Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,153 Бардыгы / Казакстандын Экология жана табигый ресурстар министрлиги 2021-жылы Казакстандын түштүгүндө суу тартыштыгынан улам, Тажикстандын Кайраккум суу сактагычынан кошумча 315 миллион кубометр сугат суусун алуу боюнча келишимге кол коюлганын кабарлады. “Мындай көлөмдөгү суу июнь, июль жана август айларында Казакстандын түштүк облустарындагы күрүч талааларын сугарууга жумшалат. Буга жооп иретинде Казакстан Тажикстанга күйүүчү май жана техникалык жабдууларды бөлүп […]
1,154 Бардыгы / Казакстандын Экология жана табигый ресурстар министрлиги 2021-жылы Казакстандын түштүгүндө суу тартыштыгынан улам, Тажикстандын Кайраккум суу сактагычынан кошумча 315 миллион кубометр сугат суусун алуу боюнча келишимге кол коюлганын кабарлады. “Мындай көлөмдөгү суу июнь, июль жана август айларында Казакстандын түштүк облустарындагы күрүч талааларын сугарууга жумшалат. Буга жооп иретинде Казакстан Тажикстанга күйүүчү май жана техникалык жабдууларды бөлүп […]
ТАЖИКСТАН КАЗАКСТАНГА КОШУМЧА 315 МИЛЛИОН КУБОМЕТР СУУ БЕРЕТ
21.06.2021 / Автор anarkan_kg

1,155 Бардыгы /
Казакстандын Экология жана табигый ресурстар министрлиги 2021-жылы Казакстандын түштүгүндө суу тартыштыгынан улам, Тажикстандын Кайраккум суу сактагычынан кошумча 315 миллион кубометр сугат суусун алуу боюнча келишимге кол коюлганын кабарлады.
“Мындай көлөмдөгү суу июнь, июль жана август айларында Казакстандын түштүк облустарындагы күрүч талааларын сугарууга жумшалат. Буга жооп иретинде Казакстан Тажикстанга күйүүчү май жана техникалык жабдууларды бөлүп берет. Ошондой эле келишимге ылайык Кайраккум суу сактагычында өзгөчө кырдаал пайда болгондо, Казакстан Тажикстанга каржылык жана техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү” деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Ал эми “Азаттык” радиосунун тажик кызматынын жеке булагы 31-майда Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума менен Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиевдин ортосунда суу маселеси боюнча келишимге кол коюлганын билдирди. Бирок ал Кайраккум суу сактагычынан Өзбекстанга кошумча суу берилери тууралуу маалыматты четке какты. 10-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга болгон расмий иш сапары учурунда Кайраккум ГЭСине барган. Ага чейин өзбекстандык дыйкандарга быйыл негизи суу тартыш болорун жана сугат суу 60 пайызга кыскарарын эскерткен.
Ушул жылдын башынан бери тажик аткаминерлери өлкөдө жаан-чачындын аздыгы жана суу сактагычтардагы суунун тартыштыгы, анын ичинде Кайракум ГЭСинин абалы жөнүндө айтып келишет. Тажикстандын Улуттук илимдер академиясынын мөңгүлөрдү изилдөө борборунун директору Абдулхамид Каюмов быйыл ансыз деле өлкөнүн дарыяларында суунун деңгээли түшкөнүн айтты:
“Учурда Варзоб дарыясынын жогорку агымында суунун деңгээли төмөн. Дарыяда болгону 30 сантиметр суу көрүнөт, бул жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өтө аз. Негизи эле суу бардык дарыяларда аз болуп жатат. Анткени, кышында кар өтө аз жаады”.
Ал ортодо суу-энергетика жаатындагы адистер болсо быйыл жаан-чачын аз жаагандыгын алдын алуу жана кар менен суу ресурстарын так аныктоо кыйынга турарын айтышат. Тажикстандык энергетика тармагы боюнча серепчи Хомиджон Орипов жай мезгилинде суу сактагычтардагы ашыкча сууларды экспорттоого убакыт келгенин билдирди:
“Жыл башында Борбор Азиядагы өлкөлөр дарыялардагы сууну бөлүштүрүүнү пландаштырышат. Кыргызстан адатта кышында Токтогул суу сактагычынан көп көлөмдө сууну агызып жиберип, жайында ашыкча сууну акчага сатат. Ошондой эле биз Кыргызстандын тажрыйбасын колдонушубуз керек”.
Былтыр суу тартыштыгына байланыштуу Өзбекстан Тажикстандан Кайраккум суу сактагычынан сугат үчүн кошумча суу алууну суранган. Ошол учурда Өзбекстандын Энергетика министрлиги Тажикстанга секундасына 500 литр суу чыгаруучу беш насос, башка дагы 20 насос берилерин билдирген. Өзбек тарап Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлигине кошумча суу үчүн 1,5 миллиард сум (болжол менен 145 миң доллар) төлөп берген.
Кайраккум суу сактагычы Тажикстандагы эң ири суу сактагычтардын бири. Анын аянтынын узундугу 65 километр, туурасы 20 километр. Ал эми суу сактагычтын сыйымдуулугу 3,413 миллиард чарчы метрди түзүп, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстанда электр энергиясын өндүрүү жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн колдонулат. Жалпысынан Тажикстанда тогуз суу сактагыч бар, алардын эң чоңунун сыйымдуулугу 10,5 миллиард кубометрге чейин жетет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
22.10.2024 / Автор anarkan_kg КАМЕРАЛАР МЕНЕН КӨЗӨМӨЛДӨӨЧҮ КЫРДААЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
06.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАЙЫТТЫ МЕНЧИКТЕШТИРИП ИЙИШКЕН
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.