Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
8,347 Бардыгы / Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Гуз Айыл Өкмөтү жаратылыш катаклизминин накта чордонунда жайланышкан. Ошол себептүү аймактагы кооптуу кокту-колоттордо жашагандарга жер тилкелерин ажыратып, аларды жаңы жана опурталсыз конуштарга чукул арада көчүрүү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эмес Айыл Өкмөт башчысы Дагыбек МАМИШЕВдин ыраса башын оорутуп жаткан маалында таап, аны кеңсесинен чыгып баратканда эле капыл-тапыл кепке тарттык. […]
8,348 Бардыгы / Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Гуз Айыл Өкмөтү жаратылыш катаклизминин накта чордонунда жайланышкан. Ошол себептүү аймактагы кооптуу кокту-колоттордо жашагандарга жер тилкелерин ажыратып, аларды жаңы жана опурталсыз конуштарга чукул арада көчүрүү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эмес Айыл Өкмөт башчысы Дагыбек МАМИШЕВдин ыраса башын оорутуп жаткан маалында таап, аны кеңсесинен чыгып баратканда эле капыл-тапыл кепке тарттык. […]
Дагыбек МАМИШОВ: “КАРА-ГУЗ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ЖАРАТЫЛЫШ КАТАКЛИЗМИНИН ЧОРДОНУНДА ЖАЙЛАНЫШКАН”
16.12.2021 / Автор anarkan_kg8,349 Бардыгы /
Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Гуз Айыл Өкмөтү жаратылыш катаклизминин накта чордонунда жайланышкан. Ошол себептүү аймактагы кооптуу кокту-колоттордо жашагандарга жер тилкелерин ажыратып, аларды жаңы жана опурталсыз конуштарга чукул арада көчүрүү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эмес Айыл Өкмөт башчысы Дагыбек МАМИШЕВдин ыраса башын оорутуп жаткан маалында таап, аны кеңсесинен чыгып баратканда эле капыл-тапыл кепке тарттык.
-Дагыбек мырза, мобул Жетим-Дөбө айылында 29 үй-бүлө абдан кооптуу тилкелерде дагыле жансактап жатышыптыр. Буларды эмнеге опурталсыз жайларга чукул арада көчүрбөйсүздөр, ыя?
-Туура эле баамдапсыздар. Жетим-Дөбө кыштагындагы 29 үй-бүлө дагыле кооптуу кокту-колоттордо эптеп жашап жатышат. Буларга Айыл Өкмөтүбүзгө караштуу Талаа аймагынан ар бир үй-бүлөгө 8 сотыхтан жер тилкеси, анан дагы Мамлекеттик Актысы (Кызыл Китеби) кошо берилген. А түгүл Айыл Өкмөтүнүн токтому дагы ошол маалда жарык көргөн.
Тилекке каршы, жарандарга үй салуу үчүн ажыратылчу чектерди, жалпы жонунан 2,50 гектар аянтты Айыл Өкмөтүбүздүн мурунку башчысы 2008-жылы ушул эле аймактын тургуну Айдар Аскаровго он жылдын мөөнөткө ижарага тартуулап ийген экен. Ал эми 2008-жылы 22-мартта дагы ошогездеги Айыл Өкмөт башчысы Т. Жумаев дагы ижара мөөнөтүн он жылга Кара-Гуз Айылдык Кеңешинин депутаттарынын макулдугусуз эле өзү билемдикке салып узартып таштаптыр.
-Биздин маалыматыбызга караганда, ошогездеги Айыл Өкмөт башчысы Т. Жумаев менен ижарачы Айдар Аскаров түзгөн келишимде 2,50 гектар жерди атайылап гана бурмалашып, “1 гектары – чөп ормо аянт, дагы 1,50 гектары сугат айдоо аянты” деп анык эле көз боемочулук кылышкан дагы турбайбы?
-Ооба. Ыя, айланайын! Ушунчалык дагы бети жоктук кылышабы? 2,50 гектар – бул калктуу конушка ылайыкташкан гана аянт. Муну атайын адистер деле биротоло аныкташпадыбы. Эми булар жосунсуз жоруктары үчүн – калктуу конуш жер аянтынын категориясын “1 гектары – чөп ормо аянт, дагы 1,50 гектары сугат айдоо аянты” деп карасанатайлык менен атайылап өзгөртүшкөндүгү үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш!
-Эми деги кантесиздер?
-Акыры биз соттошууга бекем ыктадык. Биздин мындан башка аргабыз калган жок!
-Ош облустук административдик иштер боюнча соту Сиздердин даттанууңуздарды дароо эле карагандыр?
-Моюнга алуубуз парз. Алишер мырза, адилеттик акыры орноду. Ош облустук административдик иштер боюнча соту тараптардын пикирлерин абдан дыкаат тыңдап, анан дагы колубуздагы бүт материалдарды кылдат караштырып, андан соң гана өзүнүн акыйкат чечимин акыры жар салды.
Кара-Гуз Айыл Өкмөтүнүн аймактарындагы кооптуу тилкелерден көчүрүлгөн жарандарга турак жай куруу максатында жер тилкесин бөлүп берүү үчүн Кара-Гуз Айыл Өкмөтүнүн менчигиндеги Калматай айылынын тургуну Айдар Аскаровго он жылдык мөөнөткө гана берилген 2018-жылдын 22-мартындагы эки тараптуу келишим акыры мыйзам чегинде биротоло бузулду.
Ошентип, Кара-Гуз Айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-мартындагы №6-токтому дагы буга улай дароо жокко чыгарылды. Кыскасы, Калматай айылынын тургуну Айдар Аскаровдун он жылдык мөөнөткө ижарага энчиленген 2,50 гектар аянтты пайдалануу укугу Кара-Гуз Айыл Өкмөтүнүн пайдасына токтотулду.
-Дагыбек мырза, канетсе дагы, жердешиңиз Айдар Аскаров жөн жатпастан бул сапар Жогорку Сотко даттансачы?
-Албетте, бул – бизден жер талашкан Айдар Аскаровдун жарандык укугу. Жогорку Сот деле коллегиалдуу органдын – Ош облустук административдик иштер боюнча сотунун чечимин өзгөртүүсүз толук бойдон күчүндө калтырат деген терең ишеничтемин! Анткени, көрдүңүздөр го, акыйкатчылык жана чындык – биз тарапта!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
26.03.2024 / Автор anarkan_kg ТИМ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ АЗЫРЫНЧА ОРУСИЯГА БАРБАЙ ТУРУУГА ЧАКЫРДЫ
-
01.04.2024 / Автор anarkan_kg АЙДООЧУЛАРГА АМАНЧЫЛЫК ТИЛЕГЕН ООЗ АЧАР УЮШТУРУЛДУ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.