Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
922 Бардыгы / ДЕЛИ. Индия жергесинде Кыргыз тасмаларынын кинофестивалы ийгиликтүү аяктады. Бул иш-чара Эл аралык Медиа жана Оюн-зоок өнөр жай палатасы, «Marwah Studios» жана дүйнөдөгү он мыкты кино мектептеринин бири болуп саналган Азиянын кино жана телекөрсөтүү Академиясынын көмөгү аркасында Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги тарабынан уюштурулган. Кинофестивалдын ачылыш аземинде ардактуу коноктор катары Элчилер, Нью-Делинин дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, […]
923 Бардыгы / ДЕЛИ. Индия жергесинде Кыргыз тасмаларынын кинофестивалы ийгиликтүү аяктады. Бул иш-чара Эл аралык Медиа жана Оюн-зоок өнөр жай палатасы, «Marwah Studios» жана дүйнөдөгү он мыкты кино мектептеринин бири болуп саналган Азиянын кино жана телекөрсөтүү Академиясынын көмөгү аркасында Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги тарабынан уюштурулган. Кинофестивалдын ачылыш аземинде ардактуу коноктор катары Элчилер, Нью-Делинин дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, […]
ИНДИЯДА КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫНЫН ФЕСТИВАЛЫ АЯКТАДЫ
11.10.2021 / Автор anarkan_kg

924 Бардыгы /
ДЕЛИ. Индия жергесинде Кыргыз тасмаларынын кинофестивалы ийгиликтүү аяктады. Бул иш-чара Эл аралык Медиа жана Оюн-зоок өнөр жай палатасы, «Marwah Studios» жана дүйнөдөгү он мыкты кино мектептеринин бири болуп саналган Азиянын кино жана телекөрсөтүү Академиясынын көмөгү аркасында Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги тарабынан уюштурулган.
Кинофестивалдын ачылыш аземинде ардактуу коноктор катары Элчилер, Нью-Делинин дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, маданий атташелер, киноиндустриянын өкүлдөрү, медиа чөйрөлөр жана Индиялык массалык маалымат каражаттары катышышты. Куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаев Ата Мекендик кинонун “Кыргыз керемети” феномени Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров жана башкалар өңдөнгөн мыкты режиссерлордун аркасында пайда болгондугун баса белгиледи. Мында негизги ролду, албетте, өткөн кылымдын 60-70-жылдары Кинематографисттер союзун жетектеген чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы зор роль ойногон. Анын чыгармаларынын негизинде дүйнөлүк кинонун алтын фондуна кирген тасмалар тартылган.
Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаев ошондой эле ушул тапта Кыргыз киносу 80 жылдыгын белгилеп жаткандыгын эске салды. Заманбап Кыргыз киносу дагы Эл аралык деңгээлде таанылып, учурдагы режиссёрлордун тасмалары ар кандай Эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарга ээ болууда. «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Эрте келген турналар»;, «Бөрү зындан» жана башка ушул сыяктуу белгилүү фильмдерди тарткан Советтик жана Кыргыз киносунун көрүнүктүү режиссеру Болот Шамшиевдин 80 жылдыгын белгилөө тууралуу өзүнчө сөз жүрдү. Фестивалдын алкагында көрүүчүлөргө Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган классикалык тасма «Саманчынын жолу», ошондой эле жаңы муундагы Кыргыз кинематографисттеринин «Курманжан Датка» жана «Дарак ыры» көркөм тасмалары көрсөтүлдү. Бардык кыргыз тасмалары көрүүчүлөргө күчтүү таасир калтырды жана салтанаттын ардактуу коноктору тарабынан абдан жогорку баага арзыды.
Индия жергесиндеги Кыргыз тасмаларынын кинофестивалынын жыйынтыгында С.Марва мырза индиялык көрүүчүлөрдүн Кыргыз киносуна болгон терең кызыгуусун өзгөчө белгиледи. Буга байланыштуу биздин өлкөлөрдүн маданий жакындашуусуна багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди.
Буга улай ушул эле фестивалдын алкагында Кыргыз Элчилиги Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн дагы уюштурду. Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги ошондой эле С.Марва мырзага жана «Кыргызфильм» улуттук киностудиясына Фестивалды уюштурууга көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ ӨЗГӨН РАЙОНУН КЫДЫРДЫ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеништин 80 жылдыгына ТЕҢ УКУКТУБУЗ!
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.