Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,036 Бардыгы / 31-январда АКШнын демилгеси менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, орус аскерлеринин Украина чек арасына жакын жерге топтолушу талкууланды. Жыйында сүйлөгөн уюмдун баш катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Розмари Дикарло БУУ тараптарды чагымчылдыктан алыс болууга жана каатчылыкты дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча иштерди улантууга чакырды. Батыш өлкөлөрү менен Киев Орусиянын Украинага жакын […]
1,037 Бардыгы / 31-январда АКШнын демилгеси менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, орус аскерлеринин Украина чек арасына жакын жерге топтолушу талкууланды. Жыйында сүйлөгөн уюмдун баш катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Розмари Дикарло БУУ тараптарды чагымчылдыктан алыс болууга жана каатчылыкты дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча иштерди улантууга чакырды. Батыш өлкөлөрү менен Киев Орусиянын Украинага жакын […]
УКРАИНАДАГЫ АБАЛГА БАЙЛАНЫШТУУ БУУНУН КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
01.02.2022 / Автор anarkan_kg

1,038 Бардыгы /
31-январда АКШнын демилгеси менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, орус аскерлеринин Украина чек арасына жакын жерге топтолушу талкууланды.
Жыйында сүйлөгөн уюмдун баш катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Розмари Дикарло БУУ тараптарды чагымчылдыктан алыс болууга жана каатчылыкты дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча иштерди улантууга чакырды.
Батыш өлкөлөрү менен Киев Орусиянын Украинага жакын жерге 100 миңден ашык аскерин жайгаштырганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, Москва бул өлкөгө кол салууга даярдык көрүп жатышы мүмкүн деп эсептешүүдө. Өз кезегинде Орусия мындай айыптоолорду четке кагууда.
“Орусия февралдын башында Беларустун Украинага жакын жайгашкан аймактарына 30 миңден ашык аскерин жайгаштырууну пландап жатканын көрсөткөн маалыматтарды алуудабыз. Азыр Беларуста Орусиянын 5 миңге жакын аскери, ошондой эле “кичи аралыктагы баллистикалык ракеталары, абадан коргонуу күчтөрү жана атайын даярдыктагы аскердик бөлүктөрү бар. Орус күчтөрүнүн Украинага жакын жерлерге топтолуусу — акыркы бир нече он жылдыктагы Европадагы аскерлердин эң ири мобилизациясы”, — деди АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд.
Мындан тышкары ал Орусия Украинага кол салса, АКШ жана анын өнөктөштөрү тез жооп кайтарарын эскертти.
Буга чейин Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Москва Украина маселеси боюнча Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрүүгө каршы экенин билдирип, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бул сунушту колдобоого чакырган. Ал жыйын өткөрүү сунушу “ойдон чыгарылган жана Орусия буга чейин бир нече жолу четке каккан негизсиз айыптоолордон улам” сунушталганын белгилеген. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында БУУнун Коопсуздук кеңешинин 10 мүчөсү сунушту колдоп, Орусия менен Кытай каршы болсо, дагы үч өлкө добуш берген жок.
Небензя журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусия НАТОнун чыгышты көздөй кеңейүүсүн токтотуу талабы боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаса да Украинага кол салбай турганын билдирди.
Коопсуздук кеңешиндеги талкуулардын жыйынтыгы боюнча эч кандай резолюция долбоорун кабыл алуу каралган эмес. Ал кабыл алынган күндө да вето коюу укугу бар Орусия өзүн айыптаган резолюция долбооруна бөгөт коёт деп күтүлүп жаткан.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
10.10.2025 / Автор anarkan_kg РАЙОНДО ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫ КАТЫШКАН 3 КҮНДҮК МАШЫГУУ ӨТҮҮДӨ
-
04.11.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОР МЕНЕН ЗАВОД КУРУУ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
26.12.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫ РАЙОНУНДА 150 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.