Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,213 Бардыгы / “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу күйөөсү “Бишкектеги түрк элчилигинин имаратында кармалып турат” деген маалымат алганын билдирип чыкты. Ал “Азаттыкка” бул айткандарын ырастап, бирок маалыматты кайдан алганын ачыктаган жок: “Тилекке каршы мен булактарымды ачыктай албаймын, анткени азыр Орхан […]
1,214 Бардыгы / “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу күйөөсү “Бишкектеги түрк элчилигинин имаратында кармалып турат” деген маалымат алганын билдирип чыкты. Ал “Азаттыкка” бул айткандарын ырастап, бирок маалыматты кайдан алганын ачыктаган жок: “Тилекке каршы мен булактарымды ачыктай албаймын, анткени азыр Орхан […]
ИНАНДЫНЫН ЖУБАЙЫ АЛ ЭЛЧИЛИКТЕ ДЕП ШЕКТЕНҮҮДӨ. ТҮРК ЭЛЧИЛИГИ МААЛЫМАТ БЕРЕ ЭЛЕК
07.06.2021 / Автор orozalieva

1,215 Бардыгы /
“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу күйөөсү “Бишкектеги түрк элчилигинин имаратында кармалып турат” деген маалымат алганын билдирип чыкты.
Ал “Азаттыкка” бул айткандарын ырастап, бирок маалыматты кайдан алганын ачыктаган жок:
“Тилекке каршы мен булактарымды ачыктай албаймын, анткени азыр Орхан мырзанын өмүрү коркунучта. Эрдогандын бийлиги буга чейин да 95 адамды 23 чет мамлекеттен элчиликтери аркылуу уурдап, алып кеткен. Алардын баары учурда Түркияда түрмөлөрдө отурушат”.
Рейхан Инанды мурдараак да интернет аркылуу кыргыз коомчулугуна кайрылуу жасаган. Ал Орхан Инанды Кыргызстандын жараны экенин белгилеп, элчиликте ага “кыргыз жарандыгынан баш тарт” деген кысым болуп жатканы тууралуу маалыматы бар экенин билдирген.
Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги мындай билдирүүлөргө комментарий бере элек. Алар менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.
Ички иштер министрлиги Инандынын издөө иштери уланып жатканын билдирүүдө. Мекеменин басма сөз кызматы ал Түркиянын Бишкектеги элчилигинде кармалып турушу ыктымал деген маалыматка комментарий бербеди.
6-июнда министрлик Орхан Инандыны издөө иштери жалпы республика боюнча жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, автоунаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынууда.
Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан.
Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.
1-июндан бери Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдында анын табылышын талап кылган митингдер болуп өттү. Ушундай эле талап менен митинг-пикеттер АКШ жана Европанын айрым өлкөлөрүндөгү Түркиянын элчиликтеринин, консулдук имараттарынын алдында болду.
Кыргызстанда 20дан ашуун “Сапат” жеке лицейинин, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган.
WWW.
Автор orozalieva
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
15.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда 1-КУРСТАРГА СТУДЕНТ НААМЫН ЫЙГАРУУ САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
13.11.2025 / Автор anarkan_kg ШААРДАГЫ №14 ОТКАНА ПРОПАН МЕНЕН ИШТӨӨГӨ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
31.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ АР БИР ҮЙГӨ ЖАКШЫЛЫК АЛЫП КЕЛСИН!
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.