Аймак

Жеңиш Жоробеков деген ким?

 9,062 Бардыгы /

Жеңиш Жоробеков деген ким? Ар бир мамлекеттик кызматчынын таштаган кадамы эл көзүндө болсо, ал эми Ички иштер тармагында иштеген адамдардын ар бир таштаган кадамы эл сынында болот. Анткени, биз кубанычыбызды бул тармактын кызматкерлери менен бөлүшпөсөк дагы кайгы-муң азабыбызды, тагдырдын оор сыноолорун айтып, жакындарыбыздан кийин эле жардам сурар адамдарыбыз бул милиция кызматкерлери экендиги талашсыз. Ар бир адамдын жасаган ишине көз жүгүртүп, анын ким экенин калыс сөздүү элдин тараза ташы аныктайт дегендей, бүгүн Жалал-Абад областынын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Жеңиш Жоробековду генералдардын көзү менен карап жана бул мырзабыз иштеп кеткен, иштеп жаткан аймактын жергиликтүү тургундарынын сөзү менен тараза ташына салып көрдүк.

Мелис Турганбаев, милициянын генерал-майору, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси: “Сөз кылып жатышабы, демек иштеп жатат”
Жеңиш Жоробеков деген ким?

– Жакшы эле иштеп жатат. Ал жөнөнүндө кандайдыр бир пикирлер жаралып жатабы, демек иштеп жатат. Анткени, иштеген кишилер жөнүндө гана өйдө-төмөн кептер жүрүшү мүмкүн. Иштебеген киши жөнүндө кимдир бирөө сөз кылмак беле? Өз кызматымды так аткарам деп жатып бирөөгө жаман көрүнүшүң, бирөөгө жакшы көрүнүшүң мүмкүн. Анан өчөшкөндөр чыгат. Мына менин деле душманым көп. Ошол сыңарындай, анын деле душмандары бар. Анткени, биз ушундай оор кырдаалдарда, оор кылмыштардын башын ачканга далаалат кылып келебиз. Кээ бир адамдар, Жеңишти көбүнчө Петровка окуясы боюнча айыптоого аракет кылып жүрүшөт. Эми мындай мүшкүл ар бир эле жетекчинин башынан түшүшү мүмкүн. Ооба, туура ал жерде ушундай ыплас нерсе болуп кетти. Бирок, күнөөлүлөр кармалды, камалды. А бул баланын күнөөсү кайсы? Бул нерсени саясатка айландыруунун деле кереги жок го деп ойлойм. Иштеген киши сөзсүз кандайдыр бир жаңылыштыктарга, кандайдыр бир мүчүлүштүктөргө жол бериши мүмкүн. Иштебей унчукпай отурган адам гана жаңылбайт! Анткени, ал ага да макул, тигиге да макул болуп эч кимге жаман көрүнүп, жек көрүндү болбойт. Анан калса, бул жигит менин жетекчилигимдин алдында иштеп кеткен. Тогуз-Торо районунда иштеп жүрдү. Жаман эмес жакшы иштеди. Мен бул жигит боюнча эч кандай терс пикир айта албайм. Анткени, анын жасаган жумуштары мактоого арзырлык.

Кубатбек Байболов, милициянын генерал-лейтенанты: “Анда чиновниктердин баары жумушсуз калмак
Жеңиш Жоробеков деген ким?

– Жеңиш Жоробековдун мен өз кесибин мыкты билген адис деп билем. Ал илимдин кандидаты, юристтердин үй-бүлөсүндө тарбияланган жана ошондой эле чет тилин мыкты билет. Мындай адистерди Петровка окуясы үчүн өмүр бою күнөөлөп кызматка жакындатпай коюууга болбойт. Эгерде, өлкөдө кетирген катачылыгы үчүн кызматка жолотпоо пайда болсо, анда чиновниктердин баары жумушсуз калышмак.

Токон Исмадияров, Жалал-Абад шаарынын тургуну: “Мындай жигиттер саналуу”

-Түштүк жергебизде болгон 2010-жылдагы кан күйгөн каргашалуу окуяны кимдер гана билбейт. Ошол кезде элүү адамдан турган милициянын эски кызматкерлери бир команда ачып, эл менен кошо жүргөндүктөн, бул аймактагы болуп өткөн кырдаалды мен аябай жакшы билем. Мына ошол кандуу ааламатта өздүк курамы менен жандарын ооздоруна тиштеп, жылына үч ай гана ачылуучу Сары-Кырка ашуусун жөө жалаңдап, кар малтап ашып келгени эле бул жигиттин өлкөсү үчүн өрт кечкенден кайра тартпаган, мекенчил, чыныгы патриот экенин далилдеп турат. Бул тарыхта сейрек кездешүүчү окуялардын бири. Анан дагы мен бир нерсени баса белгилеп айткым келет, ал убакта Сузакка бир дагы милиция, бир дагы армия кире албай турган, катаал мезгил болчу. Мына ошондо биринчилерден болуп ушул жигит кирип, бир дагы ок атылбай эл менен сүйлөшүүлөр жүрүп, жаңжалы жок чечилген. Бүгүн бизде Жалал-Абад калаасында чындыгында
саясий абал оор. Анча-мынча адам бул жерге азыр, бүгүн жетекчи болуп келбейт. Ал эми эң жакшы саамалыгы деп эл менен милиция бөлүнбөй эриш-аркак болуп иштегенге араккеттер болуп жатат. Мындай жигиттер милицияда да эсептелүү деп айтаар
элем.
Тагайбек уулу Дамир, Тогуз-Торо райондук депутаттардын кошмо жыйынынын төрагасы: “Тогуз-Торо районунун калкынын 99% ишенет”

