Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
907 Бардыгы / Казакстандын Алматы шаарынын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов жекшемби күнкү брифингде “Январь окуясында” калаада каза тапкандар жөнүндө маалымат берди. “Жарандардан 149 адам каза болду. Укук коргоо органдарынын 11 кызматкери курман болду”, – деди Таймерденов. Полиция башкармалыгынын жетекчиси каза болгондордун канчасы күч кызматкерлеринин огунан өлгөнүн тактаган жок. Таймерденов өзгөчө абал режими учурунда “атайын даярдыктан […]
908 Бардыгы / Казакстандын Алматы шаарынын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов жекшемби күнкү брифингде “Январь окуясында” калаада каза тапкандар жөнүндө маалымат берди. “Жарандардан 149 адам каза болду. Укук коргоо органдарынын 11 кызматкери курман болду”, – деди Таймерденов. Полиция башкармалыгынын жетекчиси каза болгондордун канчасы күч кызматкерлеринин огунан өлгөнүн тактаган жок. Таймерденов өзгөчө абал режими учурунда “атайын даярдыктан […]
АЛМАТЫДА 149 КИШИ МЕРТ БОЛУП, 41 СӨӨК “УУРДАЛГАНЫ” КАБАРЛАНДЫ
17.01.2022 / Автор anarkan_kg

909 Бардыгы /
Казакстандын Алматы шаарынын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов жекшемби күнкү брифингде “Январь окуясында” калаада каза тапкандар жөнүндө маалымат берди.
“Жарандардан 149 адам каза болду. Укук коргоо органдарынын 11 кызматкери курман болду”, – деди Таймерденов.
Полиция башкармалыгынын жетекчиси каза болгондордун канчасы күч кызматкерлеринин огунан өлгөнүн тактаган жок.
Таймерденов өзгөчө абал режими учурунда “атайын даярдыктан өткөн” адамдар өлүкканалардан сөөктөрдү уурдоого аракет кылган жети учур катталганын маалымдады. Казак бийлиги мурдараак тополоңдордун жана кыйратуулардын артында “эл аралык террорчулардын бандасы” турганын билдирген эле.
“Чабуулдарды атайын даярдыктан өткөн, курал кармаганды жана согуш ыкмаларын мыкты билген адамдар жасаган. Ошол эле маалда алар өлгөндөрдү жана жараат алгандарды калтырбай, баарын өздөрү менен чогуу ала кетишкен. Бул күндөрү өлүкканага жети жолу чабуул болуп, 41 сөөктү белгисиз адамдар уурдап кетишкен”, – деди 16-январда Таймерденов.
15-январда Казакстандын Башкы прокуратурасынын кылмыш иштерди козгоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев соңку нааразылык акцияларында жана тополоңдо каза тапкан 225 кишинин сөөгү өлүкканага жеткирилгенин маалымдаган. Ал “өлгөндөрдүн бир бөлүгү теракттарга катышкан, имараттар менен укук коргоо кызматкерлерине чабуул жасаган куралдуу бандиттер. Каза болгондордун ичинде 19 полиция жана аскер кызматкерлери бар”, – деп тактаган.
Шалабаев 225 адамдын канчасы жөн-жай тургундар, канчасы “бандит” деп сыпатталган адамдар экенин жана алар кандай шартта каза тапканын так айткан эмес. Прокуратура өкүлү билдиргендей, өлкөдөгү соңку окуяларда жалпысынан 4578 жабырлануучу аныкталды жана алардын 4353ү жаракат алган. Алардын ичинде 3393 киши укук коргоо органдарынын кызматкерлери.
Күч кызматтары маалыматтар такталып жатканын, дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертишти.
9-январда казак бийлиги 164 адам өлгөнүн “Телеграмга” жазган. Бирок кийинчерээк бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги четке каккан.
Коңшу өлкөдөгү соңку нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.
13-январда Amnesty International эл аралык уюму Казакстандын бийлигин нааразылык учурунда каза болгон жайкын тургундардын жана андан бери кармалган адамдардын санын ачык айтууга үндөгөн. Уюм ошондой эле кармалгандардын арасындагы журналисттерди жана активисттерди бошотууга үндөгөн.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА БИЛЬЯРД БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛДЫ
-
-
16.05.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.