Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,072 Бардыгы / Парламенттик шайлоонун жүрүшүндө Ош жергесинде шайлоочулардын добуштары арзыбаган акчаларга ачык эле соодаланды. Ал эми президент Садыр Жапаровдун саясий коррупцияны бекем убадалаган административдик ресурстары Бийликчил партиялардын пайдасына камчы салдырбастан өлүп-тирилип иштешти. Ош шаарындагы Автозаводская көчөсүнүн тургуну М. И. – Жогорку Кеңеш шайлоосуна катышкан “Ыйман Нуру” партиясынын үгүтчүсү. Ал Алмагүл аттуу штаб башчысына атайын жолугуп, […]
1,073 Бардыгы / Парламенттик шайлоонун жүрүшүндө Ош жергесинде шайлоочулардын добуштары арзыбаган акчаларга ачык эле соодаланды. Ал эми президент Садыр Жапаровдун саясий коррупцияны бекем убадалаган административдик ресурстары Бийликчил партиялардын пайдасына камчы салдырбастан өлүп-тирилип иштешти. Ош шаарындагы Автозаводская көчөсүнүн тургуну М. И. – Жогорку Кеңеш шайлоосуна катышкан “Ыйман Нуру” партиясынын үгүтчүсү. Ал Алмагүл аттуу штаб башчысына атайын жолугуп, […]
ОШТО ДОБУШТАР САТЫЛДЫ. А АДМИНИСТРАТИВДИК РЕСУРСТАР ТЫМЫЗЫН ПАЙДАЛАНЫЛДЫ…
29.11.2021 / Автор anarkan_kg

1,074 Бардыгы /
Парламенттик шайлоонун жүрүшүндө Ош жергесинде шайлоочулардын добуштары арзыбаган акчаларга ачык эле соодаланды. Ал эми президент Садыр Жапаровдун саясий коррупцияны бекем убадалаган административдик ресурстары Бийликчил партиялардын пайдасына камчы салдырбастан өлүп-тирилип иштешти.
Ош шаарындагы Автозаводская көчөсүнүн тургуну М. И. – Жогорку Кеңеш шайлоосуна катышкан “Ыйман Нуру” партиясынын үгүтчүсү. Ал Алмагүл аттуу штаб башчысына атайын жолугуп, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу максатында андан 40 миң сом алган. Мынча акчаны калаанын Латипжанов атындагы көчөсүн байырлашкан шайлоочуларына таратып жатканда милиция кызматкерлери тарабынан тузакка илинди.
Буга улай Ош жергесинде Социал-демократтар партиясынан парламентке талапкердин тарапташы дагы добуш сатып алган деп шектелип жатат. Бул жөнүндө Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүчү кызматынын өкүлдөрү тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк Айыл Өкмөтүндө жарандар шайлоочулардын добушун сатып алууга аракеттенип жатышкандыгы боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Бул ыкчам маалымат Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергѳө аракеттерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) негизинде сотко чейинки ѳндүрүш иши башталган. Ошентип, ыкчам-тергѳѳ аракеттеринин жүрүшүндѳ 2021-жылдын 27-ноябрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну 23 жаштагы Т.Ж. 24 миң сомду 24 жарандын ар бирине 1000 сомдон таркаткандыгы ашкереленди. Ошондуктан, аталган жаран тергѳѳгѳ алынып келинди. Тергѳѳ учурунда биротоло тастыкталгандай, бул жаранга таанышы Н. аттуу жаран “2021-жылдын 28-ноябрында өткөрүлчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттарды шайлоо күнү Социал демократиялык партиясынын №5-тизмедеги талапкердин пайдасына шайлап койгула?!?” деп он күн мурда 100 миң сом акча таштап кеткендиги, бул каражаттын 24 миңин жакын тууган-уруктарына таркатып, ал эми калган 76 миң сомун Н. ысымдуу таанышына 2021-жылдын 25-ноябрында кайтарып берип, акча алган шайлоо күнү добуш бере турган 24 адамдын тизмесин жана паспорт кѳчүрмѳлѳрүн дагы кошуп бергендиги аныкталды.
Кыскасы, акча таркатылган жарандар тергѳѳгѳ камсыздалып, алар ыктыярдуу түрдѳ алган акчаларын тергѳѳгѳ дароо ѳткѳрүп беришти. Топтолгон материалдардын жана далил буюмдардын негизинде акча таркаткан Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну Х.Н. жана 23 жаштагы Т.Ж кармалышып, тергѳѳ жараяны ушул тапта ыраса кызыды. Акча таркаткан 26 жаштагы Х.Н. жарандын аталган партияга кандай тиешеси бардыгы туурасында тактоо иштери дагыле улантылып жатат.
Ошентип, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ош шаарындагы Автозаводская көчөсүнүн тургуну, Жогорку Кеңеш шайлоосуна катышкан “Ыйман Нуру” партиясынын үгүтчүсү М. И. нин жана Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну Х.Н. нын, ошондой эле 23 жаштагы Т.Ж. нын батирлерине жана аталган саясий партиялардын штабдарына тыкыр тинтүү жүргүзүлгөндө, ар өңүттөгү үгүт баракчалары, тизмеленген баракчалар жана ири өлчөмдөгү акча каражаттары дагы табылды.


