Аймак

КАЗАКСТАНДАГЫ КАРАЖАНБАС КЕНИНДЕГИ АЯЛДАР ИШ ТАШТАШТЫ

КАЗАКСТАНДАГЫ КАРАЖАНБАС КЕНИНДЕГИ АЯЛДАР ИШ ТАШТАШТЫ

 1,359 Бардыгы /

Мангистау облусунун Каражанбас кенинде мунайчыларга тамак даярдоо менен алектенген Caspian food компаниясынын жумушчулары айлык акыны көбөйтүүнү талап кылып, иш таштоого чыгышты. Бул тууралуу 4-августта Lada.kz сайты жазды.

Ондогон аялдар маянаны эки эсеге, 220 миң теңгеге чейин (500 доллар) көбөйтүүнү жана эмгек шартын жакшыртууну талап кылышууда.

4-августта иш таштагандар президент Касым-Жомарт Токаевге видеокайрылуу жолдошкон.

Аймактык басылмалар иш берүүчү компаниянын өкүлдөрү иш таштагандар менен жолугуп, талаптарын угуп, маселени карап көрүүгө убада беришкенин жазышты.

28-июлда Industrial service resources жалданма компаниясынын кызматкерлери “Каражанбасмунай” компаниясынын штатына кабыл алууну, социалдык пакетти киргизүүнү жана айлык акыларды жогорулатууну талап кылып иш ташташкан. Алардын талабы орундатылгандан кийин нааразылык токтогон.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17