Аймак

КАРА-КӨЛДӨ “ТҮНКҮ ӨСПҮРҮМ” РЕЙДИ ЖҮРДҮ

КАРА-КӨЛДӨ “ТҮНКҮ ӨСПҮРҮМ” РЕЙДИ ЖҮРДҮ

 1,755 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 13-15-октябрь күндөрү Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Түнкү өспүрүм” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы  өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, түнкү рейд учурунда коомдук жайларда өспүрүмдөрдүн чоңдордун коштоосуз жүрүүсү текшерилди. Рейддин жыйынтыгында 22:00дөн кийин коомдук жайларда жүргөн12 өспүрүм аныкталып, материалдар шаардык мэриянын  балдар  менен  иштөө комиссиясынынкароосуна жөнөтүлдү.

Мындан сырткары 14-октябрь күнү Д.Шопоков атындагы №4 жалпы  билим берүү орто мектебинде Кара-Көл ШИИБдин жетекчилиги, шаардын мэринин катышуусунда ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу  учурунда  жашы  жете электер арасындагы суидциддин, топтошуп  коомдук  тартип бузуулардын, кылмыштуулуктун, жашы жете электерге карата  жасалган үй-бүлөлүк зомбулуктардын жана ар кандай укук бузуулардын  алдын  алуу  боюнча  түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери ата-энелерди өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз калтырбоого жана татыктуу тарбия берүүгө чакырышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17