Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
895 Бардыгы / Адам укуктары боюнча Европа соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы – “Радио Свободанын” жана анын башкы директору Андрей Шарыйдын орус бийлигине каршы жазган доо арызын кабыл алды. Доогерлер “Чет өлкөлүк агенттер” тууралуу мыйзамды пайдалануу, тактап айтканда Роксомнадзордун журналисттик материалдарды маркировка кылуу жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткарбоо үчүн айып пул салуу тажрыйбасы адам укуктары боюнча Европа […]
896 Бардыгы / Адам укуктары боюнча Европа соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы – “Радио Свободанын” жана анын башкы директору Андрей Шарыйдын орус бийлигине каршы жазган доо арызын кабыл алды. Доогерлер “Чет өлкөлүк агенттер” тууралуу мыйзамды пайдалануу, тактап айтканда Роксомнадзордун журналисттик материалдарды маркировка кылуу жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткарбоо үчүн айып пул салуу тажрыйбасы адам укуктары боюнча Европа […]
АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ЕВРОПА СОТУ «РАДИО СВОБОДАНЫН» ОРУС БИЙЛИГИНЕ КАРШЫ АРЫЗЫН КАБЫЛ АЛДЫ
16.06.2021 / Автор anarkan_kg

897 Бардыгы /
Адам укуктары боюнча Европа соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы – “Радио Свободанын” жана анын башкы директору Андрей Шарыйдын орус бийлигине каршы жазган доо арызын кабыл алды.
Доогерлер “Чет өлкөлүк агенттер” тууралуу мыйзамды пайдалануу, тактап айтканда Роксомнадзордун журналисттик материалдарды маркировка кылуу жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткарбоо үчүн айып пул салуу тажрыйбасы адам укуктары боюнча Европа конвенциясын бузат деп эсептешүүдө.
Быйыл январдан бери материалдарын маркировка кылуу талаптарын аткарбаганы үчүн “Радио Свободага” Орусияда 520 административдик жаза протоколдору түзүлгөн. Буга байланыштуу медиа мекеме менен анын жетекчилигине салынган айып пулдун өлчөмү 140 миллион рублдан ашты.
Май айында Орусиянын Сот аткаруучулар кызматы айып пулдарды мажбурлап өндүрүү тууралуу 20 өндүрүштүк иш ачып, “Радио Свободанын” банк эсептери бөгөттөлгөн.
Буга чейин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай компания Кремлдин чындыкты айткандарды цензурага алуу аракетине каршы күрөшөрүн бир нече жолу айткан.
“Радио Свобода” мекемесинин журналисттери мекендештери жалган кабарларга, калпка толгон жашоого көнбөшү үчүн көз карандысыз маалыматтарды берип келет. Биздин үнүбүздү баса алышпайт”, – деп билдирген Флай.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун арызы менен бирге Адам укуктары боюнча Европа соту The New Times гезитинин жана анын башкы редактору Евгения Альбацтын 2019-жылы жазган доо арызын да кабыл алды. Басылма чет өлкөдөн каржылана тургандыгы боюнча маалыматтарды өз учурда Роскомнадзор мекемесине бербегени үчүн салынган 22 миллион рубль өлчөмүндөгү айып пулду жокко чыгарууга аракет кылууда. Европа соту бул эки ишти бириктирип кароону чечти.
Быйыл май айында Орусиянын Юстиция министрлиги “чет элдик агент басылмалардын” тизмесине Meduza.io жана VTimes сайттарын да киргизген. “Медуза” бул мыйзамдын колдонууну ЖМКлардын коммерциялык бизнес-моделин бузуп жатат деп эсептеп, сот аркылуу министрликтин бул чечимин жокко чыгартууга аракет кылууда. VTimes редакциясы сайтты жабууга аргасыз болгонун билдирген.
Буга чейин орус ТИМинин Маалымат жана басма сөз департаментинин директору Мария Захарова “чет элдик агенттер” тууралуу Орусиядагы мыйзам АКШ өкмөтүнүн “Америкадагы орусиялык журналисттерге каршы аракеттерине” окшош экенин билдирген.
Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилери менен эл аралык журналисттик уюмдардын өкүлдөрү мындай жүйөнү бир канча жолу четке кагышкан. Алардын айтымында, “Радио Свобода” Орусияда иштеп жаткан шарттар менен орус ЖМКлары үчүн АКШда түзүлгөн шарттарды салыштырууга болбойт.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg БШ БШК: ЭРТЕҢ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРЫЗДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ АЯКТАЙТ
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНУНДА КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
-
-
30.01.2025 / Автор anarkan_kg КЛАССТЫК СААТ САБАКТЫН ТЕМАСЫ: ДИН ДЕГЕН ЭМНЕ ? ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.