Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
757 Бардыгы / Жалал-Абад телерадио компаниясынын (мындан ары ЖТРКнын) мурунку директору Куттумидин Базаркуловду Бишкек шаарындагы өз үйүнөн, өлөң төшөгүнөн өздөрүн “УКМКнын кызматкрлерпбиз ” деп тааныштырышкан куралчандар аңдып жүрүп кармап кетишти. Түштүк жергесиндеги таанымал журналистти аталган телерадио компанияны жетектеп турган маалында кызмат абалынан кыянттык менен пайдаланган деп катуу айыптап жатышат. -Кудум парламенттик шайлоонун астанасында, ушул жылдын 27-ноябрында, […]
758 Бардыгы / Жалал-Абад телерадио компаниясынын (мындан ары ЖТРКнын) мурунку директору Куттумидин Базаркуловду Бишкек шаарындагы өз үйүнөн, өлөң төшөгүнөн өздөрүн “УКМКнын кызматкрлерпбиз ” деп тааныштырышкан куралчандар аңдып жүрүп кармап кетишти. Түштүк жергесиндеги таанымал журналистти аталган телерадио компанияны жетектеп турган маалында кызмат абалынан кыянттык менен пайдаланган деп катуу айыптап жатышат. -Кудум парламенттик шайлоонун астанасында, ушул жылдын 27-ноябрында, […]
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖУРНАЛИСТ КУТТУМИДИН БАЗАРКУЛОВДУ СОТТОП ЖАТЫШАТ
20.12.2021 / Автор anarkan_kg

759 Бардыгы /
Жалал-Абад телерадио компаниясынын (мындан ары ЖТРКнын) мурунку директору Куттумидин Базаркуловду Бишкек шаарындагы өз үйүнөн, өлөң төшөгүнөн өздөрүн “УКМКнын кызматкрлерпбиз ” деп тааныштырышкан куралчандар аңдып жүрүп кармап кетишти. Түштүк жергесиндеги таанымал журналистти аталган телерадио компанияны жетектеп турган маалында кызмат абалынан кыянттык менен пайдаланган деп катуу айыптап жатышат.
-Кудум парламенттик шайлоонун астанасында, ушул жылдын 27-ноябрында, таңга маал Бишкек шаарындагы үйүбүзгө куралчан кишилер Германия СССРге күтүүсүздөн кол салгандай, байкатпастан батирибизге басып киришти. Же колдорунда соттун деле чечими жок! – деп ыйлактады Куттумидин Базаркуловдун жубайы Жамила Сыдыкова. – Үйүбүздү үч көтөрүп, каалагандай антарып-теңтеришти. Ыраса шимшилешип, аябай чачып текшеришти. Бактыбызга жараша үйүбүздөн күмөндүү илинчек дегеле таба алышкан жок! Тилекке каршы, баары бир күйөөмдү кармап кетишти.
Ошентип, саарлап эле УКМКнын Бишкектеги башкы кеңсесине жолдошумдун камалышынын жөн-жайын сүрүштүрөйүн деп барсам, аны Бишкектен түз эле Жалал-Абад шаарына алып кетишиптир. УКМК өкүлдөрүнүн айтымында, эми жолдошумдун ошол жакта биротоло соттошот экен.
Деген менен жарандык активист Эрлан Бектур уулу азыркы Кыргыз бийлиги ЖТРКнын мурунку директору Куттумидин Базаркуловду тайманбаган саясий көш карашы жана бекем тутунган жарандык позициясы үчүн гана ачыктан ачык куугунтуктап жатат деп эсептейт.
-Жарандык активист жана көрүнүктүү журналист Куттумидин Базаркуловду Жогорку Кеңеш шайлоосунан кийин эле Кыргыз бийлигин курал-жарак колдонуп, андан ары күч менен басып алууга шектелип камалышкан Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов жана жарандык активист Азамат Мусакеев менен бир командада ийиндеше иштешкендиги үчүн эле жөнсүз айыптап жатышат, – деп аябай тызылдады жарандык активист Эрлан Бектур уулу. – А азыркы Кыргыз бийлиги мурункуларынын дагы ашыптүштү. Нукура атаандаштарын ушинтип чекесинен эле камап жатпайбы.Мындай жышаан буларга, албетте, абийир алып келбейт! Тескерисинче, жарандык коомдун нааразычылыгын жана туруктуу каршылыгын гана жаратат.
– 2015-2016-жылдарда жолдошум Куттумидин Базаркулов ЖТРКны жетектеп турган маалында Жалал-Абад облустук прокуратурасы аны ар тараптуу текшерип, ЖТРКга заманбап видео жабдууларды сатып алууда жана дагы ага тендер өткөрүүдө эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун ырастаган. Демек, күйөөмдүн камалышын мен, ошондуктан, накта саясий куугунтук деп гана эсептеймин! – деп кошумчалады Куттумидин Базаркуловдун жубайы Жамила Сыдыкова. – Анткени,ал акыркы мезгилде көз карандысыз журналист сынары дал азыркы Кыргыз бийлигинин кадр саясатын ачык-айкын сындап, а түгүл Баткен жергесиндеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр-чатакка карата дагы өзүнүн жарандык позициясын дароо жар салып турбадыбы.
Ошентип, Жалал-Абад шаардык сотуЖТРКнын мурунку директору Куттумидин Базаркуловду 2022-жылдын 28-январына дейре камакта калтырган өкүмүн акыры угузду. Ушундай көп убакыт өтпөй эле Жалал- Абад облустук соту дагы бул ишти чагылгандай тездик менен карап, жогорудагы өкүмдү эч өзгөртүүсүз күчүндө калтырды.
Айтмакчы, журналист Куттумидин Базаркулов акыркы мезгилде “Дербиш” коомдук фондун активдүү жетектеп, буга улай “Адам” гезитинин баш редакторлук вазийпасын дагы абийирдүү аркалап келаткан. Быйылкы Президенттик шайлоодо дагы өзүнүн талапкерлигин коюп, бирок, кийинчерээк арыз ын кайра чакыртып алган. Ушундан көп өтпөстөн “Модератор.кж” сайтын негиздеп, бүгүнкү Кыргыз бийлигинин өтө олуттуу катачылыктарын аргументтелген негизде гана ашкере сындап жаткан.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg БШ БШК: ЭРТЕҢ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРЫЗДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ АЯКТАЙТ
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНУНДА КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
-
-
-
25.11.2024 / Автор anarkan_kg НООКАТТЫН ЖОЛУН СЫНДАГАН ЮТУБЕРДИН КАМАКТАГЫ МӨӨНӨТҮ УЗАРТЫЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.