбай жакындары Серик Бабайулы менен Улжалгас Нургазыкызы Кытайга кетишкенин, бир жарым жылдан бери кайра Казакстанга кайтып келе албай жатышканын билдирди.
— Алар ал жерде үй камагында. Төрт жана алты жаштагы эки баласы менин колумда. Же мектепке бере албайбыз, же дарыгерге көрсөтө албайбыз. Үй-бүлөлүк шартыбыз жакшы эмес. Кайын энем кант диабети менен ооруйт. Бир жарым жылдан бери үчөөнү багып келем. Балдардын Кытайга барышына уруксат берип же ата-энелерин бошотуп, алардын биригүүсүнө шарт түзүп беришсин, — деди Егинбай.
Акция өтүп жаткан жерге келген жергиликтүү акимчиликтин өкүлү чогулгандарга алардын бул аракети «мыйзамсыз» экенин билдирди.
Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында мөөнөтсүз акция башталган 114 күндөн бери анын катышуучуларына кытайлык дипломаттардан эч ким чыккан жок. Чогулгандар Кытай бийлигинен Шинжаңда калган туугандарынын Казакстанга келүүсүнө уруксат берүүнү талап кылышууда. Айрымдары жакындары Шинжаңдагы «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турушканын айтышса, башкалары туугандары негизсиз айыптар менен узак мөөнөттөргө соттолгонун билдиришүүдө. Алардын арасында кытай бийлиги жакындарынын документтерин алып коюп, өлкөдөн чыгарбай жатканына даттангандар да бар.
Ошол эле маалда чогулгандар Казакстандын бийлигин бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдүн көйгөйүнө кайдыгер мамиле кылып жатат деп айыптап жатышат. Өз кезегинде казак өкмөтү жарандардын бул арыздануулары «дипломатиялык каналдар боюнча» каралып жатканын билдирип келет.
Май айында Кытай консулдугунун алдындагы акциялардын айрым катышуучуларына айып пул салынган. Алар пикеттерди Алматыдагы Кытайга байланышы бар башка мекемелердин, анын ичинде Кытай банкы менен Sinooil компаниясынын кеңсесинин алдында да өткөрүшкөн.
Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү “саясий тарбия берүүчү лагерлер” деп аталган жайларда негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай бийлиги мындай дооматтарды четке кагууда.
АКШнын бийлиги, Бельгиянын, Нидерланддын жана Канаданын парламенттери Бээжинде геноцидге айыпташкан. Кытай Шинжаңдагы аракеттерин «өлкөнүн ички иши» жана «терроризмге, экстремизмге каршы көрүлүп жаткан чаралар» деп атап келет.
WWW.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
19.09.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО КИБЕРКООПСУЗДУК КҮЧӨТҮЛӨТ
-
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.