Аймак

ОШ ШААРЫНДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАМАГЫНЫНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ МАСЕЛЕСИ КАТУУ КӨТӨРҮЛДҮ

ОШ ШААРЫНДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАМАГЫНЫНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ МАСЕЛЕСИ КАТУУ КӨТӨРҮЛДҮ

 918 Бардыгы /

          ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мэриясында вице-мэр Венера Рыскулованын жетекчилиги астында окуучулардын саламаттыгына кам көрүү багытында түзүлгөн Координациялык комиссиянын кезектеги жыйыны аяктады.

Жыйындын жүрүшүндө жумушчу комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгында шаардагы кенже класстарга берилүүчү ысык жана шашке тамакты даярдоодо, ошондой эле аны берүүдө санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык нормаларынын талаптарынын сакталышы, тамактын сапаттуулугу боюнча Оштогу райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгеринин орун басары М.Өмүрзаковдун, Өзгөчө кырдаал министрлигине караштуу өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Г.Базарбаевдин маалыматтары угулду.

М.Өмүрзаков өз сөзүндө мектеп ашканаларындагы текшерүү белгиленген тартип боюнча жана жарандардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи.Ушул тапта Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 53 жалпы билим берүүчү мектептерде 75 054 окуучу билим алат. Булардын ичининен 1-4 – класстарда 33 001 окуучу билим алышып, 23 459 окуучуга шашке тамак (булочка, печенье жана башкалар) жана 9 542 окуучуга ысык тамак берилет. 2018-2019-жылдары Ош шаардык билим берүү башкармалыгында кенже класстарды шашке тамак менен камсыз кылууга тараптарды тандап алуу үчүн тендердик комиссия дагы түзүлгөн. Комиссия тандап алган кондитердик цехтер шаар мектептеринин окуучуларын тамак-аш жана сүт менен үзгүлтүксүз камсыздайт. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык көпчүлүк кондитердик цехтер санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарды толук кандуу сакташкан эмес. Ошондуктан, шаардагы 16 мектепке тазалыкты жана санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 42 000 сомдук айып пул дагы салынды.

Ошентип, аталган жыйындын соңунда Координациялык комиссия мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгеринин орун басары М.Өмүрзаковдун жана Өзгөчө кырдаал министрлигине караштуу өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу

Г.Базарбаевдин берген маалымкаттарын негиз кылып, Кыргыз Өкмөтүнүн 11.04.2016-жылындагы №201 жана Ош шаардык мэриясынын 08.12.2020-жылдагы №372 токтомдорун аткарбагандагы үчүн Билим берүү жана илим министрлигине Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисине карата тиешелүү чукул чара көрүү сунушун киргизүү, ал эми мектеп директорлоруна жана кондитердик цехтердин жетекчилерине бир айлык мөөнөттө кетирген кемчиликтерин толугу менен жоюу чечими кабыл алынды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17