Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
649 Бардыгы / Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМКнын) төрагасы Камчыбек Ташиев маалымдагандай, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кыргыз-Тажик чек арасында кырдаал акыры турукташты. Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын иштиктүүү сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында гана аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурунку ордуна – туруктуу жайланышкан алып кетүү биротоло аяктады. Тажикстан менен адепки сүйлөшүүлөрүбүз, чынында, майнапсыз аяктаган. Ошондуктан, биз […]
650 Бардыгы / Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМКнын) төрагасы Камчыбек Ташиев маалымдагандай, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кыргыз-Тажик чек арасында кырдаал акыры турукташты. Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын иштиктүүү сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында гана аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурунку ордуна – туруктуу жайланышкан алып кетүү биротоло аяктады. Тажикстан менен адепки сүйлөшүүлөрүбүз, чынында, майнапсыз аяктаган. Ошондуктан, биз […]
КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ МЕКЕНЧИЛДИКТИН КАШКАЙГАН ҮЛГҮСҮН КӨРСӨТТҮ
07.06.2021 / Автор orozalieva651 Бардыгы /
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМКнын) төрагасы Камчыбек Ташиев маалымдагандай, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кыргыз-Тажик чек арасында кырдаал акыры турукташты. Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын иштиктүүү сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында гана аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурунку ордуна – туруктуу жайланышкан алып кетүү биротоло аяктады.
- Тажикстан менен адепки сүйлөшүүлөрүбүз, чынында, майнапсыз
аяктаган. Ошондуктан, биз жергиликтүү тургандарды коопсуз жайларга көчүрүүгө мажбур болдук. А бүгүн кайрадан кездешүүлөр улантылып, ал натыйжалуу гана аяктады. Ара чолодо протокол дагы кабыл алдык. Жети-сегиз бөлүмдөн турган келишимибиз бар. Азырынча ошол жерге топтолгон укук коргоо жана башка органдарды артка кайтарууга буйрук берем. Элди дагы өз үйлөрүнө – туруктуу жайларына кайтарып келүүгө тапшырма беребиз, – деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.
Кыскасы, Кыргыз-Тажик чек арасынын бейтарап тилкесинде жолугушкан коңшулаш эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары сегиз келишимге кол коюшуп, биргелешкен билдирүү дагы кабыл алышты.
- 2021-жылдын 5-июнунда мамлекеттик чек аранын “Карамык”
тилкесинин 12/9 чекитинде тараптардын Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Тараптар аталган чекитте жаралган кырдаал тынчтык жолу менен чечилгенин кабарлашат, – деп кошумчалады УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.
Ошентип, коңшулаш эки мамлекеттин УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов ушул жылдын 4-июнунан тартып Кыргыз-Тажик чек арасындагы нейтралдуу аймакта эки жолу кезигишти. Соңунда төмөнкүдөй мазмундагы протоколго дагы кол коюшту. Чек ара бекеттерин ар бир тарап өзүнүн аймагына карай үч чакырымга жылдырат. Аскерлерди жана аскердик жабдууларды өздөрүнүн ар дайым жайгашкан жерине кайтарып, чек ара топторунун штаттык бөлүмүн гана калтырат. Ушул тилкедеги жайыттарды биргелешип пайдалануу боюнча жагы чечим кабыл алынды. Мамлекеттик чек арадагы бардык аракеттер эки тараптын төрагаларынын алдын ала макулдашуусу менен гана жасалат. Тараптардын чек ара кызматкерлери жүрүм-турум тилкесин так сакташы кажет! Жалпыга маалымдоо каражаттарына мурда кол коюлган протоколдордун алкагында, эки тараптан макулдашылган маалыматтарды гана таратылсын! Топографиялык жумушчу топтордун жетекчилерине Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы №12\2 чекитинен №12\9 чейинки аралыкты кыска мөөнөттө тактоону аяктоо тапшырмасы берилди. Тараптар чек ара аймактарындагы калкка түшүндүрүү иштерин күчөтөт. Ошондой эле дал ушул протоколдун пункттарын катуу сактоону дагы макулдашты.
Чоң-Алай районундагы Карамык айылынын башчысы Абдулла Жакыпов ушул тапта жердештери өз үйлөрүнө кайтып жатышкандыгын кабарчыбызга ырастады: – Эл баштапкы жашоосуна кайтып, үйлөрүнө келе башташты. Эки тарап элдешип, Кыргыз тарап дагы, Тажик тарап дагы армиясын Чоң-Алайдагы талаш тилкеден алып чыгып жатышат.
Айтмакчы, Кыргыз-Тажик чек арасындагы ушул жылдын 28-29-30-апрелиндеги жана 1-майындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык каза тапты. Мунун арасынан экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алышты. Баткен облусундагы 100дөн ашык жеке турак жай талкаланып, а түгүл өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети өңдөнгөн мекемелер кадимкидей аткыланып, кыйратылган. 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согдий облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш объектиси жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды
Алишер ТОКСОНБАЕВ
Автор orozalieva
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 1500 ОКУУЧУ “МАНАС” АЙТТЫ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg АТАТҮРК ПАРКЫНАН ЖЕР АЛГАН ЖАРАНДАРДЫН БИР ТОБУ ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛДЫ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg АДАХАН МАДУМАРОВ УКМКНЫН ТЕРГӨӨ АБАГЫНАН ЧЫКТЫ
-
-
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg ТОРУК АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕП УЧУРДА АВАРИЯЛЫК АБАЛДА
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.