Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
907 Бардыгы / Казакстан парламентинин 2-февралдагы жыйынында “элден уурдалган каражатты” чет өлкөлөрдөн кайтаруу жөнүндө сөз болду. “Tax justice network уюмунун маалыматына караганда, акыркы 25 жылдын ичинде Казакстандан чет өлкөлөрдөгү офшорлорго 140-160 миллиард доллар чыгарылып кеткен. Бул сумма Казакстандын ички дүң өнүмүнүн бир жылдык көлөмү менен өлкөнүн тышкы карызына барабар”, — деди “Ак жол” фракциясынан депутат Максат […]
908 Бардыгы / Казакстан парламентинин 2-февралдагы жыйынында “элден уурдалган каражатты” чет өлкөлөрдөн кайтаруу жөнүндө сөз болду. “Tax justice network уюмунун маалыматына караганда, акыркы 25 жылдын ичинде Казакстандан чет өлкөлөрдөгү офшорлорго 140-160 миллиард доллар чыгарылып кеткен. Бул сумма Казакстандын ички дүң өнүмүнүн бир жылдык көлөмү менен өлкөнүн тышкы карызына барабар”, — деди “Ак жол” фракциясынан депутат Максат […]
ДЕПУТАТ: 25 ЖЫЛДА КАЗАКСТАНДАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ОФШОРЛОРГО 140-160 МЛРД ДОЛЛАР ЧЫГАРЫЛЫП КЕТКЕН
03.02.2022 / Автор anarkan_kg909 Бардыгы /
Казакстан парламентинин 2-февралдагы жыйынында “элден уурдалган каражатты” чет өлкөлөрдөн кайтаруу жөнүндө сөз болду.
“Tax justice network уюмунун маалыматына караганда, акыркы 25 жылдын ичинде Казакстандан чет өлкөлөрдөгү офшорлорго 140-160 миллиард доллар чыгарылып кеткен. Бул сумма Казакстандын ички дүң өнүмүнүн бир жылдык көлөмү менен өлкөнүн тышкы карызына барабар”, — деди “Ак жол” фракциясынан депутат Максат Раманкулов.
Анын айтымында, айрым маалыматтар боюнча Казакстандын укук коргоо органдары акыркы беш жылдын ичинде капиталды мыйзамсыз чет өлкөгө чыгарып кетүү фактылары боюнча 200дөн ашык кылмыш ишин козгогон.
“Бирок өлкөгө олуттуу суммадагы каражат кайтарылганы тууралуу эч нерсе белгисиз. Биздин фракция ондогон жылдардан бери “Панама тизмеси”, “Бейиш досьеси” жана Швейцария банктарындагы казакстандык эсептер тууралуу маселелерди көтөрүп келет”, — деди Раманкулов.
Мындан тышкары ал коомчулукта “январь окуялары маалында олигархтар Казакстандан өздөрү гана качпастан, ири суммадагы каражаттарды да чет өлкөлөргө чыгарып кетишкен” деген сөздөр айтылып жатканын кошумчалады.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-январда бизнестин өкүлдөрү менен жолугуп, өлкө байлыгынын жарымына 162 киши ээлик кыларын айтып, январь окуяларына байлар менен жакырлардын ортосундагы “өтө чоң айырма” себеп болгонун белгилеген.
Бери дегенде эле 227 кишинин өмүрүн алган жыл башындагы кандуу окуялардан кийин Токаев “Казак калкына” деген фонд түзүлгөнүн билдирген. Фонддун администрациясы анын ишине 150 миллиард теңгеге (343 миллион доллар) чейин каражат тартуу пландалып жатканын билдирген.
Офшордук аймактардан алынган миллиондогон документтерди камтыган “Пандора кагаздарында” (Панама тизмеси) Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева жана анын уулу Нурали Алиев жөнүндө да жазылган. “Бейиш досьеси” деген аталышка ээ болгон дагы бир документтер топтомунда жогорку кызматтарда иштеген эки казакстандыктын ысымы аталган. Бул документтерди Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму менен Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору 2017-жылы жарыялаган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
20.04.2023 / Автор anarkan_kg “АБУ-ДАБИ КЫРГЫЗ ИНВЕСТМЕНТ” ААКты ТҮЗҮЛДҮ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖО БАЙДЕН ЭКИНЧИ МӨӨНӨТКӨ АТ САЛЫШАТ
-
03.05.2023 / Автор anarkan_kg МЕКТЕПТЕР АРАЛЫК СПАРТАКИАДА ӨТҮҮДӨ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.