Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,465 Бардыгы / Сары-Челек коругунан мыйзамсыз бугуну аткандардын иши тергелип жатат. Баштапкы маалыматта тинтүү учурунда алардын жанынан курал табылган эмес. Бүгүн адистердин “Аймак” редакциясына берген маалыматы боюнча аларга тиешелүү болгон 2 мылтык табылып, экспертизага берилди. 31-октябрда Аксынын “Сары-Челек” биосфералык коругунда мыйзамсыз оор кылмыш катталды. Анда сейрек кездешкен бугуну атып, жиликтеп жаткан 5 киши кармалды. Союлган марал […]
1,466 Бардыгы / Сары-Челек коругунан мыйзамсыз бугуну аткандардын иши тергелип жатат. Баштапкы маалыматта тинтүү учурунда алардын жанынан курал табылган эмес. Бүгүн адистердин “Аймак” редакциясына берген маалыматы боюнча аларга тиешелүү болгон 2 мылтык табылып, экспертизага берилди. 31-октябрда Аксынын “Сары-Челек” биосфералык коругунда мыйзамсыз оор кылмыш катталды. Анда сейрек кездешкен бугуну атып, жиликтеп жаткан 5 киши кармалды. Союлган марал […]
БУГУНУ АТЫП, ЖИЛИКТЕП ЖАТКАНДАРДЫН 2 МЫЛТЫГЫ БОЛГОН
04.11.2021 / Автор anarkan_kg

1,467 Бардыгы /
Сары-Челек коругунан мыйзамсыз бугуну аткандардын иши тергелип жатат. Баштапкы маалыматта тинтүү учурунда алардын жанынан курал табылган эмес. Бүгүн адистердин “Аймак” редакциясына берген маалыматы боюнча аларга тиешелүү болгон 2 мылтык табылып, экспертизага берилди.
31-октябрда Аксынын “Сары-Челек” биосфералык коругунда мыйзамсыз оор кылмыш катталды. Анда сейрек кездешкен бугуну атып, жиликтеп жаткан 5 киши кармалды. Союлган марал 5 жашта болгон. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын башчысы Сабыр Томоевдин айтымында мыйзамсыз кадамга баргандарды, “билбей жасашкан” дегенге болбойт. Анткени алардын жаштары да чоң, мыйзамдан кабардар эле жарандар дешет.
Учурда бул иш боюнча комиссия түзүлүп, жеринде иш алып барууда. Ал эми кармалган жарандар Сары-Челек коругунун ичиндеги Аркыт айылынын тургундары. Коруктун жетекчилиги мындагыларга тынымсыз түшүндүрүү иштери жүрөрүн айтат. Буга чейин да тургундар тарабынан жеңил катачылыктар болуп турган. Бирок бул сыяктуу мыйзам бузуучулук орун алган эмес.
Бугуну аткан жарандарга мыйзам боюнча 2 млн сом доо коюлат. Бул иш учурда милициянын Аксы райондук бөлүмүнө “жаныбарларды жок кылуу” беренеси менен катталды. Тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда Сары-Челек коругунда каттоого алынган 50 бугу бар. Марал – Борбор Азияда жоголуп бараткан жаныбарлардын бири. Ал Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген. Аны аткандарга 1 миллион сом айып салынат. Эгерде ал кайтарылган корукта атылганы аныкталса, айып пул эки эсе көтөрүлөт. Расмий маалымат боюнча учурда Кыргызстандын аймагында 427 баш бугу-марал бар. Алар негизинен Сары-Челек жана Нарын коруктары менен Ысык-Көл облусун байырлайт.
Белгилей кетсек, буга чейинки маалыматтарда 4 жаран болгондугу анан жанынан эч кандай курал табылбаганы эле айтылып жаткан. Бүгүн текшерүүдө алар 5 жаран экени анан 2 мылтыгы бар болгону аныкталыптыр.
Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА 2010-ЖЫЛДАГЫ ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ ЭСКЕРИЛДИ
-
21.07.2025 / Автор anarkan_kg МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ АЛГАЧКЫ БЕТТЕШИНДЕ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.