Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,012 Бардыгы / ДЕЛИ. Индиянын башкалаасында «Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы пост-эпоха доорундагы соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» онлайн форматында бизнес-форуму жыйынтыкталды. Аталган юбизнес-форумга Кыргыз Республикасынын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Асейин Исаев, Индиянын Экспорттук уюмдар федерациясынын башкы директорунун орун басары Ашиш Джейн (FIEO), Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директорунун орун басары Р. Аданов, Кыргыз […]
1,013 Бардыгы / ДЕЛИ. Индиянын башкалаасында «Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы пост-эпоха доорундагы соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» онлайн форматында бизнес-форуму жыйынтыкталды. Аталган юбизнес-форумга Кыргыз Республикасынын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Асейин Исаев, Индиянын Экспорттук уюмдар федерациясынын башкы директорунун орун басары Ашиш Джейн (FIEO), Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директорунун орун басары Р. Аданов, Кыргыз […]
«КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ИНДИЯНЫН ОРТОСУНДАГЫ COVID-19 ИЛДЕТИНЕН КИЙИНКИ ДООРДО СООДА ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛЫК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР» БИЗНЕС-ФОРУМУ АЯКТАДЫ
29.11.2021 / Автор anarkan_kg

1,014 Бардыгы /
ДЕЛИ. Индиянын башкалаасында «Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы пост-эпоха доорундагы соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» онлайн форматында бизнес-форуму жыйынтыкталды.
Аталган юбизнес-форумга Кыргыз Республикасынын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Асейин Исаев, Индиянын Экспорттук уюмдар федерациясынын башкы директорунун орун басары Ашиш Джейн (FIEO), Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директорунун орун басары Р. Аданов, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тышкы байланыштар жана долбоорлорду илгерилетүү департаментинин директору К. Беков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин агроазык-түлүк кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги У. Чекирбаев, Кыргызстандын ѳнѳр жай ишканаларынын жана ишмерлеринин союзунун эл аралык байланыштар бѳлүмүнүн директорунун орун басары З. Арсма, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин Инвестицияларды колдоо бөлүмүнүн адиси жана жүздөн ашуун Индия ишканаларынын алдыңкы ѳкүлдѳрү катышышты.
Кыргыз Элчиси Асейин Исаев өз сөзүндө FIEOнун ишкердик мамилелерди чыңдоо жаатындагы ишинде абдан кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экендигин баса белгилеп, мындан ары тыгыз кызматташууга чакырды. Ал Кыргыз Республикасынын биргелешкен ишканаларды түзүү жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү жана алардын ЕБ, ЕАЭБ жана ДСУ рыноктору менен иштөө перспективалары жөнүндө кыскача маалымат дагы таратты. Ошондой эле биздин өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук байланышты, мунун ичинде Чабахар, Бандар-Аббас порттору жана Түндүк-Түштүк жолу аркылуу чыңдоонун маанилүүлүгүн дагы баса белгиледи.
FIEO Уюму 1965-жылы Индиянын Соода министрлиги тарабынан өлкөнүн экспортун илгерилетүү боюнча бардык кызыкдар тараптардын аракеттерин бириктирүү максатында түзүлгөн. Индиядагы 35 миңден ашык ар түрдүү соода жана ѳнѳр жай ишканалары бул абройлуу Уюмдун туруктуу мучѳсү болуп саналышат. Индиянын ар кайсы шаарларында 17 кеңсеси бар. FIEO түз жана кыйыр түрдө Индиянын бардык тармактарынан жана кызматтарынан 200 000ден ашык экспорттоочунун кызыкчылыктарына кызмат кылат.
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү инвестициялык климат, экспорттук мүмкүнчүлүктөр, айыл чарба, энергетика, туризм боюнча баяндама жана тушоо кесүү аземин жасашты. Катышуучулар химиялык өнөр жай, айыл чарба продукциясын экспорттоо/импорттоо, кызмат көрсөтүү сектору жана башка тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө дагы абдан кызыгышты. Бир катар суроо-жооптордон кийин эки тарапты кызыктырган негизги багыттар аныкталып, мындан ары байланыштарды бекемдөөгө өз ара макулдашуулар түзүлдү. Форумдун жыйынтыгын консолидациялоо үчүн фармацевтика, текстиль, туризм, айыл чарба, энергетика жана башка тармактарда кызматташууну бекемдѳѳ максатында 2022-жылдын биринчи жарымында Индиядан бизнес делегациянын Кыргыз Республикасына расмий өнөктөштүк сапарын уюштуруу пландаштырылды.
«Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы пост-эпоха доорундагы соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» онлайн форматындагы бизнес-форумунун катышуучуларынын саны жана индиялык бизнес-делегациянын Кыргыз Республикасына иш сапарын уюштуруу боюнча жетишилген макулдашуулар Индия бизнесинин Кыргыз Республикасы менен кызматташууга реалдуу кызыгуусун бекем айгинелеп тургандыгын баса белгилей кетүүбүз абзел!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна КЕРБЕН ШААРЫНЫН МЭРИНЕ КАТУУ СӨГҮШ БЕРИЛДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.