Аймак

АЙЫЛ МЕКТЕБИНДЕГИ АЛДЫҢКЫ ИШТЕР

АЙЫЛ МЕКТЕБИНДЕГИ                              АЛДЫҢКЫ ИШТЕР

 1,668 Бардыгы /

“Кеңеш”  орто мектеби Ноокат районунун Бел айыл аймагындагы  Борбаш айылында жайгашкан. 540 окуучуга  ылайыкташтырылган  эки кабаттуу мектептин  имараты 1981-жылы пайдаланууга берилген. Анда 120 окуучуга ылайыкташтырылган ашкана,  актовый зал, спорт зал, 20 окуу каанасы, китепкана жана окуучулар үчүн окуу залы  жайгашкан.  Материалдык-техникалык базабыз жакшы. Бизде эки интерактивдүү доска,  үч проектор, беш телевизор, эки принтер, он беш компьютер бар. 

   Учурдан пайдаланып, Бел айыл өкмөтүнүн дарегине  мектеп жамаатынын атынан ыраазылык айтып коюуну туура көрүп турабыз. Анткени, 2020-жыл “Санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата айыл өкмөт алты компьютер алып берген. Биз Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына башталгыч 1-4- класстарынын окуучуларын ысык тамакка өткөрүү  үчүн  долбоор жазган болчубуз. Алардын талабына ылайык мектептин ашканасын толугу менен  капиталдык ремонттон өткөрүү зарыл болчу.  Мына ушундай учурда айыл өкмөт тарабынан  жалпы суммасы жалпы суммасы 521 000 (беш жүз жыйырма бир миң) сом бөлүнүп берилип, капиталдык ремонттон жүргүзүлдү. 

  Мектептин пайдубалын анын  чатырынан түшкөн суусунан сактоо максатында 331 метр жерге ноо орнотулду.  Ага айыл өкмөт тарабынан 90 000, мектептин көмөкчү чарбасынан 50 000, мугалимдер тарабынан 8000 сом акча каражаты жумшалды.

   Мектеп жамаатынын демилгеси менен  быйылкы окуу жылында мектептин сыртын заманбап үлгүдө сырдадык,  ага  жалпы жонунан 101 250 сом  акча каржаты сарпталды.  Бул максатта айыл өкмөттөн 44 250, камкорчулардын эсебинен 27000  сом бөлүнүп, мугалимдер жамааты  тарабынан 30000 сом топтоп берилди.

   Быйылкы окуу жылында мектептеги ар бир окуу кааналарга доска, парта, стул, стол, шкаф, лабораториялык мебелдерди жана жылытуу системасын жаңыртуу  максатында Япония элчилигинин «Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу”деп аталган грант программасына долбоор жазганбыз, ал жактырууга ээ болсо, мектептин материалдык-техникалык базасы андан ары чыңдалмакчы.  

  Окуучуларды социалдык жактан  теңдөө максатында ата- энелер Кара-Көл шаарындагы “Нур-Ай ” кийим тигүү ишканасы менен келишим түзүп,  бардык окуучулар бирдиктүү формага өтүштү. Мектеп формасы келишимге  ылайык фирма тарабынан өз баасынан  20% арзандатуу менен  тигилди. Көп балалуу, аз камсыз болгон  10 үй- бүлөнүн  бирден баласына акысыз мектеп формалары берилди. “Нур-Ай ” кийим тигүү ишканасы биздин мектепке 75 000  сом акчалай көмөк көрсөттү.  Окуучулардын бирдиктүү форма кийүү ыкмасын башка мектептерге да жайылтуу максатында мектебибизде семинар өткөрүү пландаштырып жатабыз.

    Быйылкы окуу жылында 761 окуучу катталып, аларга 56 мугалим билим тарбия берип  жатат.   Мектепте 7 усулдук бирикме  өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Мугалимдерге болгон талап күчтүү. Ошондуктан  өз билимдерин өнүктүрүү максатында ар түрдүү курстарга барышып, кыска мөөнөттүү тренингдерге  катышып, заман талабына ылайык  билимдерин тереңдетип келишүүдө. Алдыңкы сабактарынын иштелмелерин, алгылыктуу тажрыйбаларын басылмаларга  жарыялап  турушат. 

