Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,051 Бардыгы / Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы маалымдагандай, Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч. “6-июнь, саат 15:30га карата чек арадагы Унжу-Булак аймагында кырдаал туруктуу. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына ылайык, аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурунку ордуна алып кетүү аяктады”, деп жазылган маалыматта. УКМКнын маалыматына ылайык, аймакта кыргызстандык […]
1,052 Бардыгы / Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы маалымдагандай, Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч. “6-июнь, саат 15:30га карата чек арадагы Унжу-Булак аймагында кырдаал туруктуу. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына ылайык, аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурунку ордуна алып кетүү аяктады”, деп жазылган маалыматта. УКМКнын маалыматына ылайык, аймакта кыргызстандык […]
УКМК УНЖУ-БУЛАКТА КЫРДААЛ ТЫНЧ ЭКЕНИН БИЛДИРДИ
07.06.2021 / Автор orozalieva

1,053 Бардыгы /
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы маалымдагандай, Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч.
“6-июнь, саат 15:30га карата чек арадагы Унжу-Булак аймагында кырдаал туруктуу. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына ылайык, аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурунку ордуна алып кетүү аяктады”, деп жазылган маалыматта.
УКМКнын маалыматына ылайык, аймакта кыргызстандык чек арачылардын күчөтүлгөн режимде нөөмөт өтөөсү уланууда.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин кабарлады.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыңалууга байланыштуу 4-июнда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги элчилерди чакырып, бири-бирине нааразылык ноталарын тапшырган.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов 5-июнда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн мамлекеттик комиссиясынын жетекчилери катары биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Ага ылайык, эки тарап тең чек ара постторун өзүнүн аймагына карай 3 километрге жылдырат. Аскерлер жана аскердик техникалар мурунку ордуна кайтарылат жана аймактагы жайыттар орток пайдаланылмакчы.
Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.
Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай талкаланып, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш объектиси жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.
WWW.
Автор orozalieva
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛЕТ
-
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-КУЛЖАГА ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ КУРУЛАТ
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg ОШМУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ ЖАНА СТУДЕНТТЕРИ КОМСОМОЛ ЧОКУСУН БАГЫНДЫРЫШТЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.