Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)

КАБУЛ АЭРОПОРТУНДАГЫ БАШАЛАМАНДЫКТА БИР НЕЧЕ КИШИ КАЗА БОЛДУ

КАБУЛ АЭРОПОРТУНДАГЫ БАШАЛАМАНДЫКТА БИР НЕЧЕ КИШИ КАЗА БОЛДУ

 324 Бардыгы /

16-августта миңдеген адам Кабул аэропортунан учуп кетүүгө аракет кылган учурда жаралган дүрбөлөңдө жана башаламандыкта кеминде беш киши каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги окуянын күбөлөрүнө шилтеме кылып кабарлады.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон Кабул аэропортунда ондогон ооган жараны эвакуация учагы менен кошо жарышып баратканын көрүүгө болот.

Пентагон аэропортто курал-көтөргөн жана коркунуч туудурган эки киши жок кылынганын билдирди. Ага чейин жоон топ элди тынчтандыруу максатында асманга ок атылганын америкалык расмий өкүлдөр жана күбөлөр ырасташкан.

“Би-Би-Си” күбөлөргө шилтеме кылып, Кабул аэропортунда бери дегенде эки жай тургун өлгөнүн кабарлады.

Дүйшөмбү күнү бир катар басылмалар жылып бараткан учакка жармашып, ичине кирүүгө аракет жасаган үч киши бийиктиктен кулап каза болгонун билдиришкен.

Азыр Кабул аэропортунда жүргүнчү ташыган учактар учкан жок, АКШнын жана анын союздаштарынын аскердик учактары гана каттамдарды аткарып жатышат. Бирок буга карабастан, миңдеген ооганстандыктар өлкөдөн учуп кетүүгө мүмкүнчүлүк табуу үчүн аэропортто топтолуп турат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17