Аймак

ООГАН ПОЛИЦИЯСЫ: ТАЛИБДЕР ЧЫПТАШКАН КИЙИМ КИЙГЕНИ ҮЧҮН ЖЕРГИЛИКТҮҮ АЯЛДЫ АТЫП КЕТИШКЕН

ООГАН ПОЛИЦИЯСЫ: ТАЛИБДЕР ЧЫПТАШКАН КИЙИМ КИЙГЕНИ ҮЧҮН ЖЕРГИЛИКТҮҮ АЯЛДЫ АТЫП КЕТИШКЕН

 1,590 Бардыгы /

Ооганстандын Балх провинциясынын полициясы талибдер жергиликтүү аялды чыпташкан кийим кийгени жана көчөгө эркексиз чыкканы үчүн өлтүргөнүн билдирди.

Балх полициясынын башчысы Зиалухак Туфан “Азаттыктын” ооган кызматына “Талибан” жоочулары аялды өздөрү көзөмөлдөгөн Самар Кандиан айлында атып кетишкенин кабарлады. Маалыматка караганда, аял 21 жашта болгон, аны Назанин деп аташкан.

Полиция өкүлүнүн айтымында, аял үйүнөн чыгып, автоунаага отуруп Мазари-Шариф шаарына баратканда кол салууга кабылган. Аял паранжа кийип жүргөн.

“Талибандын” өкүлү Забиулла Мужахид полициянын билдирүүсүн четке кагып, топ кол салууну иликтеп жатканын билдирди.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17