Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
646 Бардыгы / Казакстанда камактагы жарандык активисттер Абай Бегимбетов, Асхат Жексебаев, Кайрат Клышев, Ноян Рахимжанов жана Уласбек Ахметов Европа парламентинин депутаттарына жана Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылышты. Бул тууралуу укук коргоочу Бахытжан Торегожина Facebook баракчасына жазып, кайрылуунун фотокөчүрмөсүн жарыялады. Анда активисттер “саясий экстремизм” айыбы менен мыйзамсыз соттолушканын жазып, Европа парламенти менен БУУну Казакстандагы сот адилеттигине жооптуу […]
647 Бардыгы / Казакстанда камактагы жарандык активисттер Абай Бегимбетов, Асхат Жексебаев, Кайрат Клышев, Ноян Рахимжанов жана Уласбек Ахметов Европа парламентинин депутаттарына жана Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылышты. Бул тууралуу укук коргоочу Бахытжан Торегожина Facebook баракчасына жазып, кайрылуунун фотокөчүрмөсүн жарыялады. Анда активисттер “саясий экстремизм” айыбы менен мыйзамсыз соттолушканын жазып, Европа парламенти менен БУУну Казакстандагы сот адилеттигине жооптуу […]
КАЗАКСТАНДЫК АКТИВИСТТЕР ЕВРОПА ПАРЛАМЕНТИН НУР-СУЛТАНГА САНКЦИЯ КИРГИЗҮҮГӨ ЧАКЫРЫШТЫ
20.10.2021 / Автор anarkan_kg

648 Бардыгы /
Казакстанда камактагы жарандык активисттер Абай Бегимбетов, Асхат Жексебаев, Кайрат Клышев, Ноян Рахимжанов жана Уласбек Ахметов Европа парламентинин депутаттарына жана Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылышты.
Бул тууралуу укук коргоочу Бахытжан Торегожина Facebook баракчасына жазып, кайрылуунун фотокөчүрмөсүн жарыялады.
Анда активисттер “саясий экстремизм” айыбы менен мыйзамсыз соттолушканын жазып, Европа парламенти менен БУУну Казакстандагы сот адилеттигине жооптуу жетекчилерге карата персоналдуу санкцияларды киргизүүгө чакырышкан.
“Биздин кызыкчылыктарыбызды коргоп бергиле деген өтүнүч менен кайрылып жатабыз. Анткени казакстандык сотторго ишенбей калдык. Өлкөдө соттор көз каранды жана эч кандай ар-намысы жок экенине ынандык. Бизге карата чыккан сот өкүмдөрү — өз пикири бар, оппозициялык маанайдагы адамдарды коркутууга багытталган саясий буйрук. Сот эч кандай далилдердин жоктугуна, укуктарыбыздын бузулганына көңүл бурбай, күнөөсүз экендигибиз тууралуу дооматтарды караган жок. Муну менен соттор Казакстандын Конституциясын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыны бузушту”, — деп жазылган кайрылууда.
Буга чейин укук коргоочулар бул беш активистти Казакстандагы саясий туткундардын тизмесине киргизишкен.
Алматы шаардык соту 11-октябрда Абай Бегимбетовду, Асхат Жексебаевди, Кайрат Клышевди жана Ноян Рахимжановду беш жылга эркинен ажыратып, бул аралыкта соцтармактар аркылуу коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салган. Сот аларды “Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу” жана “Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу” беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Мындан тышкары ушул эле айыптар менен дагы тогуз активисттин эркиндиги бир жылдан эки жылдык мөөнөткө чейин чектелген.
Казакстандын адам укуктары боюнча бюросу 13 активисттин үстүнөн жүргөн соттук жараянды “оппозиция өкүлдөрүн саясий куугунтуктоо өнөктүгүнүн жеткен чеги” деп атаган.
Августтун аягында жогорудагы айыптар менен Алматы соту жарандык активист Уласбека Ахметовду эки жылга эркинен ажыратып, беш жыл бою соцтармактар аркылуу коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салган. Активисттердин баары айыптоолорду четке кагып, өкүмдөр боюнча жогорку баскычтарга даттануу ниеттерин билдиришкен.
Активисттерге тагылган айыптар өлкөдө “экстремисттик уюм” деп табылган “Казакстандын демократиялык партиясы” менен “Көчө партиясына” байланыштуу. Европа парламентинин жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын документтеринде бул кыймылдар тынч маанайдагы оппозициялык бирикмелер катары көрсөтүлгөн.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg БШ БШК: ЭРТЕҢ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРЫЗДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ АЯКТАЙТ
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНУНДА КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
-
22.10.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО 6 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ
-
11.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна АКСЫДА ЖАШТАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.