Аймак

МАЙЛУУ-СУУДА “УКУК ЖАНА ТАРТИП” РЕЙДИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

МАЙЛУУ-СУУДА “УКУК ЖАНА ТАРТИП” РЕЙДИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 1,638 Бардыгы /

26-августта  Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Укук жана тартип”  рейди өткөрүлдү.  Шаар аймагында укук бузуучулуктун алдын алуу максатында өткөрүлгөн рейд учурунда 100 кожолук текшерилип, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 7 протокол түзүлдү.

Түнкү убакыттарда чоңдордун көзөмөлүсүз жүргөн жаш өспүрүмдөрдүн ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Ошондой эле милицияда профилактикалык каттоодо турган жарандар текшерилип, мыйзамдуулукту сактоосу боюнча эскертүүлөр берилди.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17