   Мугалимдерди  өз ишине болгон чыгармачылык мамилесин калыптандырууда, өз кесибине болгон кызыгуусун  өстүрүүдө жыл сайын өткөрүлүп туруучу “Жылдын мыкты мугалими ” кароо-сынагынын ролу зор. Мындай иш-чаранын алкагында  педагогдор  өздөрүнүн интеллектуалдык деңгээлин, чеберчилигин  арттырып, сабактын сапатын көтөрүүгө  аракетенишет. “Жылдын мыкты мугалими -2019” конкурсунун жүрүшүндө  Айжамал Узакова аттуу мугалимибиз өзүнүн сабагында заман талабына ылайык техникалык каражаттарды мыкты пайдалана алгандыгы менен өзгөчөлөнүп, “Санарип мугалим” номинациясына ээ болгон. 

   Тарых сабагынын  мугалими Гулиза  Мурзаева “Жылдын мыкты мугалими-2020”  кароо сынагына катышып, аймакта 1-орунга чыгып, райондо “Мыкты презентация” номинациясына  татыктуу болгон.  Кыргыз тили жана адабияты мугалими   Элзана Каримова  “Жылдын мыкты жаш  мугалими -2021”  кароо сынагынын аймактык турунда  «Аракети мыкты жаш мугалим»  деп бааланып,  райондук сынакка катышуууга жолдомо алган. Райондук турда  Ардак грамота менен сыйланган.

  Учурда мектептердин билим сапаты олимпиаданын жана  республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктары менен белгиленип жатат.  Ошондуктан биздин мектепте жыл башынан тартып эле мектепте олимпиадалык топтор түзүлүп, алардын иш-пландары, журналдары бекитилет. Чейрек сайын мектеп ичинде олимпиадалар өткөрүлүп, анын жеңүүчүлөрү аныкталат.

Биздин мектептин окуучулары аймактык, райондук, облустук турларга катышып,  алдыңкы орундарды камсыз кылып келүүдө. Атап айтсак,  2019-2021- окуу жылында география  сабагынын мугалими Хализа Насирова  окуткан  Акматбек кызы Аида райондо 1, облуста 2, республикада 2-орунду камсыз кылды.  Ал эми чет тили мугалими Гулкайыр Урайымова даярдаган Имамшафи Бараталиев аттуу окуучу   райондо  1-орунду  ээлеп, облустук турда 4-орунду камсыз кылды.

   Акыркы 4 жылда Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө ээ болдук: 2017-2018- окуу жылында 44 окуучу 11- классты аяктап, анын 24ү ЖРТга катышып, мектептин орточо баллы 143 болгон. Эң жогорку 193 баллды  Кутманбек кызы Мээрим камсыз кылган.  2018-2019-окуу жылында 11-классты аяктаган 30 окуучунун 18и  тестке катышкан. Ошол жылы  мектептин орточо баллы 129 болсо, эң жогорку 179 баллды Бакирова Гулзина камсыз кылган. 2019-2020- окуу жылында 11-классты 34 окуучу аяктап, ЖРТга 22 окуучу катышып, мектептин орточо баллы 133 болгон. Бул жылы эң жогорку 170 баллды Маматазимова Нуриза камсыз кылган.

2020-2021-окуу жылында мектептин орточо баллы 145,1 болду. Эн жогорку  203 баллды Бараталиев Имамшафи көрсөттү.

Мектепте окуучулардын бош убактыларын туура пайдалануу максатында  таасирдүү  маданий-массалык иш чаралар уюштурулуп,  аларды предметтик ийримдерге тартуу колго алынган.

Улуу Жеңиштин 75-жылдыгына карата онлайн  түрүндө уюштурулган “Аталардын эрдигин даңктайбыз”аттуу республикалык фестивалдын “Көркөм окуу” номинациясы боюнча биздин мектептин  3 окуучусу  атайын дипломдор менен сыйланышты.  Бул сынакта уюштурууга кошкон салымы үчүн  “Кенеш” орто мектебинин жамааты КР билим билим берүү жана илим министри К.Исаковдон “Ыраазычылык кат” алган.

      Кыргыз элинин  баа жеткис сыймыгы, эң негизги руханий  байлыгы болгон «Манас» эпосун мектеп окуучулардын арасында  кеңири жайылтуу максатында    мектепте “Манас таануу” ийрими уюштурулуп, аны кыргыз тили жана адабияты мугалими Митабархан Каратаева жетектеп келе жатат. Бул ийримге катышкан окуучулар  райондук деңгээлдеги конкурстарда ийгиликтерге жетишти.

