Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
769 Бардыгы / Шаршемби күнү Швейцариянын Женева шаарында АКШнын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу өттү. Бул сүйлөшүүлөр Вашингтон менен Москванын алакасы “кансыз согуштан” берки эң эле чыңалып турган маалга туш келди. Эки лидердин сүйлөшүүсү төрт саатка созулду. Жолугушуу La Grange хан сарайындагы булгары мукабалуу байыркы китептер сакталган залда өттү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча […]
770 Бардыгы / Шаршемби күнү Швейцариянын Женева шаарында АКШнын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу өттү. Бул сүйлөшүүлөр Вашингтон менен Москванын алакасы “кансыз согуштан” берки эң эле чыңалып турган маалга туш келди. Эки лидердин сүйлөшүүсү төрт саатка созулду. Жолугушуу La Grange хан сарайындагы булгары мукабалуу байыркы китептер сакталган залда өттү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча […]
ЖЕНЕВАДА БАЙДЕН МЕНЕН ПУТИНДИН СҮЙЛӨШҮҮСҮ АЯКТАДЫ
17.06.2021 / Автор anarkan_kg

771 Бардыгы /
Шаршемби күнү Швейцариянын Женева шаарында АКШнын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу өттү. Бул сүйлөшүүлөр Вашингтон менен Москванын алакасы “кансыз согуштан” берки эң эле чыңалып турган маалга туш келди.
Эки лидердин сүйлөшүүсү төрт саатка созулду. Жолугушуу La Grange хан сарайындагы булгары мукабалуу байыркы китептер сакталган залда өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча АКШ жана Орусия президенттеринин атынан стратегиялык туруктуулук тууралуу билдирүү жарыяланды. “Биз өзөктүк согушта жеңүүчү болушу мүмкүн эмес жана андай согуш эч качан башталбашы керек деген принципти колдой турганыбызды ырастайбыз. Бул максаттарга жетишүү үчүн Орусия менен АКШ жакынкы убактарда стратегиялык туруктуулук боюнча эки тараптуу комплекстүү диалог баштайт”, – деп жазылган документте.
Эки өлкө лидерлеринин сүйлөшүүсүнөн кийин күтүлгөндөй эле президенттердин биргелешкен басма сөз жыйыны болгон жок. Алгач орус лидери маалымат жыйын өткөрүп, жолугушуу конструктивдүү жана эч кандай кастыксыз өткөнүн билдирди.
- Путиндин айтымында, алар жакынкы убактарда АКШнын элчисин Москвага, Орусиянын элчисин Вашингтонго кайтаруу тууралуу макулдашты.
- Путин Украина маселеси талкууланганын, бирок бул өлкөнүн НАТОго ыктымал мүчө болушу боюнча “үстүртөн” сөз болгонун билдирди. Путиндин айтымында, эки тарап тең Минск келишимдерин ишке ашырууну колдой турганын белгилешти.
- Путиндин айтымында, тараптар киберчабуулдар жана киберкоопсуздук маселелери боюнча консультацияларды баштоо тууралуу макулдашты.
- Путин CNN телеканалынын Алексей Навальный тууралуу суроосуна жооп берип жатып, Навальный өзү камалууну каалаган болушу мүмкүн экенин айтты. Өз сөзүндө ал оппозиционерди дагы бир жолу мыйзам бузууга айыптады. Путин жолугушуунун жүрүшүндө Навальный темасы Байдендин демилгеси менен көтөрүлгөнүн ырастады. Мындан тышкары Владимир Путин Навальный тууралуу айтып жатып, АКШны Орусиядагы саясий оппозицияны колдоого айыптады.
- ABC телеканалынын кабарчысы Путинге Орусияда Алексей Навальныйдын уюмдарына тыюу салынганы тууралуу суроо берди. Жооп катары орус лидери Навальныйдын тарапташтарын башаламандыктарды даярдоого айыптады.
- Путин жолугушуунун жүрүшүндө АКШнын президенти «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы тууралуу маселени көтөргөнүн билдирди. Орус лидеринин айтымында, медиауюм “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамды толук сактабай жатат (РСЕ/РС орус бийлигинин талаптарын эл аралык укукка каршы келет деп эсептейт). Путиндин айтымында, бул маселе Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде талкууланат.
- Камактагылар менен ыктымал алмашуу тууралуу берилген суроого Путин бул маселе эми талкуулана турганын айтты.
Андан соң АКШнын президенти Жо Байден басма сөз жыйынын өткөрдү. Анын айтымында, ал үчүн АКШнын тиги же бул кадамдарды эмнеге жасап жатканын Владимир Путиндин жеке өзүнө жеткирүү маанилүү болгон. Байден Путинге Кошмо Штаттардын саясаты Орусияга каршы багытталбаганын, бирок АКШнын президенти катары адам укуктарынын бузулуп жатканы тууралуу маселе көтөрбөй кое албастыгын айтканын билдирди.
Байден сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Алексей Навальный, Орусия түрмөсүндөгү америкалык жарандар жана “Радио Свободанын” Орусиядагы ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болгонун ырастады.
- Байден “Эгер Навальный түрмөдө өлүп калса эмне болот?” деген суроого жооп берип жатып, биринчи кезекте бул Орусиянын өзүнө жаман болорун, анткени дүйнөлүк аренада ага эл аралык нормаларды сыйлабаган өлкө катары ишенбей калышарын билдирди.
- Байдендин айтымында, АКШ менен Орусия стратегиялык туруктуулук жана куралданууну көзөмөлдөө боюнча “оюндун эрежелери” тууралуу макулдашып алышы зарыл.
- АКШ президенти Путинге Орусиянын шайлоолорго кийлигишүүсү менен киберчабуулдары уланса, олуттуу кесепеттери болорун эскерткенин ырастады. Мындан тышкары ал жолугушууда киберкоопсуздук, Иран, Сирия, Ооганстан жана Арктика темалары жөнүндө сөз болгонун кошумчалады.
- Байден Путинге АКШ Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганы жөнүндө айтканын билдирди. Ошондой эле ал Беларустагы абал талкууланганын айтты.
- Байдендин айтымында, жолугушуу пикир келишпестиктерге карабастан, позитивдүү маанайда өттү.
- Байден сөзүнүн аягында Путин жаңы “кансыз согушту” каалабай тургандай элес калтырганын айтты.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
-
02.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИ УБАДАСЫНА ТУРДУ
-
-
22.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖОЛ УРАП, А ТҮГҮЛ КАТТАМ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.