-Жеңишбек Мамаюнусович Тогуз-Торо райондук милиция бөлүмүнүн жетекчи болуп баргандан бери жакшы билем десем болот. Үч жылдан ашуун чогуу- чаран бир жерде иштедик. Терс сапаттарын, же терс жактарын көргөн жокмун. Чынын айтыш керек, Жеңишбек Мамаюнусович бул кызматты аркалаганга чейин биздин райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери ал жерде иштеген кызматкерлерди “түндүк-түштүк” деп бөлүүдө деп, алты-жети айдан бир топ жетекчилер алмашылган. Бул адамдын келиши менен бул маселе өзүнөн-өзү чечилди. Мыкты жетекчи экенин өз карамагында иштеген кызматкерлерге болгон камкордугунан деле билсек болот. Мисалы, батирге муктаж кызматкерлерге өзү чуркап, акимдерге өз талабын коюп жүрүп батир менен камсыз кылды. Тогуз-Торо районунда кырк-элүү жылдан бери курулбай жаткан райнондук ички иштер башкармалыгынын имаратын борбор калаабыздагы көз тайгылткан имараттардан кем кылбай, өзү чуркап жүрүп куруп берди. Ошондой эле биздин район алтын кени чыккан жер. Алтын чыккан жерде кылмыштуулук да, криминал да көп болот. Райондогу кылмыштуулуктун санын азайткан жетекчилердин бири ушул бала болгонун биздин тургундардын эч кимиси танбайт. Бул жигитти кандай кызматка койбо, өз ишин мыкты аткара алат деп так кесе айта алам. Анткени, Женишбек Мамаюнусовичтин колу эле эмес жан дүйнөсү, пейили таза. Колдун кирин жууп койсоң кетет да, а жан дүйнө, пейил тазалыгы бул ата каны, эне сүтү менен берилет да. Тогуз-Торо районунда жашаган калктын 99%нын бул жигитке болгон ыраазычылыгы күч. Бул жигитте анча-мынча адамдар эңсеп, жетпей жүргөн мактана турган жакшы сапаттар көп. Биз кыргыз эли мындай жигиттерге муктажбыз! Мен айтаар элем, бул жигит кыргыздын мекенчил, кыргызга сап боло турган жигиттери экөө болсо, анда ошонун бири. Эгер бирөө болсо, анда ошол жигит ушул – Жеңиш.

Өмүрбек Кутуев, генерал, экс-ИИМ министри: “Үй-бүлөлүк династиянын улантуучусу”
Жеңиш Жоробеков деген ким?
– Мен ал жигит тууралуу жакшы гана пикирлерди угуп келатам. Ички иштер жаатына мен прокуратурага которулуп кеткенден кийин келгендиктен, мен бул баланы жакындан билбейм. Бирок, бул тармакта көптөн бери иштеген адам катары бул чөйрөдө өсүп келе жаткан жаш кадрларга көз кырымды салып келгендиктен, анын тажыйырбалуу, өз ишин мыкты билген билимдүү адис экенин билем. Уккандарыма караганда, үй-бүлөлүк династиядан чыккан дешет. Анткени, атасы да, эжеси да ички иштер кызматкерлери экен. Мындайча айтканда тарбиялуу жердин,
татыктуу уулу.

Зарылбек Рысалиев, генерал: “Тааныбайм”
Жеңиш Жоробеков деген ким?

Мен бул жигитти тааныбайм. Ошондуктан кандайдыр бир пикир айта албайм!

Асылбек Ибраимов, Москва айылынын тургуну, Петровка окуясынын катышуучусу:

-Мен өзүм күбө болгон бир гана нерсени айта алам, Петровка айлындагы жаңжалдын чыгуусуна себепчи болгон курд улутундагы адамдардын үйлөрүн өрттөйбүз дешип, чамынып келген жаш жигиттерге, “Балдар, өрттөбөгүлө. Бул үйлөр эртеңки күндө кимдир бирөөлөргө керек болот. Биз жашабасак да башка бирөөлөр жашайт. Өрттөбөгүлө. Кан төгүүгө жол бербейли, күнөөлүүлөр мыйзам негизинде жооп берет. Өрттөбөгүлө”- деп өрттөлүп жаткан үйлөрдүн терезелерин сындырып кирип, өзү алгачкылардан болуп өрт өчүрүп, башкаларга да үлгү болгон. Чын эле ошол кезде ачууга алдырып, баарына даяр турган кыргыз жигиттерин сабырга чакырып, чын-чынын айтканда Жеңиш Мамаюнусович бизден, акылга салып иш кылууларыбызды өтүнүп, бир топ каргашалардан сактап калгандыгы менен Москва районунун жаштарынын эсинде калды. Дагы бир нерсени баса белгилеп айткым келет, бул адам, өзүнө жардам сурап кайрылган адамдардын сөзүн эч убакта
эки кылбайт.

Автору Шаакыргыз Кыдыршаев

Булак: “Учур”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17