    “Илим жана техника” ийримин физика мугалими Эркин кызы Нурзада жетектейт. Анын  аракети менен  Иса уулу  Нурболот аттуу окуучубуз   “XXI кылымдын  интеллектуалдары” конкурсуна катышып,  райондук, облустук деңгээлдеги турларда  жакшы ийгиликке жетишип, грамоталар менен сыйланды. 

Быйылкы окуу жылында биздин мектептин 10-класстын окуучусу Гүлнур Мухамидинова  Р.Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган «Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү долбоорундагы 7-11-класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн   республикалык конкурска катышып, анын жазган  «Кыз кыялы»  темасында эссеси  мыктылардын катарына кошулуп,   биздин мектептин окуучусу атайын  сертификат  жага баалуу китеп менен сыйланды.

    Биздин мектептин окуучулары жолдо жүрүү эрежелерин өздөштүрүү  боюнча уюштурулган  “Жаш жол кыймылынын тескөөчүлөрү“ кароо сынагына  жыл сайын катышышып, байгелүү орундарге жетип келишет. Алар облустук  МАИ кызматкерлери менен бир күндүк  жүрүшкө чыгышып, өздөрүнүн билим деңгээлин практикада колдонушуп, жол кыймылынын тескөөчүлөрүнүн  мактоо сөздөрүнө  арзышты.

  1-декабрдагы  Бүткүл дүйнөлүк  «СПИД оорусуна каршы күрөшүү» күнүнө карата    уюштурулган “Позитив жашоо” –деген аталыштагы кароо сынакка чакан видеоролик тартуу жана кереге гезит жассо менен  катышкан Юсубалиева Айжылдыз аттуу окуучубуз  райондук турда  3-орунду ээлеп, облустук турда да жакшы көрсөткүчтөргө жетишип,  баалуу сыйлыктарга ээ болду.  

   3-декабрда мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата мектептеги аз камсыз  ден соолугунда мүмкүнчүлүгү  чектелген жарандарды камкордукка алуу иш-чарасы уюштурулду.

Кыргыз элинин сыймыгы болгон планетардык масштабдагы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү кыргыз тили жана адабияты мугалими Митабархан Каратаеванын аракети менен жыл сайын зор салтанат менен белгиленип келет. Быйылкы жылы болуп  өткөн салтанат Кыргыз Республикасынын Улутук жазуучулар союзунун мүчөсү,   публицист Төлөнбай Абдыразаковдун катышуусу менен өткөрүлдү. Кеченин жүрүшүндө 11-класстын окуучулары жазуучунун чыгармаларынын   үзүндүлөрүн  сахналаштырышып,  анын каармандарына арналган  обондуу ырларды аткарып беришти,

 Биздин коногубуз Т.Абдыразаков агайыбыз  «Кыргыз Туусу» гезитинин 2 номеринде  Чынгыз Айтматовдун  апасы Нагима Хамзеевна Абдубалиева тууралуу жарыяланган публицистикалык жанрдагы көлөмдүү  макаласынын  жазылыш тарыхы,  андан кийин Чыңгыз ага менен болгон  жолугушуусу, улуу жазуучу Айтматовдун анын апасы тууралуу жазылган макаласы үчүн ага ыраазы болгондугу жөнүндө  баяндама жасап, окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берди.

      Спорт менен машыгуу жаштардын бош убактысын бош өткөрүүгө жол бербей, ден-соолугун чындоого жардам берет. Ушул жагдайды эске алуу менен  дене тарбия мугалимдери  А.Эргешов менен А.Сапаров  окуучуларды спорттук  мелдештерге тартууга аракет кылышат. Алар машыктырган  Д. Кутманбеков,  П. Куваталиев, Акыл уулу Ренат баштаган балдардын  волейбол боюнча командасы  республикалык  деңгээлдеги мелдештерде  байгелүү орунду ээлеп  келишти.  2005-2006-жылы туулган  окуучулар арасында өткөрүлгөн   кышкы спартакиадада балдар командасы 1- орунду камсыз кылышты.

      Абдиллаким Сапаров жетектеген  кыздар командасы  облустук мелдештерге чейин  катышып келишкен. Быйылкы окуу жылында курамында Акматбек кызы Аида, Мамирасул кызы Урматай, Мухамидинова Гулнур, Абдиллаева Адина, Юсубалиева Айжылдыз, Максатбек кызы Аида, Алимбек кызы Махира, Шашканова Назданай, Бакирова Акмаанайдан турган кыздар командасы райондук спартакиадада 2-орунду ээлеп кайтышты.

                                                                            Дилбар Аширбаева,

  Ноокат районундагы «Кеңеш» орто мектеби директору

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17