Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,555 Бардыгы / БИШКЕК. Ички иштер министрлиги ушул тапта абакта жаткан милициянын генералы Курсан Асановдуку делген аудио боюнча башка экспертиза дайындайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Ички иштер министрлиги басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Курсан Асановдун адвокаттары өткөргөн экспертизалар кылмыш ишинде далил катары эсептелинбейт. Анткени, бул экспертиза башка материалдарды салыштыруу менен өткөрүлгөн эмес. […]
1,556 Бардыгы / БИШКЕК. Ички иштер министрлиги ушул тапта абакта жаткан милициянын генералы Курсан Асановдуку делген аудио боюнча башка экспертиза дайындайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Ички иштер министрлиги басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Курсан Асановдун адвокаттары өткөргөн экспертизалар кылмыш ишинде далил катары эсептелинбейт. Анткени, бул экспертиза башка материалдарды салыштыруу менен өткөрүлгөн эмес. […]
КУРСАН АСАНОВДУН АУДИОСУ БОЮНЧА БАШКА ЭКСПЕРТИЗА ДАЙЫНДАЛАТ
11.10.2021 / Автор anarkan_kg

1,557 Бардыгы /
БИШКЕК. Ички иштер министрлиги ушул тапта абакта жаткан милициянын генералы Курсан Асановдуку делген аудио боюнча башка экспертиза дайындайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ички иштер министрлиги басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Курсан Асановдун адвокаттары өткөргөн экспертизалар кылмыш ишинде далил катары эсептелинбейт. Анткени, бул экспертиза башка материалдарды салыштыруу менен өткөрүлгөн эмес.
- Тергөө жаңы лингвистикалык жана үн экспертизасын дайындоону
караштырып жатат. Эксертизаны өткөрүүнү салыштыруу материалдары менен кошо мамлекеттик тийиштүү органдарга тапшырылат, – деп кошумчалады Ички иштер министрлиги басма сөз кызматынын өкүлү.
Ал эми Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова ушул жылдын 6-октябрында социалдык тармакка таратылган Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиону Орусиянын жана Казакстандын эки экспертизасы монтаждалган деп тыянак чыгарып бергендигин билдирген. Анткени, ушул жылдын 7-октябрында Жогорку Кеңеште Курсан Асановдун үнү делген аудио тууралуу маселе көтөрүлүп, депутат Мурадил Мадеминов аудиону монтаждоого күч органдарын айыптаган.
Айтмакчы, ушул жылдын 14-сентябрында Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “Башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин 309-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алуу”) негизинде шектүү катары кармаган. Анын алдында интернетте Асанов менен Сарыбаевдин телефондон сүйлөшкөнү делген аудио тараган. 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев дагы кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.
Ушул жылдын 16-сентябрында Курсан Асанов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камалган. Асановдун жактоочулары аталган №50-колонияда өтө оор кылмыш жасагандар гана отураарын, 2015-жылы абактагылар күзөт кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткен окуя ошол жерде болгондугун айтышып чырылдап келатышат.
Ошентип, Курсан Асановго буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда. Быйыл январь айында ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу “Имаратты жана мекемени басып алуу” деген берене боюнча айып тагылган. Анда Курсан Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган эле..
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.