Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,168 Бардыгы / 8-сентябрда белгиленип жаткан Журналисттердин эл аралык тилектештик күнүндө Орусиядагы 40тан ашык ЖМК “чет элдик агенттердин” тизмесине кошулган басылмалар менен журналисттерди колдогон акция баштап, окурмандарына кайрылуу жасашты. Акцияга “Дождь”, The Bell, “Медиазона”, Republic, “Новая газета”, “Бумага”, “Тайга.инфо”, “Важные истории”, Doxa, “7×7”, “ОВД-Инфо”, The Village, “Медуза”, “Псковская губерния”, “Черновик”, Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү […]
1,169 Бардыгы / 8-сентябрда белгиленип жаткан Журналисттердин эл аралык тилектештик күнүндө Орусиядагы 40тан ашык ЖМК “чет элдик агенттердин” тизмесине кошулган басылмалар менен журналисттерди колдогон акция баштап, окурмандарына кайрылуу жасашты. Акцияга “Дождь”, The Bell, “Медиазона”, Republic, “Новая газета”, “Бумага”, “Тайга.инфо”, “Важные истории”, Doxa, “7×7”, “ОВД-Инфо”, The Village, “Медуза”, “Псковская губерния”, “Черновик”, Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү […]
ОРУСИЯДА 40ТАН АШЫК ЖМК СӨЗ ЭРКИНДИГИН КОРГОО МАКСАТЫНДА АКЦИЯ БАШТАДЫ
08.09.2021 / Автор aymak

1,170 Бардыгы /
8-сентябрда белгиленип жаткан Журналисттердин эл аралык тилектештик күнүндө Орусиядагы 40тан ашык ЖМК “чет элдик агенттердин” тизмесине кошулган басылмалар менен журналисттерди колдогон акция баштап, окурмандарына кайрылуу жасашты.
Акцияга “Дождь”, The Bell, “Медиазона”, Republic, “Новая газета”, “Бумага”, “Тайга.инфо”, “Важные истории”, Doxa, “7×7”, “ОВД-Инфо”, The Village, “Медуза”, “Псковская губерния”, “Черновик”, Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү борбору сыяктуу басылмалар катышууда.
Алар башкы беттерине жана материалдарынын төмөн жагына “Чет элдик агенттер жок, журналисттер бар” жана “Бул материал жалпыга маалымдоо каражаттарынын функциясын аткарып жаткан ЖМКлар тарабынан даярдалды” деген жазууларды чыгарышты.
Басылмалар ошондой эле окурмандарын социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрүнүн аягына да ушинтип жазууга чакырышты.
Орусияда “Чет элдик агент ЖМКлар” тизмесине 18 медиа, 25 журналист жана төрт юридикалык жак киргизилген.
Буга чейин “Дождь” телеканалы, “Новая газета”, “Эхо Москвы”, Znak.com сайты сыяктуу ЖМКлар президент Владимир Путинге, анын басма сөз катчысы Дмитрий Песковго жана юстиция министри Константин Чуйченкого ачык кат жолдоп, “Чет элдик агент ЖМКлар” тизмесин жокко чыгарууну жана “Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзамды жумшартууну талап кылышкан. Алар аталган мыйзамга сунуштаган 12 өзгөртүүнүн арасында ЖМКны эскертүүдөн кийин жана сот чечиминин негизинде гана тизмеге кошуу, чет өлкөлүк каржылоонун уруксат берилген чегин белгилөө жана “чет элдик агент” деп табылган жеке жактар үчүн шарттарды жеңилдетүү талаптары бар.
Азыр бул тизмеде жалпысынан 43 басылма жана жеке адамдар бар. Орусиянын мыйзамдарында “Чет элдик агент ЖМКлар” түшүнүгү 2017-жылы пайда болуп, бул реестрге бир катар басылмалар, анын ичинде “Радио Свобода” жана анын аймактык долбоорлору киргизилген. РСЕ/РС корпорациясы орус бийлигинин бул чечими менен макул болгон эмес.
Акыркы айларда бул тизмеге бир нече көз карандысыз белгилүү басылмалар, анын ичинде “Медуза”, The Insider, “Важные истории”, “Дождь” телеканалы, ошондой эле “Важные истории” менен “Проект” долбоорунун журналисттери киргизилген. “Чет элдик агент ЖМКлар” макамы басылмалар менен жеке адамдарга олуттуу чектөөлөрдү киргизет.
WWW.
Автор aymak
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
01.10.2026 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНҮН ЖАШООЧУЛАРЫНАН КАБАР АЛЫНДЫ
-
-
01.10.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
-
-
-
29.01.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.