Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
2,692 Бардыгы / Өнөр жай, коммуналдык чарба, турмуш-тиричилик жактан тейлөө жана ишкердүүлүк тармагында баш ооруткан көйгөйлөр азыр дагыле толтура. Ошондуктан, аталган тармактардын Кесиптик Кошуунунун Ош облустук комитетинин төрагасы Абдылүмүт ОМОШЕВдин эшигин сагалагандар ушул тапта өтө арбын. Маектешибиз соңку тапта кайрылгандарды бир-бирден гана кабылдап, муң-зарын дыкаат тыңдап, маселелерин шыр чечкенге бекем ыктаптыр. Абдылүмүт мырза, тээтигил Союз маалында […]
2,693 Бардыгы / Өнөр жай, коммуналдык чарба, турмуш-тиричилик жактан тейлөө жана ишкердүүлүк тармагында баш ооруткан көйгөйлөр азыр дагыле толтура. Ошондуктан, аталган тармактардын Кесиптик Кошуунунун Ош облустук комитетинин төрагасы Абдылүмүт ОМОШЕВдин эшигин сагалагандар ушул тапта өтө арбын. Маектешибиз соңку тапта кайрылгандарды бир-бирден гана кабылдап, муң-зарын дыкаат тыңдап, маселелерин шыр чечкенге бекем ыктаптыр. Абдылүмүт мырза, тээтигил Союз маалында […]
Абдылүмүт ОМОШЕВ: “ЖАРАНДАРДЫН УКУКТАРЫ КАДАМ САЙЫН БУЗУЛУП ЖАТПАЙБЫ ”
29.06.2021 / Автор anarkan_kg

2,694 Бардыгы /
Өнөр жай, коммуналдык чарба, турмуш-тиричилик жактан тейлөө жана ишкердүүлүк тармагында баш ооруткан көйгөйлөр азыр дагыле толтура. Ошондуктан, аталган тармактардын Кесиптик Кошуунунун Ош облустук комитетинин төрагасы Абдылүмүт ОМОШЕВдин эшигин сагалагандар ушул тапта өтө арбын. Маектешибиз соңку тапта кайрылгандарды бир-бирден гана кабылдап, муң-зарын дыкаат тыңдап, маселелерин шыр чечкенге бекем ыктаптыр.
- Абдылүмүт мырза, тээтигил Союз маалында жалаң гана
карапайым эмгекчилердин таламын талашчу элеңиздер. Ал эми азыр Сиздер дегеле кимдердин укугун коргоп, анан камчысын чаап жүрөсүздөр?
- Жашырып не. Кыргызстан ПрофСоюздары Уюмунда – азыркы
Кесиптик кошуундар Биримдигинде нукура кризис! Бишкекте төрагалык төрдү талашкандардын чабышы алигүнчө бүтө элек. Мунун кесепетинен облустук – аймактык бөлүмдөргө дагыле мурункудай көңүл бөлүнүп, жетиштүү акча каражаттары ажыратылбай калды.
Бирок, биз буга шылтоолоп, жамбаштап жаткан жерибиз жок, эй!
Кыргызстан Кесиптик кошуундар Биримдиги, мунун ичинде Өнөр жай, коммуналдык чарба, турмуш-тиричилик жактан тейлөө жана ишкердүүлүк комитетинин Ош облустук башкармалыгы Баш мыйзамыбыздын, “Кесиптик кошуундар жөнүндө” мыйзамдын, Эмгек Кодексинин, “Эмгек мамилелеринин өнөктөштүгү” жана башка ушул өңдөнгөн укуктук ченемдердин чегинде гана өз ишмердүүлүгүн ырааттуу жүргүзүп келатат.
- Баса, Сиздердин Кошуунга тараптар мүчөлүк акысын кыйчалыш
заманда өз убагында эле төлөп турушабы?
- Замандын шүйүн көрдүңөр го? Анын үстүнө айтылуу корона
илдетинин дагы кесепети бизге куп эле тийди. Ошентсе дагы, бул убактылуу кризистен эптеп жол таап чыгып жатабыз.
