Аймак

ОШ ШААРЫНДА ТАЗА СУУ ЭСКЕРТҮҮСҮЗ ӨЧҮРҮЛДҮ

ОШ ШААРЫНДА ТАЗА СУУ ЭСКЕРТҮҮСҮЗ ӨЧҮРҮЛДҮ

 1,185 Бардыгы /

Ош шаарында 5-августта таңкы саат 05:00дөр чамасында таза суу берүү токтотулду. Шаар мэриясы тараткан маалыматка ылайык, Папан суу сактагычына жакын жылгалардан сел жүргөн.

Анын кесепетинен Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондуктан Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондоруна жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Жылдыз Болотбеков “Азаттыкка” билдиргендей, таза суу түшкү саат 14:00дө бериле баштады. Бирок шаардыктарга 4-5 саатта толук жетет.

Ош шаарында 300 миңден ашуун суу колдонуучу расмий катталган. Калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Катуу жамгыр жааганда дарыя ылайланып, элге суу берүү токтотулат. Кээде 2-3 күн суу жок болот.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17