Аймак

КАЗАКСТАНДА БЕШ ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ЗОРДУКТООГО АЙЫПТАЛГАНДАРДЫН БИРИ ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

КАЗАКСТАНДА БЕШ ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ЗОРДУКТООГО АЙЫПТАЛГАНДАРДЫН БИРИ ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

 1,212 Бардыгы /

Казакстандын Сатпаев шаарында беш жаштагы кызды зордуктоого айыпталган жергиликтүү тургун өмүр бою эркинен ажыратылып, аялы 22 жылга соттолду.

Мындай чечимди сот арачылары 21-июнда жабык өткөн отурумда кабыл алышты. Аты-жөнү айтылбаган жубайлар «Зордуктоо», «Жашы жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү» жана «Саламаттыгына оор жаракат келтирүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Соттун маалыматына караганда, Казакстандын мыйзамдары аялдарды өмүр бою эркинен ажыратууга тыюу салат.

Соттолуучулардын адвокаты Бейсен Альжанов сот өкүмү боюнча жогорку баскычка даттана тургандыктарын билдирди.

– Биз өкүм менен макул эмеспиз жана ал боюнча жогорку баскычтагы сотко даттанабыз. Анткени өкүм тергөө маалында мыйзамсыз алынган далилдер боюнча чыгарылды. Апелляциялык арызда бардык жүйөлөрүбүздү жазабыз, – деди адвокат.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2020-жылы 23-июлда Сатпаев шаарынын мас абалындагы тургуну көп кабаттуу үйдүн алдынан кичинекей кызды жолуктуруп, аны күч менен батирине алып кирип кеткен. Андан соң коңшуларын (аялы менен күйөөсүн) чакырып, кызга зомбулук көрсөтүүнү сунуштаган. Коңшусунун аялы кызга «ийне менен белгисиз зат сайып», ал эс-учун жоготкон. Ошол маалда эркектер аны зордуктап, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерге барышкан.

Кызды уурдоого жана зордуктоого шектелген 62 жаштагы негизги айыпталуучунун сөөгү кармалгандан көп өтпөй тергөө абагында табылган. Полиция ал өз жанын кыйганын билдирген. Негизги айыпталуучудан тышкары анын коңшулары кармалганы кийинчерээк белгилүү болгон.

Жоголгон кыз 62 жаштагы жергиликтүү тургундун батиринен табылгандан кийин анын үйүнүн алдына жүздөгөн адам чогулуп, аны сотсуз эле жазалоону талап кылышкан. Полиция шектүү адамды жашыруун чыгарып кетип, камакка алган. Буга нааразы болгон тургундар жергиликтүү полиция бөлүмүнө барып, имаратынын бир бөлүгүн талкалашкан. Мындан тышкары 16 автоунааны зыянга учуратып, бир автобусту өрттөп, полиция кызматкерлерине таштарды жана айнек бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Расмий маалыматтар боюнча ал түнү 14 жаран жана 50 полиция кызматкери жаракат алган.

Бул окуяларга байланыштуу тогуз киши үч жылдан эрктеринен ажыратылган. Мындан тышкары дагы 44 тургун шарттуу түрдө төрт жылга, экөө бир жарым жылга соттолгон. Бул иш боюнча айыпталган дагы эки киши издөөдө экени кабарланган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17