Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
964 Бардыгы / Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда (ЖОЖ) билим алып жаткан тажик студенттерин өлкөдөн чыгарбай жатат. “Чек арачылар бизди өткөрбөй, “Кыргызстандын бийлиги силердин коопсуздугуңарга кепилдик бергенде гана өлкөдөн чыгарабыз” деп жатышат. Азыр Тажикстандан чыгууга уруксат берилишин күтүп турган студенттер өтө көп”, — деди кыргыз ЖОЖдорунун биринде окуган Файзиддин Бобоев аттуу студент. Анын айтымында, […]
965 Бардыгы / Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда (ЖОЖ) билим алып жаткан тажик студенттерин өлкөдөн чыгарбай жатат. “Чек арачылар бизди өткөрбөй, “Кыргызстандын бийлиги силердин коопсуздугуңарга кепилдик бергенде гана өлкөдөн чыгарабыз” деп жатышат. Азыр Тажикстандан чыгууга уруксат берилишин күтүп турган студенттер өтө көп”, — деди кыргыз ЖОЖдорунун биринде окуган Файзиддин Бобоев аттуу студент. Анын айтымында, […]
ТАЖИК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДА ОКУГАН ТАЖИКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИ ӨЛКӨДӨН ЧЫГАРБАЙ ЖАТАТ
09.11.2021 / Автор anarkan_kg

966 Бардыгы /
Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда (ЖОЖ) билим алып жаткан тажик студенттерин өлкөдөн чыгарбай жатат.
“Чек арачылар бизди өткөрбөй, “Кыргызстандын бийлиги силердин коопсуздугуңарга кепилдик бергенде гана өлкөдөн чыгарабыз” деп жатышат. Азыр Тажикстандан чыгууга уруксат берилишин күтүп турган студенттер өтө көп”, — деди кыргыз ЖОЖдорунун биринде окуган Файзиддин Бобоев аттуу студент.
Анын айтымында, Кыргызстандагы окуу жайлар аларга чек ара ачылганы жана сабактарга келиши керектиги тууралуу каттарды жөнөтүшкөн.
Өткөн жумада Кыргызстандын Чек ара кызматы май айынан бери бир тараптуу жабык турган кыргыз-тажик чек арасындагы кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнүн билдирген. Ага ылайык, этникалык кыргыздар, кыргыз жарандарынын Тажикстандын жарандыгына ээ эрезеге жете элек балдары, Кыргызстандын ЖОЖдорунда окуган же иштеген тажик жарандыгы бар студенттер менен окутуучулар өлкө аймагына кире алышат. Ошол эле маалда алардын кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду”, “Кайрагач”, “Кызыл-Бел”, “Бордөбө” жана “Карамык” бекеттери аркылуу гана өтүүсүнө уруксат берилет.
21-октябрда Министрлер кабинетинин чечими менен Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилген. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов “Твиттердеги” баракчасына жазган.
Кыргызстандагы ЖОЖдордо окуган тажикстандык студенттердин маселеси 29-майда кыргыз тарап чек араны бир тараптуу жапкандан кийин башталган. Баткенде 28-30-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.
Чек ара жабылгандан кийин тажик студенттери окууларын улантуу үчүн Кыргызстанга кире албай калышкан. Алардын көбү Тажикстандагы окуу жайларга которулса, айрымдары түрдүү себептерден улам мекенинде окуусун уланта алышкан эмес.
Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-2021-окуу жылында Кыргызстандагы ЖОЖдордо 1932 тажикстандык студент билим алган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
01.10.2026 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНҮН ЖАШООЧУЛАРЫНАН КАБАР АЛЫНДЫ
-
-
01.10.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg КӨК-АРТ РАЙОН ЭЛЕКТР ТАРМАКТАРЫ 85 ПАЙЫЗ КҮЗ- КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯР
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.