“Ата Мекен” партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы коррупция балакети шайлоо тилкелерине сыйбай, эми көчөгө агылгандыгын жар салды.
-Ырас, шайлоо системасы реформаланып, анан дагы “Акылдуу үкөктөр” орнотулду. Албетте, муну чет өлкөлүк жана КМШ мамлекеттеринин байкоочулары жогору баалаганчалык бар! – деп агынан жарылды Ата Мекен партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Текебаев. – Тилекке каршы, коррупция балакети Кыргызстанда көчөлөп кетти. 28-ноябрда деле добуштарды соодалоо жана сатып алуу дагыле токтогон жок! Муну тыюу, албетте, жакын арада таптакыр мүмкүн үмес!
Ал эми Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бул ирет административдик ресурстар дээрлик урунулбагандыгын ачыктады.


-Жогорку Кеңеш шайлоосунун босогосунда эле административдик ресурстар колдонулуп жаткандыгын байкаган президет Садыр Жапаров бир катар аймактардын жетекчилерин күтүүсүздөн ротациялабадыбы. Мен дагы сөгүш жедим, – деди Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов. – Ошого карабастан парламенттик шайлоого аралашкан мэриянын жети кызматкерин жумушунан дароо бошоттум. Булардан тышкары дагы экөөнү кызматынан четтеттим. Дагы далайы административдик жазага кириптер кылынып, сөгүш жеп тынышты….
Деген Алмаз Мамбетов шайлоо кесепети дагыле көбүнө катуу тийээрин моминтип дагы бир ирет эскертти: – Парламенттик шайлоо аяктаганы менен, баары тең унутулуп, анан токтобойт.Акыркы сааттарда 28-ноябрдагы Жогорку Кеңеш шайлоосунда добуштарды сатып алууга, административдик ресрустарды колдонууга дагы бир катар шектүүлөр кармалышты. Эгерде мындан ары дагы ушул өңүттө ишенчиликтүү маалыматтар түшсө, сүзсүз дыкаат териштирилет. Анан катаал чаралар дагы көрүлөт.
Буга улай Ош шаарындагы №5271-шайлоо тилкесинде автоматташтырылган башкаруу системасынан чыккан баракчадан (чектен) “Бүтүн Кыргызстан” жана “Багыт” партияларынын чийилип калгандыгы айгинеленди.
-Бул – техникалык ката! Мындай жорук Ош шаарында жалгыз гана шайлоо тилкесинде катталды, – деп кашкайган чындыкты акыры моюндады Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Алматов. – Бул жарактуу чек. Аны чыгарып жатканда ушундай кейипти кийген. Катачылыкты дароо кайра калыбына келтирдик.
Деген менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына №10-Куршаб шайлоо округунан ат салышкан талапкер Төлөгөн Келдибаев административдик ресурстар тымызын, бирок, ашкере колдонулгандыгын тастыктады.


-Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов каратып туруп калп айтышып, жандарын жешпесин! – деп чырылдады Жогорку Кеңештин депутаттыгына №10-Куршаб шайлоо округунан ат салышкан талапкер Төлөгөн Келдибаев. – Булар өз бийлигин эптеп сактап калуу максатында Бийликтин партияларына тымызын өлө жүгүрүштү. Бийликчил талапкерлерге айла жок жан лагы тартышты. А түштөн кийин элдип алдашып, актанып жомок айтышпасын!
Мындай пикирин “Улуттар Биримдиги” партиясынын Алай району боюнча координатору Жыргалбек Жээнбеков дагы ачыктады.
-Ыя, айланайындар! Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда административдик ресурстар адаттагысынча акимге, губернаторго, Өкмөт башчысына жана Президентке айтышпастан, өздөрү эле катуу иштешти. Атаандаштарыбыз “Улуттар Биримдиги”, “Бүтүн Кыргызстан” өңдөнгөн партиялардыжамандагандан башкага жарашкан жок. Бизге бирдей шарт жаратып бергенге даашпады. Ошондуктан, биз жакын арада сөзсүз Жогорку Кеңеш шайлооссунун жыйынтыгына карата жер-жерлерде бир катар нааразычылык акцияларын уюштурабыз! – деди “Улуттар Биримдиги” партиясынын Алай району боюнча координатору Жыргалбек Жээнбеков.
АЛ ЭМИ БУЛ АРАДА
28-нобярдагы Жогорку Кеңештин шайлоосунда босого пайыздан таптакыр өтпөй калышкан бир нече партия парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын таптакыр тааныбай турушкандыгын жарыялашты.
“Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар биримдиги” жана Социал-демократтар партиясы атайын маалымат жыйынын өткөрүшүп, добуштар ачык эле бурмалангандыгын баса белгилешип, азыркы Кыргыз Бийлигинен кайра калыс шайлоо өткөрүүнү абдан катуу талап кылышты. Ошондой эле Министрлер кабинетинин толук бойдон отставкага кетүүсүн дагы талап этишти.
Ошентип, 28-ноябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Булардын 54түнө гана мандат тапшырылат. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышкан 282 талапкердин 36сына гана мандат ыйгарылат. Кыскасы, жалпы жонунан бул жолку Жогорку Кеңеш 90 депутаттан куралат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ 479 МЕКТЕПТЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ҮЧ АЙ ИЧИНДЕ ОЛУТТУУ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОРДУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
-
-
24.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ ФИЛАРМОНИЯ САЛЫНАТ
-
26.08.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ «КАРКЫРА» БЕКЕТИ КҮНҮ-ТҮНҮ ИШТЕЙ БАШТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.