Аймак

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ БОЮНЧА БИР АЙДА ЭКИ ЖОЛУ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЖҮРҮП ЖАТАТ

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ БОЮНЧА БИР АЙДА ЭКИ ЖОЛУ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЖҮРҮП ЖАТАТ

 1,491 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо жаатында эксперттик топ орток пикирге келген соң сүйлөшүү Өкмөттөр аралык макулдашууга чыгарылат. Бул жөнүндө президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев ачыктады. Анын айтымында, чек ара боюнча расмий эки топ ай сайын эки ирээт жолугуп жаткан чагы. Мындан тышкары чек арага байланыштуу бардык мекемелер дагы өзүнчө иш алып барышууда.

  • Тажикстан менен саясий диалог дагыле улантылып жатат. Эки

өлкөнүн жумушчу тобу бар. Алар ай сайын эки ирээт жолугуп, акырындап баарын тең такташтырып жатат. Экөө тең бекем позициясыны карманууда. Чек ара жаңжалында майып болгондор, каза тапкандар дагы бар. Биз бул баракты жаап, жаңы барактан баштайлы, бирок эки өлкө ортосундагы кызыкчылыктар бирдей болсун деп жатабыз. Эки тарап тең уттурбасын! Ошондуктан, эки тараптан эксперттер сүйлөшсүн, бир пикир тапкандан кийин  гана Өкмөттөр аралык макулдашууга чыгалы деп жогорку жактан айтышты. Азыр сүйлөшүү гана жүрүп жатат. Губернаторлор дагы өз деңгээлинде иштеп, элди аралаштырууда. Бул сөзсүз керек! Бишкекте жана Дүйшөмбүдө отуруп алып биз аларды байкабай жатабыз да. Жергиликтүү эл ошол жерде баарын тең көрүп жатат. Мамлекеттин, Өкмөттүн милдети – элге ыңгайлуу гана шарт жаратуу. Ошондуктан, бардыгы чек арага байланыштуу органдар активдүү жана тыгыз иштеп жатышат. Биз жылышты гана күтүп атабыз, – деп кошумчалады президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев.

Быйыл Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу толугу менен жапкан. Президент Садыр Жапаров үстүбүдөгү жылдын 23-октябрындагы жылдык маалымат жыйынында чек ара толук такталмайынча ачылбай тургандыгын билдирген эле. Анда чек ара маселесин чечүүдө негизги төрт көйгөй бар экендигин баса белгилеп, Тажикстандын Баткен жана Лейлек райондорундагы айрым жерлер боюнча позициясын Кыргызстан эч качан кабыл албай тургандыгын жарыялаган.

Ушундан кийин гана Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык  делегациялардын топографиялык иш топторунун кезектеги жолугушуусу өткөрүлдү. Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эки тараптын мурда жетишилген макулдашуусуна ылайык, жолугушуу быйыл 5-9-октябрда Кыргызстандын Исфана шаарында уюштурулду.

Ал эми Баткенде ушул жылдын 28-30-апрелинен 1-майына чейин созулган Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр жана бир катар социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, а түгүл жарактан чыккан. Ал эми Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин дагы козгошкон.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17