Аймак

ОШМУда ЖАШТАРДЫН МЕДИА ФОРУМУ АЯКТАДЫ

ОШМУда ЖАШТАРДЫН МЕДИА ФОРУМУ АЯКТАДЫ

 804 Бардыгы /

ОШ. Ош мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасы Ош шаарындагы жана Ош облусундагы мектеп мугалимдери, окуучулар жана медиа тармагына кызыккан жаштар үчүн атайын медиа форум өткөрдү.

          ОшМУнун медиа форумунда жаңы медиа жана форматтар, пост чындыгы, маалымат коопсуздугунун эрежелери, сынчыл ойлом, маалымат жаратуу жана таратуу, жеке жана коомдук гигиена, социалдык медиа боюнча кеңири маалыматтар берилди. Мындан тышкары журналистика кафедрасынын окутуучулары тарабынан социалдык тармактарда пикир алышуунун этикети, эрежеси жана жаңы медиа доорундагы маалыматтык стандарттар багытында мастер-класстар дагы өткөрүлдү.

          Ошентип, аталган медиа форумдун алкагында 8-декабрь — Телекөрсөтүү жана үналгы кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата дагы студенттер арасында эң мыкты телерепортаж даярдоо боюнча сынак жарыяланып, студенттерден 20дан ашуун материалдар келип түштү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган эмгектерге дипломдор жана акчалай сыйлыктар кошо тапшырылды. Буга чейин ОшМУнун журналистика кафедрасы түштүк чөлкөмүндөгү журналист болууга кызыкдар жаштар үчүн “Болочок журналисттер” форумун дагы өткөргөн. Ушул тапта ОшМУнун   журналистика кафедрасы  аталган адистикке студенттерди журналистиканын түрдүү багыттарында билим берип, тарбиялап келатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17