Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
952 Бардыгы / 12-сентябрда Лондондо Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулман азчылыгынын өкүлдөрүнүн куугунтукталышына байланыштуу угуулар уланды. Сотто Бакытали Нур жана Орынбек Коксебек аттуу эки шинжаңдык казак көрсөтмө берип, “лагерлердеги” кыйноолор жөнүндө айтып беришти. Бакытали Нурдун айтымында, аны Кытай полициясы 2017-жылы кармап, “террордук өлкөлөрдүн тизмесиндеги мамлекетке барганы үчүн” лагерге жөнөтүлгөн. Укук коргоо органдары анын алты айлык боюнда бар […]
953 Бардыгы / 12-сентябрда Лондондо Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулман азчылыгынын өкүлдөрүнүн куугунтукталышына байланыштуу угуулар уланды. Сотто Бакытали Нур жана Орынбек Коксебек аттуу эки шинжаңдык казак көрсөтмө берип, “лагерлердеги” кыйноолор жөнүндө айтып беришти. Бакытали Нурдун айтымында, аны Кытай полициясы 2017-жылы кармап, “террордук өлкөлөрдүн тизмесиндеги мамлекетке барганы үчүн” лагерге жөнөтүлгөн. Укук коргоо органдары анын алты айлык боюнда бар […]
ЛОНДОНДОГУ УГУУДА ЭТНИКАЛЫК ЭКИ КАЗАК ШИНЖАҢ ЛАГЕРЛЕРИНДЕГИ КЫЙНООЛОР ЖӨНҮНДӨ АЙТЫП БЕРИШТИ
13.09.2021 / Автор anarkan_kg954 Бардыгы /
12-сентябрда Лондондо Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулман азчылыгынын өкүлдөрүнүн куугунтукталышына байланыштуу угуулар уланды. Сотто Бакытали Нур жана Орынбек Коксебек аттуу эки шинжаңдык казак көрсөтмө берип, “лагерлердеги” кыйноолор жөнүндө айтып беришти.
Бакытали Нурдун айтымында, аны Кытай полициясы 2017-жылы кармап, “террордук өлкөлөрдүн тизмесиндеги мамлекетке барганы үчүн” лагерге жөнөтүлгөн. Укук коргоо органдары анын алты айлык боюнда бар аялын аборт кылдырууга мажбурлаган.
Нур мындан тышкары аны менен лагерде чогуу жаткан уйгур улутундагы жигиттин кыйноого алынганы жөнүндө айтып берди.
“Аны түнчүндө камерадан алып кетип, төрт күндөн кийин алып келишти. Анын эки колу тең иштебей калгандыктан, тамактануусуна жана ажаатканага баруусуна мен жардам берип жүрдүм. Ал “төрт күн бою колуман асылып турдум, алгач бутумдун учу жерге тийбей турса, төртүнчү күн дегенде тарамыштарым чоюлуп, бутум жерге тийип калды” деп айтып берди. Анын денесинде электрошокердин көптөгөн тактарын көрдүм. Андан “мешребге” (уйгурлар чогулуп сүйлөшүп, убакытты өткөрө турган жер) барганда террорчулар эмне деп сүйлөшкөнүн айтууну талап кылышкан”, — деди Бакытали Нур.
Орынбек Коксебек Шинжаңдагы лагерде төрт ай кармалып, андан соң эки ай үй камагында болгонун билдирди.
“Мени кытай тилин билбегендигим жана Казакстандын жараны болгонум үчүн түрмөгө камашкан. Алар мени кантип кыйнаганын сөз менен айтып жеткире албайм”, – деди Коксебек. Ал Казакстанга кайтып келгенден кийин белгисиз адамдар тарабынан коркутууларга кабылганын кошумчалады.
Лондондо Кытайдын Шинжаң аймагында уйгур, казак, кыргыз жана башка түрк тилдүү элдердин куугунтукталышына байланыштуу экинчи угуу 10-сентябрда башталган. Алгачкы отурум июнь айында өткөн.
Эл аралык басылмаларда “Уйгур трибуналы” деп аталып калган сот жараянында Кытайдын түрк тилдүү мусулмандарды куугунтукташына байланыштуу далилдер иликтенип, Геноцид жөнүндө конвенцияга ылайык, Бээжиндин аракетине баа берилет.
Бул күндөрү британиялык адвокат Жеффри Найс төрагалык кылган комиссия саясий лагерлерде болгон күбөлөр менен катар окумуштууларды жана эксперттерди угуп жатат.
Британиялык ЖМКлардын билдиришинче, угуунун юридикалык күчү жок, бирок уюштуруучулар бул жараян Кытайдын түрк тилдүү мусулмандарга каршы куугунутук саясатына баа берет деп үмүттөнүшөт.
Кытай бийлиги буга чейин аталган угууну кескин сындаган. Sky News кабарлагандай, экинчи угууну алдында Кытайдын Улуу Британиядагы элчиси Чжэн Чжэгуань бул жараянды Бээжинди дискредитациялоого багытталган “саясий манипуляция” деп атаган.
Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү “саясий тарбия берүүчү лагерлер” деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.
Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланд, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.
Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
29.08.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНДАГЫ КАРЖЫЛЫК КӨЗ БОЕМОЧУЛУК АШКЕРЕЛЕНДИ
-
01.09.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ КУЛУНУНУН ӨМҮРҮ САКТАЛЫП КАЛДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.