Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,396 Бардыгы / Кыргызстандын президентинин администрациясы расмий бийлик өкүлдөрү Ооганстанда “Талибан” кыймылы түзгөн өкмөттүн жетекчилери менен жолукканын ырастады. Мекеме 23-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган кыргыз делегациясы 23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Ооганстандын калкына гуманитардык жүк жеткирди. Гуманитардык жүк Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн […]
1,397 Бардыгы / Кыргызстандын президентинин администрациясы расмий бийлик өкүлдөрү Ооганстанда “Талибан” кыймылы түзгөн өкмөттүн жетекчилери менен жолукканын ырастады. Мекеме 23-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган кыргыз делегациясы 23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Ооганстандын калкына гуманитардык жүк жеткирди. Гуманитардык жүк Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн […]
МАСАДЫКОВ ООГАНСТАНГА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ ЖЕТКИРДИ
24.09.2021 / Автор anarkan_kg

1,398 Бардыгы /
Кыргызстандын президентинин администрациясы расмий бийлик өкүлдөрү Ооганстанда “Талибан” кыймылы түзгөн өкмөттүн жетекчилери менен жолукканын ырастады.
Мекеме 23-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган кыргыз делегациясы 23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Ооганстандын калкына гуманитардык жүк жеткирди.
Гуманитардык жүк Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадарга тапшырылды.
“Жолугушууда Таалатбек Масадыков менен Абдул Гани Барадар кеңири баарлашты. Анын жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы саясий кырдаалды талкуулап, өлкөдөгү жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты”, – деп айтылат маалыматта.
Барадар гуманитардык жардам үчүн Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирген. Ал Ооганстандын муктаждыктарын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле өлкөнүн каржылык эсептери ачылбай жатканын билдирген.
Сүйлөшүү учурунда Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарыл экенин белгилеп, талибдерге өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү керектигин айткан.
Таалатбек Масадыков мындан тышкары Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөргөн.
Талибдердин өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забиулла Мужахид 23-сентябрда “Твиттерге” Амир Хан Муттаки Таалатбек Масадыков жана президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Жээнбек Кулубаев менен жолугушканын жазып, сүрөттөрдү жарыялаган.
Кыргызстанда тыюу салынган “Талибан” кыймылы Ооганстандын аймагынын басымдуу бөлүгүн жана 15-августта Кабулду өз көзөмөлүнө алып бийлигин орноткон. Алардын бийлигин дүйнөнүн бир да өлкөсү тааный элек.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg 6-ОКТЯБРДА БОЛГОН ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАЛПЫ 13 ИМАРАТ ЖАБЫРКАДЫ
-
28.10.2025 / Автор anarkan_kg САДЫР ЖАПАРОВ “КАРА-КӨЛ” ГЭСИнин АЧЫЛЫШ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.