Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,810 Бардыгы / Өзгөн районуна караштуу Шералы кыштагынын Асранов атындагы көчөсүнүн 6-үйүнүн тургуну, Ооган согушунун ардагери, экинчи топтогу майып Эргешбай Жакыпов таптакыр айласы куруганда Кыргыз Республикасынын кыйноолорго каршы Улуттук Борборунун (мындан ары ККУБнын) Ош шаары жана Ош облусу боюнча Өкүлчүлүгүнө атайылап кайрылды. Анткени, пайгамбар жашындагы жаранды Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн (мындан ары Өзгөн РИИБсынын) кызматкерлери […]
1,811 Бардыгы / Өзгөн районуна караштуу Шералы кыштагынын Асранов атындагы көчөсүнүн 6-үйүнүн тургуну, Ооган согушунун ардагери, экинчи топтогу майып Эргешбай Жакыпов таптакыр айласы куруганда Кыргыз Республикасынын кыйноолорго каршы Улуттук Борборунун (мындан ары ККУБнын) Ош шаары жана Ош облусу боюнча Өкүлчүлүгүнө атайылап кайрылды. Анткени, пайгамбар жашындагы жаранды Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн (мындан ары Өзгөн РИИБсынын) кызматкерлери […]
ӨЗГӨН МИЛИЦИОНЕРЛЕРИ ООГАНЧЫНЫ КААЛАШЫНЧА КОРДОШТУ
20.10.2021 / Автор anarkan_kg

1,812 Бардыгы /
Өзгөн районуна караштуу Шералы кыштагынын Асранов атындагы көчөсүнүн 6-үйүнүн тургуну, Ооган согушунун ардагери, экинчи топтогу майып Эргешбай Жакыпов таптакыр айласы куруганда Кыргыз Республикасынын кыйноолорго каршы Улуттук Борборунун (мындан ары ККУБнын) Ош шаары жана Ош облусу боюнча Өкүлчүлүгүнө атайылап кайрылды. Анткени, пайгамбар жашындагы жаранды Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн (мындан ары Өзгөн РИИБсынын) кызматкерлери кааалашынча кордошуп-мазакташкан.
-60 жаштагы ооганчы Эргешбай Жакыповдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында таңга маал ал сааркы намазды кыштактагы мечитте окуп, анан үйүнө жаңы кайткан экен. Дал ошол кезде аны Акыл аттуу участкалык милиционер коңшусунун үйүнө чакырып, ашынасын бирөөлөр уруп-токмоктоп, дал ошонунун кесепетинен ал акыры өлгөндүгүн дагы айтыптыр, – деди ККУБнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Улугбек Абдулазимов. – Анан үйүнө кайтып, бул туурасында аялына айтып, экөө тең абдан катуу кайгырышыптыр. Анткени, 85 жаштагы маркум коңшу-колоңдору менен ынтымакчылыкта гана жашаптыр. Дал ошол күнү саат 10.00 чамасындаучасткалык милиционер Акыл деген Эргешбай Жакыповго өзү телефон чалып, аны Өзгөн РИИБсине келип-кетүүнү суранат. Ошондуктан, жубайы экөө дароо милицияга жетип барышат. Ал жерде буларды бир нече оперативник жана участкалык милиционер Акыл күтүп олтурушуптур. Анан булардын баары тең кайрадан Эргешбай Жакыповдун үйүнө барышып, анын турак жайын соттун санкциясыз эле бүтүндөй тинтишет. Бактыга жараша аталган үйдөн шектүү эч нерсе табышпайт. Ошентсе дагы, Эргешбай Жакыповду 16.00 чамасында кайрадан Өзгөн РИИБсына алып келишет.
ККУБнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Улугбек Абдулазимовдун айтымында, Эргешбай Жакыповду Өзгөн РИИБсинин имаратындагы биринчи кабаттагы каанага алып киришет. Шергазы дегени жана дагы бир жигит кармалган жаранга түшүнүк кат жаздырышат. Бир жолу жазгандан кийин жагы чиймелөөнү талап кылышат. Эргешбай Жакыпов моюн толгогондо, катарынан сөгүнүшүп, а түгүл кадимкидей эле ургулашат. Ошентип, кармалган адамга дагы он беш жолу түшүнүк кат жаздыртышат. Жаны кашайганда Эргешбай Жакыпов “Мени эмне үчүн токмоктоп жатасыңар? 60 жаштамын! Деги уялбайсыңарбы? Мунуңарды токтоткула?!?” деп жалынып-жалбарат. Ошого карабастан, тигилер буттары менен анын бооруна, кабыргасына жана башына дагы тепкилешет. Анан Шергазы айтканынан, шериги желим таяк жана презерватив апкелет. “Эгерде бул зордуктоону сен өз мойнуңа албасаң,бул дубинканы (желим таякты – автор) көчүгүңө тыгабыз!” деп кадимикидей коркутушат. Айласы таптакыр түгөнгөн Эргешбай Жакыпов полго олтуруп ыйлап, тигилерге дагы кадимкидей жалынып-жалбарат. Ошондо Шергазы “Мейли. Анда үйүңдөгү жеңил автоунааңды менин наамыма өткөрөсүң! Ошондо гана токтотобуз жана бул кылмыш ишиңди биротоло жабабыз!” – дейт уялбай-этпей. “Автоунаа уулумдуку. Мен кылмыш жасабасам деле, эмне үчүн сага беремин!” деп чал дагы көгөрөт. Дал ушул маалда ичкериге дагы бир мас милиционер кирип, титиреген Эргешбай Жакыповдун оозуна зордоп арак куят. Мындай зомбулук 6-октябрдын таңына дейре улантылат. Ошол күнү түнкү саат 21.00дө гана Эргешбай Жакыповду үйүнө араң жиберишет.
Ошентип, жаны абдан кашайган Эргешбай Жакыпов чындык издеп акыры ККУБнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Өкүлчүлүгүнө аргасыздан кайрылат. Бул Өкүлчүлүктүн башчысынын милдетин аткаруучу Улугбек Абдулазизов Ош облустук прокуратурасына дароо даттанды. Буга улай пайгамбар жашындагы ооганчы Эргешбай Жакыповду “Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук бирикмесине багытташып, акысыз юридикалык жардам көрсөтүп, бекер адвокат дагы жалдап беришти.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
21.10.2024 / Автор anarkan_kg АРАВАНДА КЫЗЫЛ КИТЕПКЕ КИРГЕН ЖАНЫБАРДЫ ӨЛТҮРГӨН ЖАРАНДАР КАРМАЛЫШТЫ
-
27.10.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна БАТКЕН КООГАЛАҢЫНДА КУРМАН БОЛГОНДОРДУ ЭСКЕРИШТИ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.