- Мүчөлүк акыны таптакыр төлөбөгөндөргө карата деги кандай
чаралар көрүлүп жатат?
- “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Жашылдандыруу жана
Көрктөндүрүү комбинаты, “ШаарСвет” мекемеси ыраса моюн толгошту эле. Буларга теңелип, анан дагы тирешкен жокпуз! Түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын жүргүзгөнүбүздөн кийин гана муз ордунан козголду. Аталгандар биздин талабыбызга акыры көнүп, мурунку эле нугуна кайрадан түшүштү. Мүчөлөк акыларын Кыргызстан Кесиптик кошуундар Биримдигинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, турмуш-тиричилик жактан тейлөө жана ишкердүүлүк комитетинин Ош облустук башкармалыгына ырааттуу түрдө төлөп жатышат.
- Баса, акыркы кезде Ош жергесинде олуттуу дагы кандай орой укук
бузууларды таптыңыздар? Көбүнэсе кимдер тарабынан мыйзамдар тебеленип-тепселип жатыптыр?
- Жашырып не. Кичи ишканаларда, фирмаларда, ЖЧКларда, курулуш
жана соода-сатык тармактарында жарандарыбыздын укуктары кадам сайын бузулуп жатпайбы. Бирок, заман талабына жараша биз жумуш берүүчүлөр менен тирешип, анан дагы талашып-тартышпайбыз. Алар менен, биринчиден, сүйлөшүүгө – диалогго гана барабыз. Экинчиден, Мамлекеттик Экотехинспекция өңдөнгөн мекемелердин жардамы аркасында ынандыруу аракетибиз күч! Үчүнчүдөн, Өнөр жай, коммуналдык чарба, турмуш-тиричилик жактан тейлөө жана ишкердүүлүк тармактарынын Кесиптик Кошуунунун Ош облустук комитети менен соода-сатык мекемелеринин жетекчилеринин арасында агартуу – мыйзамдарды чечмелөө-түшүндүрүү аркылуу жумушунан бошотулгандардын ишине кайрадан жайгашуусуна өбөлгө жаратып келатабыз.
Акырында, айлабыз таптакыр куругунда, Прокуратура жана Сот орагандарына кайрылганга ар тараптуу көмөктөшөбүз.
- Айтмакчы, жетекчилер Сиздердин сын-сунуштарыңыздарды жана
талаптарыңыздарды аткарууга милдеттүүбү? Кокус биздин кеп жебес чоңдорубуз тоңмоюндукка салышсачы? Анда кантесиздер?
- Мыйзам чегинде адегенде жумуш берүүчүлөрдөн – жетечилердин
жоопкерчилигин дагы бир ирет эстерине катуу салабыз. Буга дагы тоңмоюндук кылышса, Прокуратура жана Сот органдары эле андай Телибай тентектерди мыйзам чегинде теске салып коюшат.
- Абдылүмүт мырза, Адам баласы Жер бетинде жашап турганда
Кесиптик Кошуундар дагыле өкүм сүрөөрү ырас. Андыктан, бул Уюмдун болочогун Сиз эмнеден көрөсүз?
- Албетте, Адамзат Жер шаарын байырлап турганда, анын инсандык
укуктарына байланышкан маселелелер ар дайым коштоп жүрөт. Кесиптик кошуундар дагы ар замандын талабына жараша сөзсүз ылайыкташат. Демек, биздин Уюмдун келечегинен кам саноонун кажети жок!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
17.02.2026 / Автор anarkan_kg БШК №13 ОКРУГДАГЫ ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ ШАЙЛОО КҮРӨӨСҮН КАЙТАРЫП БЕРЕТ
-
17.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЕСТИВАЛЬ ӨТТҮ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 587,7 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ
-
-
03.03.2025 / Автор anarkan_kg Гүльмира АДЫРБАЕВА: “АРАВАНДА ӨЗҮМ СЦЕНАРИСТ ЖАНА РЕЖИССЕР-КОЮУЧУМУН!”
-
11.03.2025 / Автор anarkan_kg ЭБАК ЭСКИРГЕН МЕКТЕП ЧУКУЛ АРАДА ЖАҢЫЛАНУУГА МУКТАЖ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.