Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,273 Бардыгы / Ош шаарынын Ишматов атындагы (мурунку Южная) көчөсүнүн жер аянтына жана бул аймактагы мамлекеттин кыймылсыз мүлктөрүнө юридикалык укуктарды ыйгарууда Ош шаар мэриясынын жетекчилигинин, ошондой эле калаанын мамлекеттик каттоо кызматынын, архитектура-курулуш мекемелеринин башчыларынын кайдыгерлигинин жана өзүм билемдигинин кесепетинен олуттуу мыйзамсыз башаламандыктарга жол коюлган. Дал ушунун кесепетинен бул чөлкөмдөгү жер аянтына ээлик кылуучулар арасындагы талаш-тартыш, […]
1,274 Бардыгы / Ош шаарынын Ишматов атындагы (мурунку Южная) көчөсүнүн жер аянтына жана бул аймактагы мамлекеттин кыймылсыз мүлктөрүнө юридикалык укуктарды ыйгарууда Ош шаар мэриясынын жетекчилигинин, ошондой эле калаанын мамлекеттик каттоо кызматынын, архитектура-курулуш мекемелеринин башчыларынын кайдыгерлигинин жана өзүм билемдигинин кесепетинен олуттуу мыйзамсыз башаламандыктарга жол коюлган. Дал ушунун кесепетинен бул чөлкөмдөгү жер аянтына ээлик кылуучулар арасындагы талаш-тартыш, […]
ШЫЛУУНДАР ОШ ШААРЫН БАЙЫРЛАШКАН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮ СОТ АРКЫЛУУ ЖЫЛУУ ТУРАГЫНАН КӨЧҮРҮҮГӨ ДАЛБАСА КЫЛЫШУУДА
18.10.2021 / Автор anarkan_kg

1,275 Бардыгы /
Ош шаарынын Ишматов атындагы (мурунку Южная) көчөсүнүн жер аянтына жана бул аймактагы мамлекеттин кыймылсыз мүлктөрүнө юридикалык укуктарды ыйгарууда Ош шаар мэриясынын жетекчилигинин, ошондой эле калаанын мамлекеттик каттоо кызматынын, архитектура-курулуш мекемелеринин башчыларынын кайдыгерлигинин жана өзүм билемдигинин кесепетинен олуттуу мыйзамсыз башаламандыктарга жол коюлган. Дал ушунун кесепетинен бул чөлкөмдөгү жер аянтына ээлик кылуучулар арасындагы талаш-тартыш, тактап айтканда, өз ара чабышуу соңку тапта накта апогейине жетип олтурат.


Караматкан НЫШАНБАЕВА, Ош шаарындагы Ишматов көчөсүнүн 8-үйүнүн тургуну: – Мен бул жер тилкесин, ошондой эле ашкана куруу үчүн аянтты “Сулайман Тоо” акционердик коомунун (мурунку автобазанын) жетекчилеринен накта 6 миң долларга сатып алганмын. Мен билгенден ошогеде автобазанын далай жерин каалагандай соодалашкан ошогездеги жетекчилери бүт чекесинен өлүп тынышты. Кийинчерээк кайдан-жайдан пайда болгон “Сулайман Тоо” акционердик коомуна айланган аталган ишкананын азыркы башчысы Айпери Сулайманова “Жер тилкелерин силер басып алыпсыңар. Эми көчкүлө!” деп бизди күн сайын үйүбүздөн кууп, а түгүл чекебизден сотко дагы берип, шаштыбызды куп гана кетирип бүттү.
Айтмакчы, “Сулайман Тоо” акционердик коомунун ошогездеги жетекчисинин №6-буйругунун негизинде Наргизахон Раимжановага ажыратылган 2400 чарчы метр жер тилкеси стратегиялык маанидеги Араван-Ак-Буура каналынын мамлекеттик коргоо тилкесинде гана жайланышкан. Андыктан, бул аянтка эч ким курулуш тикелөөгө майзам жол бербейт!
-Көрдүңүздөрбү? Үйүмдүн мобул жерпайын 6 миң долларга бетондоткомун. Анын айлана-тегерегине олтургузуган бак-дарагымдын өзү эле 15 миң сомду чапчыйт. Баш-аягы бүтпөгөн эле курулушка кеминде 100 миң доллар сарптадым, – деп көзүн жаштады Ош шаарындагы Ишматов атындагы көчөсүнүндагы бир тургуну Наргизахон Раимжанова. – Өзүм көп жылдардан бери кант диабети менен ооруп жүрөмүн. Буга кошул-ташыл болуп эми кан басымым дагы уламдан улам көтөрөлүп мукуратты.Эки кыз, эки уулум менен темселеп эки кай жакка барамын? Үйүмдү кантип көчүрөм, ыя!
Кепке ушул талаш аймактын дагы бир жашоочусу, ак жеринен жапа чеккендердин жактоочусу Салижан Каримов моминтип аралашты.
-Ош шаарынын мэриясы 2008-жылдын 10-июнундагы №1472-токтомун токуп, Кыргыз Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы №57-токтомунун талаптары Ош шаарындагы “Сулайман Тоо” акционердик коомунун төрагасы А. Сулайманов тарабынан аткарылбагандыгына байланыштуу Жер Кодексинин 29-, 66- жана 179-беренелерине таянып, Ош шаарынын Туран кичи районунда жайгашкан “Сулайман Тоо” акционердик коомуна мыйзамды орой түрдө бузуу менен энчиленген жер аянтын толук бойдон кайрадан муниципалдык менчикке тоткоосуз түрдө кайтаруу сунуш этилген. Тилекке каршы, бул чечим эмдигиче таптакыр аткарылбастан келатат, – деп аябай тызылдады Ош шаарынын Ишматов атындагы (мурунку Южная) көчөсүнүн жашоочуларынын жактоочусу, өзү дагы ушул чөлкөмдүн тургуну Салижан Каримов.


– Мунун кесепетинен бул аймактагы жер тилкелерин мыйзам чегинде гана сатып алышып, анан гана кыдырата үй салышкан жарандар жана Ош шаарынын муниципалдык менчик кызматы орду толгус жоготууга, мындайча айтканда, зыянга гана учурап олтурушат. Ошол себептүү Ош шаарынын прокуратурасы жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыгын акыры коргоп, шылуундардын – биргездеги автобазанын, а азыркы “Сулайман Тоо” акционердик коомунун жетекчилигинин үстүнөн сөзсүз кылмыш ишин козгоп, чыныгы айыпкерлерди бара-бара аныктап, аларды катарынан токтоосуз жазалоосун талап кылабыз! Ал эми Ош шаар мэриясы кыдырата курулуп калган үйлөрдүн документтерин – Кызыл Китебин юридикалык жактан мыйзамдаштырып берүүсүн көптөн-көп суранабыз?!?
Баса, Ош шаарынын Ишматов атындагы (мурунку Южная) көчөсүнүн тургундарынын бул өтүнүчүн – талаптарын Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мэри Алмаз Мамбетов эми жерде калтырбас. Ошентсе дагы, “Ордо” гезитинин редакциясы бул олуттуу маселенин жайгарылышын көңүл борборунда тутуп, а түгүл көзөмөлдөп дагы турмакчы…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
24.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ ФИЛАРМОНИЯ САЛЫНАТ
-
-
-
-
07.08.2024 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ЖАРЫМ ЖЫЛ ИЧИНДЕ 40 ЧАКАН ИШКАНА АЧЫЛДЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.